You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Макронду Борбор Азия эмнеси менен кызыктырды?
Идо Вок, BBC News
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Борбор Азияга иш сапары менен келип, бул аймактын Европаны уран жана мунай менен камсыздоодогу маанилүү ордун баса белгиледи.
Бул сапар жарым-жартылай бизнести өнүктүрүү, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен байланыштарды бекемдөө аракети. Бирок, президенттин иш сапарынын ачкычы үстүбүздөгү жылдын июль айына барып такалат.
Батыш Африканын Нигер өлкөсүндөгү аскердик төңкөрүш Франциянын маанилүү өзөктүк өнөр жайын камсыздоону үзгүлтүккө учуратышы ыктымал.
Чындыгында анчалык чочулоонун кереги жок болчу. Өткөн жылы Нигер Францияга уран жеткирген экинчи өлкө болгон. Биринчи орунда Казакстан турган.
Президент Макрон шаршемби күнүн дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчү - Казакстанда өткөрдү. Бейшембиде ал Казакстан сыяктуу эле күйүүчү майдын негизги өндүрүүчүсү болгон коңшу Өзбекстанда болду. Эки өлкөнүн тең бийлиги авторитардык деп эсептелет.
Шаршембидеги маалымат жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Францияны “негизги жана ишенимдүү өнөктөш” катары сыпаттады. Макрон бул мактоого жооп кайтарып, Токаевге Батыштын Орусияга киргизген санкцияларына баш ийгени үчүн ыраазычылык билдирди.
Украинага кол салгандан бери Орусиянын Евробиримдикке мунай экспорту кескин кыскаргандыктан, Казакстан азыр Евробиримдикти мунай менен камсыздаган Норвегия менен АКШдан кийинки үчүнчү ири өлкөгө айланды.
Бирок баарынан да Францияны Борбор Азиянын ураны кызыктырат. Франция электр энергиясынын 60%дан ашыгын өндүрүүдө өзөктүк энергияга таянат. Ал бардык өлкөлөрдүн ичинен өзөктүк энергияны эң көп колдонгон өлкө. Өз кезегинде Казакстан өзүнүн инженерлерин жана ата мекендик атомдук энергетика тармагын өнүктүрүүгө умтулуп жаткандыктан француздардын бул тармактагы жаңы жетишкендиктерин үйрөнгүсү келет.
“Казакстандыктар биздин өзөктүк тажрыйбабызга абдан кызыгышат”, - деп билдирди Казакстанга барган француз делегациясынын мүчөсү.
Франциянын мамлекеттик EDF компаниясы Казакстандын биринчи атомдук электр станциясын курууга киришүүдө, ал эми Париж өкмөтү француз университеттеринин Казакстанда филиалдарын ачууну каалайт, деди ал делегат.
Франция Нигердеги француз компаниялары иштеткен кендерден урандын көп бөлүгүн мурдатан импорттоп турган. Бирок, июлда аскердик төңкөрүш болуп, бийликке Францияга каршы хунта келгенден бери ал импорттун келечеги күмөн болуп турат.
Ошол кезде Париж төңкөрүш анын энергетикалык камсыздоосуна коркунуч туудурбасын айтып, эки жылга жетерлик урандын запасы бар деп ырастаган.
Бирок, мындай ири экспортер өлкөдө саясий туруксуздук пайда болгондуктан Парижде кооптонуу пайда болгонун президент Макрондун сапары баса белгилеп турат.
Бул иш сапар бир кылымдан ашык үстөмдүк кылып келген Орусия менен Борбор Азиянын мамилесинде терең бурулуштар болуп жаткан кезге туш келди, дейт Астанадан саясий серепчи Досым Сатпаев.
Ал Украинадагы согуштан кийин бул чөлкөмдөгү Орусиянын таасири азайып баратканын айтты.
“Аскердик кызматташтык азайды, согуш башталгандан бери Орусиянын позициясы начарлап кетти. Борбор Азиянын өкмөттөрү бул тууралуу ачык айтышпайт - бирок чын эле ушундай болуп жатат.”, - дейт Сатпаев.
Ошондой эле, өткөн аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров башка өлкөлөр Москвадан анын “коңшуларын, досторун жана союздаштарын” тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптады.
Бирок ортодогу мамиледе да чыңалуулар бар.
Евробиримдик менен АКШ Орусия Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Батыштан товарларды импорттоо менен санкцияларды кыйгап өтүп жатканын эскертишти. Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны чагылдыруу долбоорунун (OCCRP) иликтөөсүнө ылайык, ал товарлардын арасында DJI дрондору жана Орусияга таандык компаниялардын Казакстандагы филиалдары аркылуу импорттолгон батышта жасалган микрочиптер бар.
Мындай товарлар жана тетиктер Орусиянын согуш аракеттерине көмөк көрсөтүү үчүн колдонулат, дейт OCCRP.
Орусия узакка созулган согушка кириптер болуп турганда, ал эми Украина Батыштын колдоосу анын Москванын күчтөрүн кармап туруу мүмкүнчүлүгүн азайтууда деп тынчсызданып жатканда, кыйгап өтүп импорт жасоо маселеси Борбор Азия менен Евробиримдиктин мамилесинин алга жылышына тоскоол болушу мүмкүн.
Дагы бир маанилүү маселе Кытайдын таасирине каршы туруу.
Чөлкөмдө Бээжиндин аскердик күчү салыштырмалуу аз болгону менен, анын Борбор Азиядагы экономикалык изи акыркы жылдары кыйла өстү. Кытайдын "Бир алкак – бир жол" (BRI) долбоорунун "Бир алкак" бөлүмү Кытайдан Борбор Азия аркылуу Европага карай каттамдар ачыларын билдирет.
Борбордук Азияда жүздөн ашык “Бир алкак – бир жолго” тийешелүү долбоорлор каржыланган, ошондуктан жаңы долбоорлор оозеки түрдө "кытайдыкы" деп аталарын билдирүүлөр ырастайт.
Франция менен Евробиримдик Кытай менен түздөн-түз чектеш аймактагы финансылык таасирге эч качан тең келе алышпайт.
Бирок президент Макрон өзүнүн сапары менен Украинадагы согуштан улам пайда болгон стратегиялык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Орусиянын айрым салттуу өнөктөштөрүн Батышты көздөй азгырууга үмүттөнүп жатат.