“Суровикин линиясын” жарып өтүүнүн айла-амалы

Сүрөттүн булагы, getty
Украинанын түштүгүндөгү орусиянын Суровикин линиясы буга чейинки Экинчи дүйнөлүк согуштун эң ири инженердик коргонуу курулуштары менен салыштырылууда.
Узак аралыкка созулган мина талаалары, "ажыдаардын тиштери", "түлкү ийиндери", танкка каршы казылган аңдар жана бир нече бекемделген траншеялар - мунун баары украинанын жана батыштын аскерий байкоочуларына Мажино линиясын, Маннергейм линиясын же Зигфрид линиясын эске салууда.
Бир убакта ал линиялар кебелбес чеп катары эсептелчү, бирок акырында үчөө тең аскерлерге жеңилип берген.
Суровикин линиясы деген эмне жана аны кантип жеңсе болот?
Суровикин линиясы
Америкалык стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору "Украинадагы орус коргонуу чептери Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири коргонуу курулуштары" деп белгилейт.
Орустар аларды 2022-жылдын октябрында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Харьков жана Херсон облустарындагы ийгиликтүү контр чабуулунан кийин кура башташкан.
Натыйжада алар Украинанын түштүгүндө жүздөгөн километрге созулган коргонуу зонасын түзө алышты.

"Орустар түштүк багытындагы инженердик жана бекемдөөчү жабдууларга абдан тыкыр мамиле кылышкан", - деп эскерткен Антон Муравейник, "Вернись живым" фондунун аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, ушул жылдын май айында.
“Бул көп компоненттүү коргонуу линиясы танкка каршы чоң аңдан турат, ал аңдан бронетехника менен өтө албайсың. Андан кийин төрт-беш катар бетондон жасалган "ажыдаар тиштери" деген тилке бар. Ал эми мунун ортосунда миналанган тосмолор бар. Ошондон кийин гана траншеялардын жана окоптордун линиясы келет”, - деп сүрөттөп берген ал “Фронт поплава” подкастынын эфиринде.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бекемделген (кээде бетон менен) траншеялардын негизги линиясынын алдында тургандын баары “коргонуунун алдыңкы тилкеси” деп аталат. Ал украин күчтөрүнүн алга жылышын кечеңдетиши керек. Минага шыкалган "алдыңкы тилкелер" - коргонуунун негизги линиясына жеткенге чейин басып өтө турган эбегейсиз чоң аймактар.
Ошол аймактарда да орус позициялары бар, бирок алар "түлкү ийиндери" сыяктуу - кичинекей траншеялар жана блиндаждар системасы.
"Бул “түлкү ийиндери” жана аскерлер үчүн чакан баш калкалоочу жайлар кийин бүт айылды курчап ала турган, бутактаган траншеяларга айланат", - деди Defence Express компаниясынын аскердик талдоочусу Иван Киричевский Би-Би-Си Украин кызматына.
Карталарда орустар, мисалы, Украина күчтөрүнүн чабуулунун стратегиялык багытына кирген Очеретоватое айылын жана Токмак шаарын казып кирип алышканы көрсөтүлгөн.
Аба чалгынчысы Александр Солонко ушундай шартта кандай чабуул жасоо керектиги жөнүндө төмөнкүчө жазган: “Талаа, аңыз, бак дарактар. Майда адырлар жана жарлар, айылдар, майда дарыялар. Мина талаалары. Брондолгон чабуул тобу, эвакуациялоо тобу, абадан чалгындоо тобу же жөө аскерлердин чалгындоо тобу болобу, кимиси болбосун - кыймылдаганы алыстан көрүнүп турат. Душман кездешүүгө көптөн бери даярданган.”

