Давос экономикалык форуму: чарпылган өлкөлөр, чачыраган дүйнө

Британдык миллионер Фил Уайт формундун астында пикетке чыгып, байлар көбүрөөк салык төлөшү керек деп чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британдык миллионер Фил Уайт формундун астында пикетке чыгып, байлар көбүрөөк салык төлөшү керек деп чыкты
Published

16-январда башталган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун (БЭФ) 53-сессиясы өтүп жатат. Насили өкмөттүк эмес уюм, кирешеси 5 миллиард доллардан ашкан 1000 трансулуттук компаниялар тарабынан каржыланат.

Швейцариянын Давос шаарында ар жылы өткөндүктөн ушул ысым менен белгилүү форум. 1971-жылы Европа мамлекеттеринин ыктыярдуу экономикалык шеринеси катары уюшулгандыктан, 1987-жылга чейин Европалык менеджмент форуму аталып келген, эми дүйнөлүк статуска ээ (World Economic Forum). Кай бир учурда мамлекет башчылары, глобалдык уюмдардын жетекчилери катышкандыктан экономикалык саммит деп да аталат.

Саясатчылардын, окумуштуулардын, журналисттердин талылуу маселер боюнча дискуссиясы үчүн абройлуу трибуна. Бирок ким каалаган катыша албайт, чакырылгандар гана барууга акылуу. Адатта чакырылбай калган көпчүлүк форумду чириген байлардын, финансистердин жабык клубу, оокаттуу журналисттердин эрмеги деп сындап келет. Таасири жок, баркы төмөн болсо бул ирет чакырылбай калган миллиардерлер неге буркулдап, таарынып отурат.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин маалыматы боюнча Илон Масктын “кызыгы жок жыйынга барбай койдум” деген билдирүүсүн форумдун штаб-квартирасы дароо четке кагып, “биз аны чакырган да эмеспиз” деп жооп кайтарган.

Давоско багытталган сын катышкандардын курамы менен чектелбейт. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун докладдары да керкакшыктын бутасына алынат. Маселен, Бириккен Улуттар Уюмунун 60 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум (БЭФ) жакырчылыкты жоюу боюнча мамлекет менен бизнестин өнөктөштүгү тууралуу докладын жарыялап, кедейчиликти кыскартуу тууралуу сонун максаттар белгиленген. Бирок, жакырчылыкты азайтуу боюнча өңчөй байлар чогулган форумдагы жарыяланган максаттар менен реалдуулуктун ортосунда ажырым эбегейсиз. 2020-жылдан бери дүйнө калкынын 1 % элдин калган бөлүгүнө караганда эки эсе байыган.

Украинанын президенти формуга онлайн катышты. Мындан сырткары БЭФке барган "биринчи айым" Елена Зеленская Кытайдын вице-премьери Лю Хэге согушту токтотуу боюнча сунуштарды берип, катты Си Цзиньпинге жеткирүүнү өтүндү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын президенти формуга онлайн катышты. Мындан сырткары БЭФке барган "биринчи айым" Елена Зеленская Кытайдын вице-премьери Лю Хэге согушту токтотуу боюнча сунуштарды берип, катты Си Цзиньпинге жеткирүүнү өтүндү

Пандемиялык эки жылдын ичинде байлар кирешесин 26 триллион долларга көбөйтсө, калктын калган 99 пайызы 16 триллион долларга эптеп оокат кылган. Планетадагы байлыктын 90 пайызына ээлик кылган бир ууч топ жарыялаган максаттар менен чыныгы турмуштун ортосундагы мындай диссонанс жалгыз эмес, тилекке каршы.

Украинадагы согуш азык-түлүккө ансыз деле оор каатчылыкты ого бетер күчөттү. Россия-Украина куралдуу жаңжалынын натыйжасында дан кризиси курчуду. Анткени Украинанын порттору согуш аракеттери башталганда буулуп, Украинада өндүрүлгөн буудай (дүйнөдөдөгү дандын 15%) , май жана башка азыктарды тышка чыгаруу токтогон. 2022-жылы июнда Стамбулда Бириккен Улуттур Уюмунун кепилдиги менен Россия, Түркия жана Украина “Дан келишимин” түзөт. Келишимге ылайык Түркия негизги логистикалык борбор милдетин аткарып, анын порттору аркылуу Украинадан чыккан буудай муктаж өлкөлөргө жеткирилмек.

