Стратегиялык коргонуу жылы. Украинадагы согушта эмнелер күтүлөт?
Павел Аксенов, Би-Би-Си орус кызматы

Сүрөттүн булагы, AFP
Украинадагы согуш акыры позициялык же окоптук абалга өттү: эки тарап тең ири көлөмдөгү ресурстарды – техниканы, ок-дарыларды, эң башкысы - жоокерлерин жоготпой туруп коротпостон ири операция жүргүзүүгө бара албайт. Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн (УКК) келечектеги стратегиясын талкуулоодо "контр-чабуулдун" ордуна дагы бир "стратегиялык коргонуу" деген термин көбүрөөк айтылып жатат.
Стратегиялык коргонууга өтүү зарылдыгын Би-Би-Сиге берген маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Виктор Муженко билдирди. Анын айтымында эгерде Киев стратегияны билгичтик менен иштеп чыгып, ишке ашыра алса, анын “Украинанын аймагындагы оккупациялык күчтөрдү талкалоо үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүгү бар.”
“Стратегиялык коргонуу жылына” өтүү Эстониянын Коргоо министрлиги тарабынан даярдалган ири отчетто да айтылган.
Позициялык согуш, же башкача айтканда, салгылашуулар канчалык күчтүү болбосун согуш тилкесинде олуттуу өзгөрүүлөр болбогон согуш – бул аргасыздыктан пайда болгон абал.
Ырас, башка арга калбай калганда бул абалдан да пайдаланса болот. Ар бир армиянын командачылыгы, адатта, манёврдик согуш жүргүзүүнү артык көрөт, анткени, азыркы бардык куралдуу күчтөр ошонун негизинде түзүлгөн.
Позициялык согушту, максаттары боюнча алсыратуучу согуш деп атоого болот. Манёврдик же “чагылгандай тез” согуштан айырмаланып, андагы максаттар душмандын армиясын талкалоо, шаарларды же аймактарды басып алуу же кандайдыр бир стратегиялык маанилүү позицияларга жетүү эмес. Анын максаты каршы тараптын армиясынын согушуу жөндөмүн жана коргонуу күчүн азайтуу, душмандын өлкөсүнүн, элинин жана армиясынын каршылык көрсөтүү жөндөмүн алсыратуу.
Ошол эле учурда позициялык конфликт өзүнөн өзү жеңиш менен аяктабайт — ал же алсыраган өлкө кандайдыр бир талапка макул болгон кырдаалга алып келет, же согуштун активдүү, манёврдик абалга өтүшү үчүн шарттарды түзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Киевди алуу мүмкүн болбой, түштүктө алга жылуу токтогондо, Россия Донбасста чабуулга өттү, бул чабуул да табияты боюнча да, максаттары боюнча да чечкиндүү жүргөн: орус аскерлери украин армиясынын ири тобун курчоого алып, жок кылууга аракет кылышкан, бирок ал дагы ийгиликсиз болду. Түштүктө Украинанын коргонуусун бузуп өтүп, курчоого алуу мүмкүн болгон жок, ал эми түндүктө бардыгы жеңилүү менен аяктады.
2022-жылдын сентябрынын башында, Харьков облусунда орус аскерлеринин саны аз экенинен пайдаланып, Украинанын Куралдуу Күчтөрү күзгү чабуулун пландаштырып, ишке ашыра алышты. Анда алар чоң аймакты бошотуп, андан соң Россияны Херсондон чегинип, аскерлерин сол жээкке чыгарып кетүүгө мажбур кылган.
Бирок, кийинчерээк эки тарап тең согуш башталгандагы Украинанын түштүгүндөгү орус армиясынын чабуулундай же 2022-жылдын күзүндө Изюмга жакын жердеги Украинанын куралдуу күчтөрүндөй бир дагы ири операцияны пландап, ишке ашырууда ийгиликке жетише алышкан эмес.
2023-жылдын жайкы чабуул маалында Украинанын Куралдуу Күчтөрү Орусиянын коргонуусуна 30 чакырымдай кирип барышкан, бирок - Азов деңизине чыгуу же жок эле дегенде жарым жолдогу Токмак шаарын бошотуу максатына жетпеди.
Ошентип, бул конфликт 2023-жылдын кыш-жазында эле позициялык согушка айланган, Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн жайкы чабуулу бул кырдаалды өзгөртүү канчалык кыйын экенин ачык көрсөттү.
Мындай позициялык тунгуюк эмнеден улам пайда болду?
Согуштун мындай абалга жеткенинин бир нече себептери бар.
Орустардын мобилизациясынан кийин фронтто эки тараптан тең дээрлик бирдей өлчөмдө күчтөр топтолгон эле. Алардын саны коргонууда турган бөлүктөрдү жоокерлер менен жетишерлик кылып толтурууга мүмкүндүк берди, бул өз кезегинде чакан топтор менен жиреп кирүүнү жокко чыгарат.