Сүрөттүн булагы, АЛЕКСАНДР СОЛОНЬКО
Ыңгайлуу позицияны алууга жолдор жана жерлер чектелүү - "тигил же бул бак-дарактын арасына ок чыгарсаң сөзсүн бир бутага тийет".
“Сөз жөн гана траншеялар тууралу болуп жаткан жок — бул жерде траншеялардын, блиндаждардын бүтүндөй системасы, кээ бир жерлерде чыныгы туннелдер бар», — деп белгилейт авиациялык чалгындоочу офицер.
Анын айтымында, ар бир окопто куралдын ар кандай түрү: автоматтык гранатометтор, оор пулемёттор, танкка каршы ракеталык комплекстер үчүн позициялар даярдалган. Ал эми бак-дарактын айланасындагы талаалар кадимки танкка каршы миналардан баштап, "жөө аскерлерди күтүп жаткан өзгөчө миналарга чейин," ар кандай минанын түрүнө толтурулган.
“Биз кайрадан ээлеген аймактагы биздин позицияларыбыз миналар менен курчалган. Батышты көздөй жолдор ачылып, сапёрлор акырындык менен аймакты тазалап жатышат», - деп кошумчалайт авиачалгынчы.
Мунун бардыгына орус артиллериясы жана авиациясы кошулат: “Душмандын танкка каршы ракеталык бөлүктөрү өз позицияларынын алдындагы бак-дарактарга камераларды орнотуп коюшат. Ошентип, алар алдын ала буталарды (техниканын бардык түрлөрүн) көрө алышат, андан сон аткылай башташат. Алардын огу бутага тийген соң, артынан артиллерия аткылайт. Же алгач абадан сокку урулат, андан соң артиллерия аткылайт”.
Ушунун баарына карабастан, украин армиясы Работино кыштагынын аймагындагы "алдыңкы тилкеден" өтүп, орустардын биринчи коргонуу линиясын жарып чыгууга жетишкен.
Мурда коргонуу линияларын кандайча жарып өтүшкөн
Аскердик тарыхта Суровикин линиясынын айланасындагы кырдаал менен болжолдуу түрдө салыштырууга боло турган, күчтүү коргонуу линияларын жарып өтүүнүн бир нече учурлары бар.
Булар Финляндиянын Маннергейм линиясы, Франциянын Мажино линиясы жана Германиянын Зигфрид линиясы. Алардын бардыгы Экинчи дүйнөлүк согуштагы инженердик курулуштар.
Ал кезде немистердин “Атлантика тосмосу” жана Сталин менен Молотовдун советтик линиялары да бар болчу. Бирок, биринчиси океан жээгин коргоо үчүн түзүлгөн болсо, берки экөөн "Суровикиндин линиясы" менен шарттуу салыштырууга тыгыздыгы жетиштүү болгон эмес.
Маннергейм линиясы

