Украинада тик учак бала бакчанын жанына кулап, ички иштер министри курман болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинада Киев областындагы Бровары шаарында тик учак кырсыктап, бала бакчанын жанына кулап, кеминде он сегиз адам, анын ичинде ички иштер министри, орун басары жана мамлекеттик катчы курман болду. Президент Зеленский курман болгон ички иштер министри менен анын кесиптештерин Украинанын чыныгы мекенчил уулдары деп атады, ал эми премьер-министр Денис Шмыгаль бул чоң жоготуу деп айтты. Кырсыктын себеби айтыла элек.
Би-Би-Си кабарчысы Дэнни Эберхард жиберген кабарга караганда, Денис Монастырский согуш башталгандан бери Украинада курман болгон эң чоң кызмат адамы. Билими боюнча юрист, болгону он сегиз ай ички иштер министри болуп иштеди.
Ал бул кызматка салыштырмалуу алганда жашыраак эле кезинде, 41 жашында Зеленскийдин партиясынан депутат болгон убагында дайындалды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Россиянын февралда кол салышы анын ролун өзгөрттү. Ички иштер министрлиги полиция менен авариялык куткаруу иштерин гана карабай, ошондой эле согушка активдүү катышып жаткан улуттук гвардияны жана чек ара кызматын да башкарды.
Украина президентинин өкүлүнүн айтымында, анын тик учагы согуш жүрүп жаткан зонага бараткан жолдо кулады. Анын күтүүсүз өлүмү согуш убагындагы өкмөттө чоң жоготуу, анын ордун Зеленский тез арада толукташы керек. (КС)




