БУУ “дан келишими” азык-түлүк каатчылыгын жеңилдетип, тартыштыкты баштан кечирип жаткан эң жакыр өлкөлөргө буудай жеткирилет, ачарчылыкка жол берилбейт деп билдирген. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш декабрда Украинадан экспорттолгон буудайдын көбү, тактап айтканда 380 миң тонна буудай Афганистан, Эфиопия, Сомали жана Йемен сыяктуу Африка өлкөлөрүнө жиберилгенин билдирген. Бирок андай болгону күмөн экен, көрсө. Украинадан Кара деңиз аркылуу Африкага жибериле турган буудайдын теңи Европага жеткирилиптир. 1-августтан тартып 25-декабрга чейин Украинанын портторунан буудай, май жана башка азык ташыган 585 кеме чыккан. Баардыгы 15 миллион 80 миң тонна азык-түлүк муктаж аймактарга жиберилмек болсо, анын 12% Африкага, 29% Азияга, 44% Европага кеткенин Туркиянын транспорт министри Адиль Караисмаилоглу билдирген.

Бириккен Улуттар Уюму 1995-жылы демилгелеген жана 2003-жылга чейин уланган “Нефтинин ордуна азык-түлүк” программасы да бир кезде коррупциялык жол менен ишке ашып, нефтедолларлардын бир кыйласы (программанын алкагында Ирак нефтиси 65 миллиард долларга тышка сатылган) чакан топтун калтасына түшүп, арналуу оокат өз дарегине – ачка калкка жетпей калганы кийин эл аралык иликтөөлөрдө маалым болду. Ачарчылыкка тушуккан калктын ырыскысы орто жолдон эл аралык масштабда өөнөлүп, чыныгы муктаждардын дарегине жете бербесин ушул эки эпизод каңкуулап турат.

Ирак, 2003-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирак, 2003-жыл

Аныгында Давос форуму глобалдык жана регионалдык масштабдагы, экономикадан тартып, саламаттык сактоо, климатты сактоо, жакырчылыкты азайтуу сыяктуу орчундуу маселелерди талкуулаган, өкмөттөргө жана эл аралык уюмдарга, саясий жана жана финансылык институттарга сунуштарды берген демилгелүү шерине.

Жыйын куруп тим болбойт, туруктуу институттары, эрежелери жана шарттары, кабыл алган чечимдери бар. Ар жылы экономикалык жана саясий изилдөөлөрдү жүргүзөт, “Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк” сыяктуу докладдарын, тигил же бул маселеге же аймакка арналган изилдөөлөрүн жарыялайт. Канчалык сынга кабылбасын, сындагандар да, тоготпогондор да эсептеше турган, бизге окшошогон азырынча экономикасы алсыз өлкөлөр ыгын таап кызматташа турган таасирдүү уюм, абройлуу шерине. Давос форуму глоабалдык оюнчулардын штабы, миллиарддаган инвестициялар талкууланат, стратегиялар белгиленет, багыттар аныкталат.

Каңтар айындагы бул жолку Давостогу шериненин бир топ өзгөчөлүктөрү бар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчиден, бул жолку глобалдык эсептелинген экономикалык шерине эки жылдык илдеттүү тыныгуудан кийин өтүп жатат.

Экинчиден, Европадагы согуштун фонундагы биринчи форум. Форумдун маанайына кырдаалдын таасири тийбей койгон жок.

Үчүнчүдөн, бул ирет Россиянын саясий жана экономикалык элитасы орус-украин согушуна байланыштуу чакырылбады. Россия Федерациясы Давос форумунун туруктуу катышуусу болуп, орус олигархтары дайыма чакырылчу. Давостун көркүн ачкан экстраваганттуу орус миллиардерлери да байкалбады. Орус эле эмес, Сорос сыяктуу бир топ байлар келбептир.

Байлар келет, келбейт, өз иши деңизчи, бирок орус басылмалары кадимкидей чуулдап, “мына тигилер келген жок, булар тоготподу, демек кусаматчыл капиталисттердин жабык клубу эми жараксыз, адамзатка пайдасыз байлардын Россияга каршы кутум ордосуна жана кезектеги оюн-зоогуна биротоло айланды” деп добулбас кагып туру. Мындай сындын жүйөсү бар. Экономикалык фрагментация күчөп, кризис дагы улана турганын форумда сөз болду. Санкциялык саясат жана соода кармаштары, чектөөлөр кризисти курчутат деп белгиледи Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристалина Георгиева. Эми күчөгөн кризисти, энергетикалык каатчылыкты жана азык түлүккө болгон тартыштыкты дүйнөдөгү жаратылыш газы менен нефтинин 20 пайызына ээ, азык-түлүктүн эң ири экспортёру болгон Россиясыз кантип талкуулого болот дешет аналитиктер.