Сүрөттүн булагы, WIKIMEDIA COMMONS
Бул советтик чек арадан анча алыс эмес жерде, Карел мойногундагы финдер тарабынан тургузулган коргонуу курулуштарынын тилкеси. Ал батышта Финляндия булуңунан чыгышта Ладога көлүнө чейин созулган, узундугу жүз отуз километрдей болгон.
Маннергейм линиясы 1920-1930-жылдары курулган. Финдердин пикири боюнча Советтер Союзу эртели-кеч кол салмак. Чындап эле 1939-жылы согуш болуп, ал тарыхка “Кышкы согуш” деген ат менен кирген.
Жалпысынан линия бир нече коргонуу бөлүктөрүнөн турган.
Адегенде тикенектүү зымдар, танкка каршы аңдар, жыгач жана бетондон жасалган кыска мамылар (дал ошол “ажыдаардын тиштери”) сыяктуу тоскоолдуктар коргонуунун башкы линиясынын “алдыңкы тилкесин” түзгөн.
Ошондой эле "алдыңкы тилкеде" финдер плотиналарды колдонушкан. Алар аймактарды суу бастыруу максатында душман чабуул койор алдында жардырылган. Сууну жука муз каптап, советтик техниканын алга жылышын кыйындаткан.
Кээ бир райондордо советтик аскерлер миналанган “алдыңкы тилкеден” өтүүгө бир нече жума коротушкан.
Андан кийин темир-бетон жана гранит ДОТтор (узак мөөнөттүү коргонуу пункттары), ДЗОТтор (жыгачтан жасалып жерге орнотулган коргонуу пункттары), траншеялар, блиндаждар жана пулемёттордун уяларынан турган коргонуунун негизги линиясы турган.
Финляндиялык коргонуу түзүмдөрүнүн арасында эң жаңы жана эң чоң жети бункер болгон, алардын баасы 1 миллион фин маркасынан ашкандыктан, алар "миллиондук" деп аталган.
Негизги коргонуу линиясынын артында дагы бир резервдик линия турган.
Маннергейм линиясынын бүт негизги тилкеси Карелия мойногунун татаал рельефин эске алуу менен курулган. ДОТтор жана ДЗОТтор бак-дарактар жана таштар менен жакшылап жашырылган, ошондуктан алар аз эле күчтөр менен корголчу.
Советтик чалгындоонун финдердин коргонуу түзүмдөрүнүн жайгашкан жери тууралуу такыр маалыматы болгон эмес же карталары ката болгон.
Ошондуктан Маннергейм линиясындагы биринчи түз чабуулдарда финдер советтик жөө аскерлерди көзгө көрүнбөгөн амбразуралардан туруп пулеметтук ок менен танктардан бөлүп салышкан, андан кийин 37 миллиметрлик Бофорс танкка каршы замбиректер жана Молотов коктейлдери менен бронетехниканы жок кылышкан.
1939-жылы декабрда Советтер Союзунун Маннергейм линиясын ыкчам бузуп өтүү аракети ийгиликсиз аяктап, оор жоготуулар менен коштолгон. Советтик армия 1940-жылдын февраль айында жаңы чабуулду баштаган. Бул чабуул да кандуу болгону менен, кыйла ийгиликтүү ишке ашкан.
Андагы тактика биринчи артиллериялык соккудан кийин чабуул аркылуу узак чалгындоо жүргүзүү жана негизги бетон ДОТторду аныктоо болгон. Андан кийин оор артиллерия ишке кирген: 152 мм замбиректер, 203 мм гаубицалар жана бетон теше турган снаряддар менен 280 мм минометтор.
Мындан тышкары, Кызыл Армия миномёт жана артиллериялык аткылоо менен финдердин жөө аскерлерин артка сүрүп, танктар колдогон чабуулчу топтор жардыргыч заттар менен бетон конструкцияларын талкалады.
Башында, орус аскерлери Маннергейм линиясын "Сум түйүнү" (Сумма-Хотинен чыңдалган аймагы) деп аталган аймактан жарып өтүп, андан соң финдерди резервдик позицияларына чегинүүгө аргасыз кылышкан.

Сүрөттүн булагы, WIKIMEDIA COMMONS
Жалпысынан алганда, Маннергейм линиясы Советтер Союзунун аскердик жана артиллериялык чоң артыкчылыгына карабастан, ошондой эле Финляндиянын танктары жана учактары дээрлик жок болгонуна карабастан, советтик аскерлердин Финляндияга тереңдеп киришин олуттуу түрдө токтоткон.
Бирок, финдер өздөрүнүн моралдык маанайын көтөрүш үчүн, Советтер Союзу болсо алешемдиктерин актоо үчүн — эки тарап тең Маннергеймдин линиясынын күчүн көбүртүп-жабыртып жиберген деген теория бар
Кийинчерээк бул тууралуу Карл Густав Маннергейм да өз мемуарларында, ошондой эле Сталиндин өнөктөшү Анастас Микоян да өз экерүүлөрүндө жазган.
Линия Мажино

Сүрөттүн булагы, WARFAREHISTORYNETWORK.COM
Франциянын коргонуу линиясы 1930-жылдары Германиянын чабуулун кайтаруу үчүн курулган.
Ал Франциянын чыгыш чек арасын бойлой түштүктө Италия жана Швейцариядан түндүктө Бельгияга чейин созулуп, жалпы узундугу миң километрден ашкан.
Бельгиялыктар Франция менен болгон союздан баш тартып, бейтараптуулугун жарыялагандан кийин линиянын Бельгиянын жанындагы бөлүгү акыркы болуп бүткөрүлгөн. Акчанын жетишсиздигинен жана саздуу рельефтен улам, "Мажино линиясынын бул уландысы" анча кубаттуу болгон эмес.
Линиянын өзү пулемёттор жана танкка каршы куралдар жайгашкан брондолгон мунаралары бар, шахмат тартиби менен курулган бетон чептерден турган. Ошондой эле чептердин ортосунда пулемёттордун казематтары жана жер астындагы заманбап инфраструктурасы болгон.

