Күнүмкү тамактанууга $101 жетиштүүбү?

Published

Макаланын түпнускасы: Waiyee Yip

Кытайдын жаңы байлары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда байлар улам байып баратат

Күнүмкү тамактанууга 650 юань ($101) жетпейт - дейт Harper's Bazaar журналынын мурдагы башкы редактору Су Мең. “50km Taohuawu” телешоусунда айтылган бул сөз, күнүгө 30 юанга жетпеген акчага тамактанган кытайлык соцмедиалардын колдонуучуларынын кыжырын кайнаткан. Су айым - “сөзүм туура эмес кабыл алынган, мен 21 күндүк шоу учурунда жумшалган акчаны айткам”, - дейт.

Weibo платформасынын колдонуучусу: “Ал каалашынча актана берсин, бирок жылдыздар турмуш чындыгын тааныбай калган элиталар”, - дейт. Бул байлардын жеке жашоосуна элдин каары келген окуялардын акыркысы эле. Мындан бир аз мурда Huawei компаниясынын негиздөөчүсү Рен Зеңфейдин (Ren Zhengfei) кичүү кызы Аннабел Йао жокчулукту көрүп чоңойгону жөнүндө жазган посту элдин ачуусуна тийген.

Ал ырчылык кесипти баштаганына арналган 17 мүнөттүк гламур видеосунда:  “Мен өзүмдү эч качан “канзаада” сезген эмесмин... Өзүм курактуулар сыяктуу эле, мен дагы жакшы мектепке кириши үчүн талыкпай иштеп, тынымсыз окудум” – деген. Атасынын байлыгы $1.4 млрд түзгөн 23 жаштагы кыз бул видеосун Weibo аккаунтуна чыгарып, “туулган күнгө кылган өзгөчө белегим” болду деп пост жазган.

Harper's Bazaar журналынын мурдагы башкы редактору Су Мең

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Harper's Bazaar журналынын мурдагы башкы редактору Су Мең

Татыктуу эмес

Көп жылдардан бери Кытайдын гламур байлары кымбат автолорун жана кол сумкаларын Интернетке чыгарып, жеке жашоосун жар салып мактанганы, аларды ээрчигендердин ичин күйгүзүп келгени белгилүү.

Барган сайын байлыгын көрсөткөндөр элдин жек көрүүсүн күчөтө баштады. Су жана Йао сыяктуулар элдин оозуна көп илинет. Анткени элдин көбү байбачалар мындай чоң байлыкка татыктуу эмес деп эсептейт.

“Жылдыздарга жана алардын “жеңил” көрүнгөн жашоосуна өз жашоосун салыштырган эл, өздөрү канчалык көп иштесе да жарытарлык акча таппасын айтып даттана берет”, - дейт Кытайдын медиа маданиятын изилдеген Дикин университетинин (Deakin University) доктору Жиан Ху.

Киреше ажырымы

Кытайдагы киреше ажырымы асман менен жердей. Кытайдын мамлеккеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир жылдык орточо киреше 32 189 юанды ($5030) же айына 2682 юанды түзөт. Бээжин дүйнөдөгү эң көп миллиардерлер жашаган шаарга айланган.

Хурун репорт (Hurun Report) байлык ченегичине ылайык, 2020-ж. Кытайдын эң бай кишилери рекорддук $1.5 триллион киреше табышкан. Бул Кытайдын ички дүң өнүмүнүн жарымына тете.

Киреше теңсиздиги көп эле өлкөлөр үчүн маселе болуп келет, бирок Кытайда теңсиздик өтө чоң көйгөй. Учурунда Ден Сияопин: “алгач бир ууч киши бай болсо да, жалпы жыргалчылыка жетүү биздин максатыбыз болуп кала берет” – деп айткандай, Кытайда эл узак убакыт бир күнү “жалпы жыргалчылыкка” жетебиз деген идея менен жашап келген. “Өлкөнүн дүйнөгө ачылганына 40 жыл болсо да, байлар дагы байып, калгандардын көңүлү иренжип, алсыздыгын сезип артта калды” - дейт доктор Ху.

Сыпайы мактануу өнөрү

Эксперттер көрсөтмө байлыкка болгон жек көрүү алардын маданияты жок деген түшүнүккө байланышкан дешет.  "Кытайда орто класстын өсүшү менен билимдүү шаардыктар көргөзмө байлыкты “сыпайлыктын жетишсиздиги”, керек болсо “томаяктыктын белгиси” катары эсептешет", – дейт “Байлык убайымы: Кытайдын жаңы байларынын акчасы жана адеби” китебинин автору Жон Осбург Би-Би-Сиге берген маегинде.

Кандай болгон күндө да, жакынкы мезгилде кытайлыктардын көргөзмө байлыкка болгон умтулуусу токточудай эмес.