Украинанын жаңы коргоо министри Рустем Умеров деген ким?

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Святослав Хоменко
Би-би-си, Украина
Украинанын коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Буга чейин президент Владимир Зеленский анын ордуна Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Рустем Умеровду алып келерин билдирген.
Украинанын Коргоо министри Алексей Резников өзүнүн негизги жетишкендиктеринин бири катары Киевдин батыштагы өнөктөштөрүнүн ой жүгүртүүсүн өзгөртүү деп атады.
Согушка бир нече жума калганда Резников Вашингтонго барып, орус учактарына каршы күрөшүү үчүн Стингер абадан коргонуу системасын Украинага берүүнү суранганда, ага: "Жок, Алексей, ал мүмкүн эмес" деп жооп беришкен.
Арадан бир жарым жыл өтүп, Батыштын танктары Украинанын чабуулуна катышууда. Ал эми Украинанын Куралдуу Күчтөрүнө заманбап согуштук учактарды өткөрүп берүү убакыттын гана маселеси болуп калды.
Бирок, дал ушул маселеде президент Зеленскийдин айланасындагылар акыркы убакта Резниковду сынга алып келишти: Батыштын Украинага курал-жарак жеткирүү системасы толук жолго салына элек. Буга жалгыз гана Батыш күнөөлүү деп айтуу кыйын.
Резников менен Украин президентинин аппаратынын ортосундагы акыркы бир жарым жыл ичиндеги мамиледе кандайдыр бир чарчоо топтолуп калгандай. Юрист Резников өзүнө түшүнүктүүрөк болгон юстиция министринин кызматына кетүүгө даяр экенин көптөн бери ишарат кылып келет.
Ошого карабастан азыркы кадрдык орун алмашууну техникалык деп айтуу кыйын. Ал Коргоо министрлиги тарабынан согушуп жаткан армия үчүн жүргүзүлгөн сатып алуулар жаңжал менен коштолгон учурга туш келди. Резников өзү бардык айыптарды четке кагып келет.

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Кыязы, министрлик кызматтан кеткенден кийин, Алексей Резников Украинанын Улуу Британиядагы элчилигин жетектейт.
Бирок, эгерде бул дайындоо тамак-аш жана кышкы кийимдерди сатып алууда мыйзам бузуулар болгон-болбогондугу боюнча укук коргоо органдарынын чечимине чейин ишке ашса, ал көптөгөн украиндер үчүн бийлик согуш учурунда өз приоритеттерин туура эмес койгонун көрсөткөн жаман прецедент болуп калат.
Жарандык коргоо министри
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшембидеги кайрылуусунда Владимир Зеленский Резниковдун ордуна Украинанын Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Рустам Умеров келерин айтты. Анын талапкерлиги ушул аптада Жогорку Радада каралат. Кырк бир жаштагы Умеровду эч ким тааныйбат деп айтуу кыйын, бирок ал эл алдына ашыкча чыга бербейт.
Умеров билими боюнча экономист, телекоммуникация жана инвестиция тармагында иштеген, ошол эле учурда Крым татар элинин Межлисинин депутаты жана анын лидери Мустафа Жемилевдин адам укуктары жана эл аралык иштер боюнча жардамчысы болгон.
Умеров 2019-жылы ырчы Святослав Вакарчуктун “Голос” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Ал Кремлди кыжырданткан “Украинанын түпкү элдери жөнүндө” мыйзамдан баштап пандемияда дарыгерлердин укугун коргогон ондогон мыйзам долбоорлорунун автору жана авторлошу болгон.
Орусия кол салгандан кийин Умеров Орусия менен сүйлөшүүлөрдө Украинанын делегациясынын мүчөсү болгон жана Батыш маалымат каражаттары жазгандай, ал ошол сүйлөшүүлөрдө ууландырылган болушу мүмкүн (ал өзү муну четке каккан).
Умеров туткундарды алмаштырууга катышкан: ал өткөн жылдын күзүндө татаал алмашуу процесси учурунда Сауд Арабиясына учуп барган. Умеров ошол кезде Украинанын Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы кызматында болгон - ал бул кызматка 2022-жылдын сентябрында дайындалган.
Умеровдун армияга байланышпаган өтмүшү өөн көрүнбөшү керек. Биринчиден, бул Украина кошулууну көздөгөн НАТО өлкөлөрүндө кеңири таралган практика. Экинчиден, Украинада чоң согуш башталгандан тарта согушту Генералдык штаб жүргүзүүдө, Коргоо министрлиги согушту материалдык-техникалык жана логистикалык жактан камсыздап, саясий жана экономикалык чечимдерди кабыл алат, бирок, генералдарга чабуул жасоого жана коргонууну уюштурууга “жардам берип” кирише бербей тургандай система түзүлгөн.
Умеровго акылдуу жана компетенттүү деген мүнөздөмө берип келишет, анын Украинада жана чет өлкөлөрдө байланыш тармагы кеңири, бул маанилүү - ал англисче гана эмес, түркчө да сүйлөйт, жакшы коммуникатор.
Жана ошондой эле – бул азыркы Украинада абдан маанилүү – ал президенттин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак менен жакшы мамиледе, аны көбүнчө өлкөдөгү эң таасирдүү адам деп аташат.
Мындан тышкары, Киевде Умеровдун кызматка дайындалышынан президент Зеленскийдин Батыш эксперттерине жана саясатчыларына күчтүү жана түшүнүктүү билдирүүсүн көргөндөр бар. Алар акыркы жумаларда согуштун аякташынын сценарийлеринде Украинанын аймагы Орусиянын көзөмөлүндө кала беришин көбүрөөк сүрөттөп жатышат. Зеленский “Украина согуштан Крымы жок чыгышы керек дейсиздерби? Жакшы, анда бул тууралуу крым татары, көп жылдардан бери Крымдын көйгөйлөрүн көтөрүп келе жаткан укук коргоочу - министр менен сүйлөшүп көрүңүз” дегенди кыйытып жатат.
Формалдуу түрдө коргоо министрин алмаштыруу Жогорку Рада тарабынан жактырылышы керек, бирок бул техникалык чечим болуп, ушул аптада ишке ашарынан күмөн санагандар аз.
