Сүрөттүн булагы, IMPERIAL WAR MUSEUMS
Чептердин линиясынын арт жагында жөө аскерлердин позициялары жана артиллерияны ташуу үчүн кууш темир жол даярдалган.
Гарнизон адистештирилген “чеп аскерлеринен” турган.
Мажино линиясынын максаты душмандын алга жылышын кечеңдетүү болгон.
Ал арада француз армиясынын калган бөлүгү даярданып, мобилизация жүрүшү керек болчу.
Бирок 1940-жылы май айында Бельгиядагы Арденн аркылуу Германия ыкчам жана ийгиликтүү чабуул жасаган. Немис чабуул күчтөрү Мажино линиясынын эң корголгон бөлүктөрүн айланып өтүп, алсызыраак жерине барышты.
Күчтүү артиллериянын жардамы менен немистер Ла-Ферте чакан чебинин аймагында француз коргонуусун бузуп өтүүгө жетишти жана Германиянын механизацияланган колонналары негизги Мажино линиясын арт жагынан айланып өтүп кетти.
Француз аскердик бөлүктөрү курчоодо калбоо үчүн артка чегине башташты, алсыраган чептер жөө аскерлердин жана артиллериянын колдоосунан айрылды.
Чептер тылдан жасалган чабуулду кайтарууга — башкача айтканда, ар тараптуу коргонууга ылайыктуу эмес экени билинди.
Немистердин штурмалоочу сапёр бөлүктөрү түтөтмө снаряддарынын астында чептерге жакындашып, жардыргыч заттарды коюшкан. Немис армиясынын карамагында ошондой эле чептерге каршы жакшы натыйжа көрсөткөн 88 мм зениттик курал жана бомбалоочу учактар болгон.
Ошентип, немистер Мажино линиясынын тилкелерин жана француз-герман чек арасын басып алышкан. Калган чептер кийинчерээк багынып беришкен же гарнизондору таштап качышкан.

Сүрөттүн булагы, WIKIMEDIA COMMONS
Мажино линиясынын негизги кемчилиги, ал Биринчи дүйнөлүк согуштагыдай "траншеялык коргонуу" үчүн курулган, ал эми немецтик механизацияланган топтордун тез аракеттери ыкчам маневрдик жоопторду талап кылган.
Зигфрид линиясы (Батыш тосмосу)

Сүрөттүн булагы, HISTORY.ARMY.MIL
Германиянын коргонуу линиясы 1930-жылдары өлкөнүн батыш чек араларында курулган. Ал түштүктө Швейцариядан түндүктө Нидерландияга чейин алты жүз отуз километрге созулган.
Зигфрид линиясы ошондой эле миналар, танкка каршы аңдар, тикенек зымдар, ар кандай бийиктиктеги бетон "ажыдаардын тиштеринин" линиялары жана танкка каршы шиштерди камтыган "алдыңкы тилкеден" турган.
Андан кийин ар кандай өлчөмдөгү жана тереңдиктеги бетон бункерлерден, брондолгон мунаралардан, бекемделген траншеялардан, артиллериялык капонирлерден жана жашыруун пулемёттордон турган эки коргонуу линиясы жайгашкан.
ДОТторду көбүнчө жарандык имараттар катары маскировка кылышып, рельефке окшоштуруп жасашкан (айрыкча токойлуу жерлерде).
Бул бункерлерде бири-бирин ок атуу менен коргоо үчүн жакшы ойлонуштурулган секторлор болгон жана телефон зымдары туташтырылган.

