Трамп менен Нетаньяху Газада согушту токтотуу боюнча планды макулдашты

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Ак үйдө Газадагы абалды жөнгө салуу боюнча Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолукту. Бул жолугушуунун жыйынтыгында Трамп тынчтык келишими "болушунча жакындап" калганын билдирди.

Кошмо штаттарынын президенти планды кабыл алганы үчүн Нетаньяхуга ыраазычылыгын билдирип, аны "жоокер" деп сыпаттады. Трамп Израил лидери "кыла турган ишин кылышы үчүн" болушунча колдоо көрсөтөрүн убадалады.

Эки лидердин басма-сөз жыйыны бир саатка кечигип башталды

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки лидердин басма-сөз жыйыны бир саатка кечигип башталды

"Цивилизациянын тарыхында бул эң маанилүү күндөрдүн бири болот", - деп кошумчалады Трамп. "Бүгүн дүйнө үчүн тарыхый күн".

Эки лидердин басма-сөз жыйынын башталардан мурда Ак үй 21 пункттан турган болжолдуу планды жарыялады. Ага ылайык, Газа коңшуларга коркунуч келтирбеген "террор жана радикализмден эркин аймак" болору айтылат.

Трамптын айтымында, планга көптөгөн башка өлкөлөр да кол кабыш кылышты. Президент Европадагы союздаш өлкөлөр менен катар эле бул сунушту иштеп чыгууга катышканы үчүн "араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерине" да ыраазычылык билдирди.

Маалыматка караганда, араб мусулман өлкөлөрү пландын алкагында кыска мөөнөттүн ичинде "Газаны бейаскердештирүүгө" милдеттенме алышты. Трамп ошондой эле ХАМАСка тийиштүү тоннелдерди жана өндүрүш объектилерин толук жок кылуу да планда каралганын кошумчалады.

Сунушта жергиликтүү полицияны окутуулардан өткөрүү каралат, ал эми Израилдин армиясы Газадан ыраттуулук менен чыгарылат.

Ак үйдөгү Би-би-синин кабарчысы Бернд Дебусманн басма-сөз жыйынында Трамп буга чейинки иш-чараларга караганда сабыры суз болгонун байкады, бул балким сүйлөшүүлөр көпкө жүргөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Журналисттер ошондой эле Трамп Нетаньяхунун дарегине кылдат сөздөр тандаганын, аны бир аз да болсо сындагандан качканын байкашты.

Эки лидердин басма-сөз жыйыны бир саатка кечигип башталды. Мындан улам журналисттер сүйлөшүүлөр ишке ашпай калганбы же Трамп жабык эшик артында Израил лидерине тынчтык планын кабыл алуусуна басым жасаоого аракет кылып жатабы деп божомолдошконго да үлгүрдү.

Кийинчерээк, кечигүү Нетаньяху Трамптын өтүнүчү боюнча Катарга телефон чалып, Дохадагы ХАМАСтын объектилерине ракеталык чабуул жасаганы үчүн кечирим сураганы менен байланыштуу болгону такталды. Дохадагы ал чабуулда катар жоокери да каза болгон эле.

Нетаньяху эмне дейт?

"Газадагы согушту токтотуу боюнча сиздин планды колдойм", - деди Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Анын башкы шарты: тирүүбү же маркумбу айырмасы жок, туткундардын баары 72 саат ичинде Израилге кайтарылышы керек.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Нетаньяху бардык тарапка тынчтык жолу менен ишти жайгарууга мүмкүнчүлүк берилип жатканын, эгер ХАМАС планды четке кагып, же кабыл алып коюп, бирок иш жүзүндө аны аткарбаса Израил "ишти аягына чыгарарын" эскертти.

" Аны оңой эле кылса болот, татаалыраак жолу да бар, бирок ал ишке ашчу нерсе", - деди Нетаньяху.

Ал ошондой эле Израилдин буга чейинки " аесуз күрөшү" Хамас Газада калышы үчүн жүрбөгөнүн баса белгиледи.

Израиль Батыш жээктеги палестин администрациясы, Газада "радикалдык жана ар тараптуу кайрадан карап чыгуусуз", эч кандай роль ойнобойт деген шартты коюуп жатат.

Бирок Нетаньяхунун билдирүүлөрүнөн улам ал сунуш кылынып жаткан планга ичи чыгып жаткандай. Айтымында, Израиль эми ХАМАС тарабынан коркунучка кептелбейт.