Форум учурунда Украинанын Бровары шаарында тик учак кулап, кеминде 18 адам набыт кеткени белгилүү болду - алардын арасында Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский да бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Форум учурунда Украинанын Бровары шаарында тик учак кулап, кеминде 18 адам набыт кеткени белгилүү болду - алардын арасында Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский да бар

Төртүнчүдөн, форумдун тарыхында биринчи ирет конфронтациялык тезистер күн тартибине чыгып, оппортунисттик риторикага жол берилди. Дүйнөнү жаңы экономикалык конфликттер, соода согуштары күтуп турат. Айрым мамлекеттер изоляциянын жана конфронтациянын жолуна түштү, мындай жол менен туңгуюкка кептелебиз деп эскертишти Европа саясатчылары ушул форумда.

Форумдун башкы темасы “Ыдыраган дүйнөдө кызматташтык” деп аталат. Тема реалдуулукту чагылдырат – чачыраган дүйнө, чарпылган өлкөлөр, чарчаган адамзат. Дүйнөдө саясий, идеологиялык, социалдык, маданий ажырым тереңдеди, карама-каршылыктар курчуду. Эми ушул ажырымды, экономикалык фрагментацияны, регионалдык тирешүүнү жоюу боюнча талкууга арналган экономикалык форумда экономикалык кызматташтык эмес, санкцияларды күчөтүү маселелери талкууланды.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Шериктештигинин санкциялары Россиянын экономикасын он жылдап рецессияга чүмкөй турганына ишенимин билдирди. Еврокомиссариаттын өкүлдөрү Европанын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну приоритет деп эсептейт. Ал тургай февралдын башында Брюсселде өтө турган саммитте “Европада жасалган” стратегиясын ишке ашыруу, евроөнөржай башкы тема болоору жарыяланды. Ошентип ыдыроого каршы аракеттерге арналган талкуу айланып келип аймактык тирешүү риторикасына айланды. Фрагментация деп билерман экономисттер айтканга чейин эле Россияга каршы санкциялар, жакыр өлкөлөрдүн проблемалары дүйнөлүк экономикалык байланыштарды ыдыратып, интеграция кубаттуу мамлекеттер жана трансулуттук корпорациялардын пайдасына иштеп калганы белгилүү.

Урсула фон дер Ляйен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Урсула фон дер Ляйен

Бешинчиден, Давос экономикалык форумунда Украинага курал-жарактан жардам кылуу маселеси талкууланды. Албетте, күн тарибине бул маселе атайы расмий белгиленбегени менен, катышкан саясатчылар менен ишкерлер бул теманы кыйгап өткөн жок. насили экономикалык, кийин гуманитардык темалар менен байыган шеринеде согуш темасынын курал-жарактын биринчи планга чыгып отурушу кооптуу реалдуулук. Батыш дипломатиясынын патриархы Генри Киссинждер да ушул шеринеде санкцияларды улантуу керек, Украинаны НАТОго кабыл алуу абзел маанисинде кеп курду.

“Кошмо Штаттар Украинанын каршылыгын колдойт жана колдоосун улантууга тийиш, керек болсо аскерий жардамын күчөтүүгө тийиш” деди. Бирок Киссинджер жана башкалар баары бир Россия менен тил табышуу, тынчтыкты орнотуу зарылчылыгын белгилегени канааттандырат. Согуш коркунучу улам бир өлкөнүн босогуна жакындап, айрым аймактарга баш багып, айрымдарынын айылынан кетпей туру.

Улуу ойчул, акылман жазуучу Чыңгыз Айтматов Брюсселде иштеп турган кезинде жазган эссесинде миң жылдыкта адамзат туш болгон айрым маселелер тууралуу ой толгоп, бир нерсени өкүнүү менен белгилеген экен. Жарыктык киши “Каргашалуу согуш бизнеске эбак айланган тура, “куралданууга каршы күрөш” деген фраза унутта калып бараткан бейм, сайкүлүк саясатчылардын, ал тургай мен пацифистмин деген акылгөйлөрдүн оозунан мындай кеп соңку мезгилде чыкпай калды. Курал-жарак канчалык сатылса, ошончо көп өндүрүлмөгү кооптуу” деп тынчсызданган экен (Ч. Айтматов. Собрание сочинений в 7 т. -М, 1998, с. 246).

Канеткен күндө да Давос форуму жоопкер саясатчылар жана интеллектуалдар катышкан шерине катары адамзат алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга арналган деп ишенели.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер