Путиндин атаандашын БШК талапкер кылып каттабай койду

Борис Надеждин БШКнын чечимин негизсиз деп талашууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Надеждин БШКнын чечимин негизсиз деп талашууда
Published

Россиянын борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин арызын карап чыгып, Путиндин согушка каршы чыккан атаандашы Борис Надеждинди талапкер катары каттоодон баш тартты.

Бул кабарды Надеждиндин өзү социалдык тармактан таратты. Ал Путиндин Украинада баштаган согушуна сынчыл көз карашта экенин ачык эле айтып жаткан болчу.

БШК анын топтогон колдорунун ичинде 15% ашыгы жараксыз деген негизде талапкер катары колдоодон баш тартты.

Надеждин шайлоо комиссиясынын чечимин негизсиз деп атады. Ал комиссиянын жыйынында 10-февралга чейин чечим чыгарбай турууну, ага чейин дагы текшерүүнү улантууну суранды. БШК төрайымы Элла Памфилова мөөнөттү узартууга көнгөн жок.

Ал Жогорку Сотко арыз берип, БШКнын чечимин өзгөртүүгө аракет көрмөкчү.

«Мен бүт Россия боюнча 200 миңден ашык кол топтодум. Бул ишти ачык-айкын жана таза жүргүздүк",-деди Надеждин.

Согушка каршы жалгыз талапкер

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, 60 жаштагы Надеждиндин шайлоо өнөктүгү өткөн жылы күзүндө башталган. Декабрдын аягында аны парламенттик эмес партия «Гражданская инициатива" (Жарандык демилге) талапкер кылып көрсөткөн. БШК ага кол топтоого уруксат берген.

90-жылдардын аягында Надеждин 2015-жылы киши колдуу болуп өлгөн Борис Немцовдун кеңешчиси болуп иштеген. Андан кийин Россиянын ички саясатынын азыркы куратору, Россия президентинин администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенконун кеңешчиси болгон. Ал убакта Кириенко премьер-министр кызматында болчу.

Немцов жана Кириенко менен бирге Надеждин «Союз правых сил» либералдык партиясында жетекчи кызматтарда көп убакыт иштеди.

2000-жылдардын башында ал бул партиядан Мамдумага депутат болуп шайланып, бир гана мөөнөт турду.

Бул партия тарап кеткенде ал партияга лоялдуу болгон «Правое дело» партиясында иштеди.

Надеждиндин 2010-жылдардагы ишмердиги анын сынчыларында көп көтөрүлгөн маселе.

2012-жылы ал «Справедливая Россиянын» лидери Сергей Мироновдун ишенимдүү өкүлү болгон.

2015-жылы «Единая Россиянын» праймеризине катышып, бир мандаттуу округдан Мамдумага талапкерлигин көрсөтүүгө аракет кылып, бирок муз бийчиси Ирина Роднинага уттуруп койду.

Андан кийин Долгопрудный шаар округунун депутаттар кеңешине Кремлге лоялдуу «Справедливая Россиядан» шайланып, азыркы учурда иштеп жаткан убагы. (КС)