“Далысын снаряд алып кеткен”. Украинада курман болгон кыргыздын чоо-жайы
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Украинада болуп жаткан согушта 52 жаштагы Ж.Э.С. аттуу теги кыргызстандык курман болгону аныкталды.
Ал Орусиянын абагынан быйыл жайында согушка азгырылган. Документте, 30-ноябрь күнү, Лугансктын Кременная шаарында өлгөндүгү жазылып турат.
Сөөгү Оренбург шаарындагы мусулмандар аллеясына коюлду. Учурда артында калган жалгыз уулу Орусия өкмөтүнөн компенсация алуу аракетин көрүп жатат.
“Бир далысын снаряд алып кеткен”

Токмоктун айылдарынын биринде 1971-жылы туулган Ж.Э.С., мындан 20 жыл мурун Орусияга мигрант болуп кеткен. Оренбургда маршрутка айдап, таксист болуп иштечү. Кийин Орусиянын жарандыгын алган.
2013-жылы Казакстандын аймагында баңгизат ташууга айыпталып, Актөбе шаарында соттолгон. Кийин Орусияга экстрадиция болуп, жазасын Оренбург облусуна караштуу Новотроицк шаарында №9 абагында өтөп жаткан. Согушка ушу жылдын жай айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен кеткени божомолдонууда. “Себеби, бул маалымат азыр дагы такталып жатат”,- деди Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Урмат Жамгырчиев.

“Компенсация сөзсүз төлөнүп берилиши керек. Себеби, бул мыйзамда жазылган. Бирок, тилекке каршы тийиштүү документтерди, келишимин колго ала албай жатабыз. Кандай келишимге кол койгону азырынча белгисиз. Мурун абакта отургандар ЧВК “Вагнер” менен келишим түзүшчү. Кийин алар жоюлуп кетти. Ошондон киийн бардык келишимдер Коргоо министрлигине өтүп кеткен өңдүү. Азыр ушуларды анализдеп, тактоо иштери жүрүп жатат”,- деп кошумчалады диаспора жетекчиси.
Оренбург облусу боюнча согушка кетип, курман болгон теги кыргызстандык каттала элек эле. Анын артында бир уулу жана карындашы калды. Алар Кыргызстандан келип, сөөгүн Оренбургга коюшту. Сөөктү "Жүк-200" менен алып кетүүгө шарттын жоктугу себеп болду дешет.
Учурда Орусия өкмөтүнөн компенсация алуу аракеттери жүрүп жатат. Бул үчүн бир катар документтер топтолууда. Орусиянын мыйзамына ылайык, Украинадагы согушка абактан ары кеткендерге беш млн рублга чейин каражат төлөнүп берилет.
Анын курман болгондугун тастыктоочу документте, эмнеден өлгөнү так жазылган эмес. Бирок, сөөк жууганы кирген диаспора жетекчисинин айтымында, денесине снаряд тийип, бир далысын алып кеткен.

Абактан согушка азгырылгандар

Учурда Орусиянын абактарында болжол менен Кыргызстандын миңден ашуун жарандары отурат. Жыл сайын жүзгө чукулу Кыргызстандын абактарына которулуп келет. Экстрадициялоо оор жана каражат талап кылчу процесс. Ошол себептен балдары абакта жаткан кыргызстандыктардын ата-энелери жыл сайын президентке, бийликтегилерге кайрылып, экстрадиция маселесин жеңилдетүүнү өтүнүп келишет.
2022-жылдын сентябрь айларынан тарта “Вагнер” жеке аскердик компаниясы абактарды кыдырып, эркиндик, акча убада кылуу менен айгышкан салгылашка азгырганы маалым боло баштаган. Андан көп өтпөй курман болгон кыргызстандыктардын аттары чыга баштады. Алардын көбү Бахмутта айгышкан салгылашта мүрт кетишкен.

Сүрөттүн булагы, Evgeniy Prigojin
Ушул жылдын жай мезгилинде “Вагнердин” жетекчиси Евгений Пригожин орус бийлигине каршы бунт чыгаргандан кийин, компаниянын иши токтотулуп, аларга Белорусия баш паанек берери айтылган. Алардын ичинде канча кыргызстандык бар экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.
Августта Пригожин учкан самолет кырсыкка учурап, ал өлдү дегенден киийн вагнерчилер кайда экени азыркыга дейре так белгисиз.
Андан башка, мигранттарды Орусиянын Коргоо министрлиги астындагы “Редут” жеке менчик компаниясы түрдүү жарнамалар менен согушка үндөп келе жатканы айтылат.
Бул боюнча Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев орус бийлигине кайрылышканын айткан:

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg
“2022-жылдын башында ошондой маалыматтар болгон. Биз Орусиянын бийлигине түз кайрылып, "биздин жарандарга чакыруу кылбагыла" деп айтканбыз. Биздин консулдар миңден ашуун түрмөнү кыдырып, маалымат алды. Ал жакта кармалып тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким согушка барса, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Украинадагы согушка Кыргызстандын канча жараны кеткени боюнча так маалымат жок. Биз деле факты болгондо гана билип жатабыз. Анткени алар жашыруун кол коюп, жашыруун кетип жатышат".
Орусияда согушка катышып, Кыргызстанга келген соң кылмыш жоопкерчилигне тартылгандар дагы бар.
Би-Би-Синин орус кызматы эки жылга чукул созулуп жаткан бул согушка Борбор Азиядан жүзгө жакын жаран тартылганын ачыктаган.
