Фронттун линиясы өзгөрүүсүз калган узак убакыттын ичинде ар бир тарап окоп казып, талааларга мина төшөп, ок атуучу пункттарды орнотуп жана алардын тактыгын текшерип коргонууга камынгандыгы да андай жиреп кирүүнү татаалдатат.
Мындан тышкары, ар бир тарап душман жайгашкан аймакты көзөмөлдөө үчүн өзүнүн бардык чалгындоо арсеналын колдонот, жөндөмлөрүн жана технологиясын тынымсыз өркүндөтөт.
Жакынкы тылдын ачык көрүнүп турганын эске алганда, бир жерде жашыруун топтолуп, чакан топтор менен жиреп кирүү абдан кыйын. Кээде бутаны аныктоо жана аны артиллерия менен жок кылуунун ортосунда бир нече мүнөт гана убакыт өтөт.
Чоң топтор менен жиреп кирүү да дээрлик мүмкүн эмес болуп чыкты. Теориялык жактан алганда фронттун белгилуу участогуна сокку уруучу күчтү топтоп, сан жагынан артыкчылыкты түзүүгө болот, бирок бул жерде да чалгындоо мындай ишти тымызын аткарууну кыйындатат.
Эки тарап тең чалгындоо үчүн дрондорду активдүү колдонушат, чалгындоонун башка түрлөрү дагы эффективдүү болуп жатат. Мисалы, душман аймагындагы тыңчылар да маалыматтарды мурункуга караганда алда канча ылдам жеткирип калышты.
Ар кандай чалгындоо системаларынын өнүгүшү менен кол салууларды даярдоо бир топ кыйын болуп калды
Заманбап электрондук чалгындоо системалары да өнүккөн. Украина Батыш спутниктеринин жана чалгындоо учактарынын маалыматтарын ала алат, ал эми Орусия радарлар жана байкоо салуучу учактар сыяктуу өзүнүн чалгындоо каражаттарын активдүү колдонууда.
Ошентип, чоң топту тымызын жайгаштыруу дээрлик мүмкүн болбой калды – душман планды айгинелеп, коркунучка жооп кайтарууга жетишип, жиреп өтүү мерчемделген жерге өзүнүн резервдерин тартууга үлгүрөт.
Акыр-аягы, сокку уруу тобунун ар кандай компоненттеринин – инженердик, танкалык, мотоаткычтар, ракеталык-артиллериялык жана авиациялык бөлүктөрүнүн ортосундагы өз ара тыгыз аракеттенүү жөндөмүн жана ири түзүмдөрдө аракеттенүүгө жарамдуулугун эки тарап тең салгылашууларда көрсөтө алган жок.
Бул согушта ушунчалык көп жаңы аскердик технологиялар пайда болгондуктан, жоокерлер аларды дале үйрөнүп жетише албай жатышат жана алар менен күрөшкөнгө тактика иштелип чыга элек.
Ал эми катардагы жоокерден баштап командирлерге чейин бардык деңгээлде чеберчилик жана согушуу тажрыйбасы жок болгондуктан, мунун баары өтө чоң жоготууларга алып келүүдө.
Бирок, ошол эле учурда, согушуп жаткан армиялар жаңы согуштук тажрыйбага ээ болушууда, бул аларга душман пайдаланып кете ала турган каталарды азыраак жасоого мүмкүндүк берет.
Украинага коргонуу эмне үчүн керек?
Буга чейин айтылган Эстон армиясынын аналитикалык баяндамасында талкууга алынган стратегиялык коргонууга өтүүнүн жалпы максаттары, Украин Куралдуу Күчтөрү бул согушта кандай тактиканы карманары жөнүндө түшүнүк бербейт.
Ал тактика чет өлкөдөн курал-жарактарды жана согуштук техниканы алууга байланыштуу болот. Бир жагынан аларды алуу Украинанын муктаждыктарынан келип чыкса, экинчи жагынан — алар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аракеттенүү эркиндигин чектейт.
Эгер Украинанын Куралдуу күчтөрү 2024-жылы кайрадан чабуул жасоого аракет кылбай, коргонууга өтсө, анда батыштан келчү куралдардын тизмесин өзгөртүүгө туура келет.
Израилдик аскер эксперти Дэвид Гэндельман белгилегендей, Украинанын Куралдуу күчтөрү биринчи кезекте артиллериялык ок-дарыларга муктаж, анткени “орус-украин согушунда украиндер коргонууда да, чабуулда да ошол артиллериялык ок-дарыларга таянышат”.