Сүрөттүн булагы, HISTORY.ARMY.MIL
Немистер коргонуу чептеринин эки линиясынын артында абадан коргонуу тилкесин да орнотушкан, андай нерсе Мажино линиясында болгон эмес.
Экинчи дүйнөлүк согуштун алгачкы айларында (эки тарап тең активдүү иш-аракеттерди жасабаган, “кызыктай согуш” деп аталган учур) британиялыктар менен француздар Зигфрид линиясына чоң күчтөр менен чабуул коюуга батынышкан эмес.
Ал эми кийинчерээк фронт Германиянын чек араларынан батышты көздөй жылып кетти, ошондуктан Зигфрид линиясынан курал-жарак жана техника алынды.
1944-жылы Нормандияга союздаштардын десанты түшкөндөн кийин жана алардын ийгиликтүү чабуулдарынан кийин, "Батыш тосмосу" шашылыш түрдө калыбына келтириле баштаган, бирок ал кезде Рейхтин ресурстары таңкыс эле.
Мындан тышкары, Зигфрид линиясы эскирген болчу жана 1940-жылдардагы жаңы танктарга туруштук бере ала турган замбиректерди орнотууга эсептелген эмес эле.
Союздаштар ийгиликтүү чалгындоо үчүн учактарды колдонушкан жана 1944-жылы октябрда Аахен шаарына жакын жердеги Зигфрид линиясынын биринчи тилкелерин жарып өтүшкөн. Кийинчерээк немистер Арденна аркылуу катуу контр чабуулга өтүп, союздаштардын кыймылын кечеңдеткен.
Союздаштар 1945-жылдын башында “Батыш тосмого” жаңыдан чабуул жасашкан.

Сүрөттүн булагы, WIKIMEDIA COMMONS
Танктарда, артиллерияда жана авиацияда артыкчылыкка ээ болгон союздаштар акырындык менен бүтүндөй Зигфрид линиясын жеңип өтө алышты.
Алар “ажыдаардын тиштерин” артиллерия менен ийгиликтүү жок кылышты, ал эми сапёрлордун жана инженердик мина тазалоочу унаалардын жардамы менен миналанган талаалардан тазалап өтүштү.
Немистердин бункерлери оор артиллерия жана бомбалар менен талкаланган.
Деморализацияланган немецтик гарнизондор жабдыксыз, запассыз жана артиллериянын жетишсиздигинен улам көпкө бара алышкан жок.

Сүрөттүн булагы, IMPERIAL WAR MUSEUMS
Ошол эле учурда союздаш күчтөр дагы “Батыш тосмосуна” жасалган чабуул учурунда он миңдеген жоокерлерин жоготушту.
Бирок коргонуунун узактыгын алганда, Зигфрид линиясы Мажино линиясына караганда кубаттуу болуп чыкты.
Суровикин линиясын жарып өтүү
Экинчи дүйнөлүк согуштан соң жана өзөктүк курал пайда болгондон кийин масштабдуу коргонуу линиялары жана ири бекемделген аймактар маанисиз деп эсептелген.
“Советтик аскердик доктринага ылайык, мындай коргонуу линияларын жарып өтүү үчүн тактикалык өзөктүк куралды колдонууга даярданышкан. Линияларды ыкчам жарып өтүүнүн башка жолу жок болчу”, - деп белгилейт Иван Киричевский.
“Бир танк дивизиясынын (бул болжол менен фронттун беш километрге чейинки бөлүгү) тез жарып өтүшү үчүн “Гиацинт” дивизиясынан 152 мм өзөктүк снаряддар менен эки жолу атуу керек деген эсептөөлөр бар болчу. Ушундай снаряддан отуз алтыны атып - бир аз убакыт өткөндөн кийин, радиоактивдүү чаң басаңдаганда – алга жүрүү керек”, - деп кошумчалайт аскердик талдоочу.
Бирок орус-украин конфликти согушка болгон эски ыкмаларды кайра алып келди.
Украин армиясы 2022-жылдын алгачкы айларында Киев менен Харьковду кармап калууга мүмкүндүк берген маневрдик коргонууну көбүрөөк колдонсо, Орусия Экинчи, жада калса Биринчи Дүйнөлүк Согуштун коргонуу стратегиясына өткөн.
“Орустар инженердик жактан Мажино линиясынан шыктанган сыяктанат”, - дейт Иван Киричевский.
Өткөн кылымда Мажино, Маннергейм жана Зигфрид линияларын жарып өтүүгө жардам берген факторлор биринчи кезекте артиллериядагы, бронетехникадагы жана авиациядагы артыкчылык болгон.
Жогорку сапаттагы чалгындоо жана чабуулчу жөө аскердик топтордун даярдыгы, дилгирлиги жана коргонуп жаткан гарнизондордун чечкинсиздиги да маанилүү ролду аткарган.

