Дүйнөдөгү эң кымбат алмаз 63 млн долларга сатылды

Сүрөттүн булагы, Getty
Published
Канадалык Lucara Diamond Corporation тоо-кен компаниясы абдан чоң алмазды 63 млн долларга сатты.
Бул кайра иштетилбеген баалуу ташты сатуудагы эң жогорку баа болуп калды.
Андан сырткары, компания ташты кайра иштетүүдөгү ар бир эмгеги үчүн 10% киреше алат.
Алмаз былтыр Lucara Diamond компаниясы тарабынан Ботсванадан казылып алынган. Аны салмагы 813 каратты түзөт.
Канадалык компаниянын мүчөлөрү кабарлагандай, ушул эле аймактан табылган, мындан да чоң алмаз июль айында сатылмакчы.




