"Абадан коргонууну жана ракетадан коргонууну, өзгөчө инфраструктурага жасалган кышкы чабуулдардын башталышы менен күчөтүү керек; Германиядан дагы бир Patriot ракеталык комплекстеринин келүүсү ушуга байланыштуу. Украинанын Аскер-аба күчтөрүн колдоо катары, ошондой эле орус учактарына каршы, атап айтканда, абадан коргонуу системасы токтотууга натыйжасыз болгон узактан башкарылган бомбаларды атып түшүрүү үчүн аскердик учактар да алына башташы керек. Брондолгон унаалар чабуулга караганда коргонуу үчүн анчалык маанилүү эмес, бирок алар да келечекте керек болот”, - дейт израилдик эксперт.
Бирок башкы нерсе, Гендельмандын айтымында, Украинанын экономикасын жана мамлекетин мобилизациялоо. “Биринчиден, бул мамлекетти согуштук багытка өткөрүүгө, аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана жалпысынан согушка материалдык жана адамдык ресурстарды тартууга байланышкан маселе. Азырынча Орусия бул жагынан өзүн Украинага караганда жакшыраак көрсөтүп жатат. Ал эми Украина мындан көбүрөөк жабыркап жаткандай сезилет жана бул жаатта күжүрмөн аракетсе өтсө болмок”, - деди ал.
Гэндельман Украина өзүнүн аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш деп эсептейт, бул анын Батыштын куралына болгон көз карандылыгын азайтат.
“Курал жеткирүүдөгү көйгөйлөрдүн себеби – Батыштын аскердик-өнөр жай комплекси да жетишерлик түрдө иштебей жаткандыгында, көптөгөн куралдардын түрү жетишсиз (...) Демек, баары кайрадан Украинанын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана аракеттерине көз каранды. Аскердик багытка өтүү жагынан “анчалык деле зарыл эмес” деген түшүнүк улана берсе, Украина утулат жана башка сырткы жагдайларга шылтап салуу жардам бербейт", - деп билдирди ал.
Манёврдик согушпу же окоптукпу?
Эстон армиясы тарабынан иштелип чыккан документте Украинанын куралдуу күчтөрү Орусияга каршы алсыратуучу согушка өтсө, алдына коё турган максаттар жана милдеттер камтылган.
Аларга фронттогу аскерлерди камсыздоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн коммуникацияларга чабуулдарды жасоо, Кара деңиз флотуна басым кылып анын иш-аракетине жолтоо болуу жана орус учактарынын аба мейкиндигине ээлик кылуусуна жол бербөө үчүн аны коргоо кирет.
Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу Күчтөрүнө бир эле учурда орус армиясын мүмкүн болушунча максималдуу жоготууга учуратып, Орусиянын акырындап жүрүп жаткан чабуулун токтотууну улантуу сунушталат.
Эстониянын Коргоо министрлигинин эсеби боюнча, Орусия алты айдын ичинде 130 миңден ашпаган аскерди даярдоого кудуреттүү. Эгер орду толгус жоготуулар (катарга кайтуу мүмкүн болбогон каза болгондор жана жарадар болгондор) алты айдын ичинде 50 миңди түзсө, бул Орусиянын мобилизациялык системасын ашыкча чыңалтат жана фронтко даярдыгы азыраак жоокерлердин жөнөтүлүшүнө алып келет, бул өз кезегинде орус тобунун согуштук натыйжалуулугун төмөндөтөт деп эсептешет эстондор.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баяндамада талкуу жолу менен берилген бул жалпы принциптер Украинанын куралдуу күчтөрү кандай тактиканы тандай тургандыгы жөнүндө түшүнүк бербейт. Муну украин армиясынын командачылыгы деле азырынча билбесе керек.
Коргонуу стратегиясы аскерлер манёвр жасабайт же чабуул жасабайт дегенди билдирбейт.
Өткөн кыштагы Угледарга жасалган чабуул, Бахмуттун жазгы басып алынышы, Авдеевканын жанындагы салгылашуулар – орус армиясы жүргүзгөн бул операциялардын бардыгы позициялык согуштун концепциясына туура келет. Днепрдин сол жээгиндеги украин плацдармы, ал тургай ошол эле Бахмуттун жанындагы жана Ореховскидеги 2023-жылдын жайындагы алга жылуулар да позициялык согуштун бир бөлүгү эле.
Бул операциялар фронттун линиясында олуттуу өзгөрүүлөргө, башкача айтканда, согуштун мүнөзүн өзгөртө турган жылыштарга алып келген жок (ошондуктан да согуш позициялык деп аталат). Анын үстүнө алардын баары өтө кымбатка турду.
Ал эми талаа чептери окоп согушунда коргонуунун негиздеринин бири болгондуктан, коргонуу линияларын куруу мындай конфликтте кошумча чыгымдарга алып келет. Буга ондогон, ал турсун жүздөгөн километрге созулган траншеялар, танкка каршы чукурлар, тосмолор, гектарлаган мина талаалары, бетон бункерлери, ДОТтор жана көптөгөн башка нерселер кирет. Азыр эки тарап тең ушул сыяктуу коргонуу линияларын куруу менен алек.