Сүрөттүн булагы, 47-БРИГАДА
Украин армиясынын авиацияда жана артиллерияда артыкчылыкка ээ болушу күмөн. Миналанган талааларда жадагалса батыштыктар берген бронетехника да азыр олуттуу огожо боло албайт.
Ошондуктан, Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн алдыга жылуусу үчүн чалгындоо иштерин жүргүзгөн жөө аскерлердин эффективдүүлүгү эң маанилүү болуп калууда. Алар Батыш союздаштарынын жардамы менен өнүккөн технологиялык артыкчылыкка ээ болушкан.
“Биринчиден, жөө аскерлердин чакан чабуулчу топтору кетет, сапёрлор миналарды жок кылышат, андан кийин бронетехника тарабынан чектелген колдоо көрсөтүлөт. Албетте, бул алга жылуу темпине таасир этет”, — деп түшүндүрөт Иван Киричевский.
21-сентябрда орус тараптан Украинанын бронетехникалары Суровикин линиясынын биринчи коргонуу тилкесинин артында аракет кылып жатканын көрсөткөн алгачкы видеолор пайда болгон.
АКШнын Тышкы саясатты изилдөө институтунун талдоочусу Роб Ли бул жетишкендикти биринчилерден болуп мындай сүрөттөгөн: “Бир нече жумага созулган жөө аскерлердин бронетехникасыз чакан чабуулдарынан кийин Украинанын 82-аба-десанттык бригадасы кайрадан Вербовой тарапта танктарга каршы тосмо линияларынын арт жагында чабуул жасоодо. Алар Страйкер, Мардер жөө аскерлеринин согуштук машиналары жана MaxxPro чопкутталган унааларын колдонууда.
Кийинчерээк бул маалыматты америкалык Уолл Стрит журналы жана Согуш изилдөө институту (ISW) тастыкташты, ага ылайык украин техникасы бул аймактагы Суровикин линиясынын танкка каршы аңдарынан жана “ажыдаардын тиштеринен” өтө алган.
Миналардан тазалоо жана түтөтмө снаряддары Украинанын чабуулу үчүн абдан маанилүү бойдон калууда. Алар Батыштын, мисалы Германиянын жардам пакеттерине киргени менен, "дагы келсе эч качан ашыкча көп болбойт" дейт Иван Киричевский.
Дагы бир маанилүү фактор - убакыт жана аба ырайы.
"Күздүн эки айы дагы эле жылуу жана кургак болот деп күтүлүүдө, ошондуктан октябрдын аягына чейин убакыт бар", - дейт Иван Киричевский.

Сүрөттүн булагы, TELEGRAM ЮРИЙ БУТУСОВ
Аскердик чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов 17-сентябрда “Экономист” журналына берген маегинде Украинанын ийгиликтүү чабуулуна дагы бир айдан ашык убакыт бар деп билдирди.
Бирок эң негизгиси — адамдар.
Киричевскийдин айтымында, орустар коргоочуларынын бир топ бөлүгүн “түлкү ийиндери” жайгашкан биринчи саптарда жоготушкан. Август айында орус командачылыгы 76-аба-десанттык-чабуул дивизиясынын бөлүктөрүн Работино аймагына өткөргөнү бул божомолду ырастайт.
Ошол эле учурда орусиялык "аскердик кабарчылар" жайдан бери украин армиясынын чабуул учурунда "чоң" жоготуулары жөнүндө айтып келишет, ошондуктан, алардын айтымында, чабуул олуттуу натыйжаларды алып келген жок.
Андыктан бул күздө бардык тараптар үчүн эң негизгиси — кимдин резервдери биринчи болуп түгөнөт жана жамгыр качан жаайт деген маселе болуп турат. (DO)
