Окоптук согуш учурунда активдүү согуштук аракеттерден баш тартуу кыйын –анткени ушул жол менен гана душманды коркунучтарга каршы аракеттенүүгө мажбурласа болот, бул мөрөйгө жетүүнүн же аны кармап калуунун бирден-бир жолу. Реакция мурдатан даярдалган соккуга салыштырмалуу ар дайым кымбатыраак турат, анткени ал чукул чараларга өтүүнү талап кылат.
Ошондуктан, позициялык согуш учурунда ар бир армиянын тандоосу бар - же кымбатка турган активдүү операцияларды даярдоо жана жүргүзүү, же душмандын чабуулуна жооп берип, ага андан да көп каражат сарптоо.
Виктор Муженко Би-Би-Сиге берген маегинде, украин күчтөрү азыр өтүшү керек болгон стратегиялык коргонуу контрчабуулдарды да камтыйт деп баса белгиледи.
Муженко Украина ошол эле учурда “фронтту реформалоого тийиш” дейт. “Бул сандык гана эмес, сапаттык да күчтүү резервди түзүшүбүз керек дегенди билдирет. Ал эми жогорку сапаттагы резерв — бул аскердик орган-дардын: бригаданын, корпустун жана башкалардын — даярдыгы мыкты, жабдылган, координацияланган, моралдык духу жогору, мындай маселелерди чечүүгө жөндөмдүү болушу”, — деп жыйынтыктайт ал.
Дэвид Гэндельман активдүү согушка караганда коргонуу үчүн азыраак күч жана стресс талап кылынат, бирок бул убакытты чечүүчү аскердик аракеттерге даярдануу үчүн колдонуу керек деп эсептейт.
“Коргонуу чабуулга караганда ресурсту азыраак талап кылат, бирок мунун баары келечекке байланыштуу: жоготуулар жана башка чыгымдар бир жолку ири чабуул учурундагыдай эле болушу ыктымал, жөн гана узак убакыт аралыгында билинбей кала берет. Демек, коргонуу стадиясында өлкөнүн согуштук багытка өтүүсүндө жылыш болбосо, анда бул көйгөйлөрдү чечпей, кийинкиге калтыруу болуп саналат”, - дейт ал.
Бул тууралуу эстон армиясынын баяндамасында да айтылат. Эстониянын Коргоо министрлигинин эксперттеринин айтымында, учурда негизги максат Орусиянын согуш 2024-жылы бүтүшү мүмкүн деген ишенимин жокко чыгаруу. Украинанын коргонуусу үчүн келерки жыл стратегиялык болот, бул убакыттын ичинде Киев орус аскерлерин жеңүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн өлкөдө аскердик жана өнөр жай базасы курулушу керек.
Кыязы, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы узакка созулган окоптук тирешүүдө пайда боло турган көйгөйлөрдү толук түшүнүп турат. Украинанын башкы колбашчысы Валерий Залужный ноябрдын башында “Экономист” журналына макала жарыялап, анда Украинага мындай согушта эмне кылуу керектиги тууралуу өз көз карашын белгилеген.
Залужныйдын айтымында, Украинанын Куралдуу Күчтөрү үчүн негизги артыкчылыктар (б.а. өнүктүрүү жана чыңдоо керек болгон тармактар) авиация болуп саналат, ал абада артыкчылык алып бербесе да, жок дегенде тең ата болууга мүмкүндүк берет; Раиодэлектрондук согуш - дрондордун кескин өсүшүнүн фонунда өтө бул да маанилүү; батареяга каршы системалар - позициялык согушта артиллерия зыян келтирген негизги каражаттардын бири болуп калат жана ага каршы күрөшүү керек; миналанган талааларды жок кылуу үчүн инженердик жабдуулар – мина талаалары Украинанын Куралдуу Күчтөрүнө ийгиликтүү чабуул жасоого тоскоол болгон негизги факторлордун бири болуп калды. Акыр-аягы, адамдар, алар оккупацияланган аймактарды бошотушат - учактар, дрондор жана башка техникалар муну кыла албайт.
Залужный Украина өзүнүн аймактык бүтүндүгүн аскердик күч менен гана калыбына келтире аларын жазган. Бирок, ал өзү да согуш окоптук-позициялык мүнөзгө ээ болгонун мойнуна алат жана көптөгөн серепчилер Украина үчүн "стратегиялык коргонуу" мезгилиндеги эң негизги нерсе - өз жерин дагы жоготуп албоо экенин айтышат.
































