Таркаган парламенттин талаштуу мурасы

Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргыз президенти Садыр Жапаров кезексиз парламенттик шайлоону 30-ноябрга дайындады. Жогорку Кеңештин бул курамы эч кандай саясий кризиси жок эле мөөнөтүнөн мурда өзүн-өзү таркаткан биринчи чакырылыш болуп калды. Төрт жыл ичинде парламент кандай маанилүү чечимдерди кабыл алды жана эмнеси менен эсте калды?

Алды менен депутаттардын бул курамы кандай саясий жагдайларда шайланып келгенин бир эске салалы.

"Макулман" парламент

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразылык элдик толкундоолорго алып келип, андан кийинки окуялар кыргыз саясатын жаңы нукка бурду.

Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда президенттик шайлоо жана Башмыйзамдын өзгөртүү тууралуу референдум өттү. Өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке кайтып, 2021-жылдын 28-ноябрында шайланып келген жаңы парламенттин чама-чаркы кыйла чектелди. Буга карабастан Жогорку Кеңеште азуусун жаныган, сынчыл көз караштагы же оппозициялык маанайдагы саясатчылар да болду.

Бирок алардын айрымдарынын дымагы жана тагдыры бийлик өкүлдөрү менен, өзгөчө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыштарда сыналып жатты. Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бакиров, Султанбай Айжигитовдун өңдүү депутаттардын тажрыйбасы башка эл өкүлдөрүнө сабак болуп, парламенттин саясий маанайын аныктагандай болду.

"Жашырганда эмне, Жогорку Кеңеш толугу менен 90-95% президенттин администрациясына көз каранды болуп калган десек калыстык болот", - деп жазды «Фейсбуктагы» барагына саясат талдоочу, президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректору Алмазбек Акматалиев.

Ал депутаттар "жакшы иштегенин", "президенттин жана өкмөттүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн багытталган бүт мыйзамдарын колдоп бергенин", эл өкүлдөрү "макулман" позициясын тутуп келишсе, "таркатуунун эмне кажети бар эле" деген суроого да жооп издеген.

Жаңылануу жараяны, кезек Жогорку Кеңештеби?

"Түпкү жообу мындай: жаңы Кыргызстанда курулуп жатканда жаңы Жогорку Кеңеш керек. Кыргызстан эгемен мамлекет катары жаңы доорду башынан өткөрүп атат. Аны менен кошо жаңы желек, жаңы гимн жаралып жатат. Кезек Жогорку Кеңеште", - дейт бийликтин бир катар демилгелерин колдоп келген талдоочу.

Жаңылануу демекчи, Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну алмаштыруу сунуш колдоп, парламент төрагасы мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн.

Коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев парламенттин соңку курамы эмнеси менен эсте калды деген суроого:

"Эгемендиктин символу болгон тууну жыгышты, эгемендиктин символу болгон гимндин ишбалдасын чыгарышты, бийликтин маанилүү бутагы болгон Жогорку Кеңешти орду-түбү менен отургузушту",- деп коомдук сайттарда мүнөздөмө берди.

Бирок буга парламенттин депутаттары ынабайт.

Ак үйдүн "нотариусу"

Жогорку Кеңеш тарар алдында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бул чакырылыш маанилүү мыйзамдарды бекитип бергенге жетишкенин тизмектектеп өттү.

"Улуттун азыгы, жүрөгү болгон "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамды кабыл алдык. Бул дагы чоң эрдик", - деген спикер Өзбекстан, Тажикстан менен чек аралардын чечилишин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун макулдашуусун, аймактык-административдик реформалар жөнүндөгү документтерди, экономикалык мунапыс мыйзамын жана совет доорунда репрессияланган ата-бабаларды актоо жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышын баса белгиледи.

Жетинчи чыгарылыштын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жетинчи чыгарылыштын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу

"Спикер соңку сөзүндө деле көп иш жасадык деп, мисалдарды эсептеп өттү. Бирок ал тизмектеген демилгелердин бардыгы аткаруу бийлигинен, өзгөчө президенттик администрация демилгелеген мыйзамдар болду. Чек ара тууралуу айта турган болсок, ал чек ара боюнча мамлекет аралык комиссиянын аракети болду. Ал эми Жогорку Кеңеш негизинен бекитип берип атты. Ошол нерсе бул чакырылыштын негизги мүнөздүү нерсеси болду. Бекитип бергич орган, нотариус сыяктуу офис болуп калды", - дейт саясат таанучу Эмилбек Жороев.

Ошол эле маалда талдоочу Жогорку Кеңештин дарегине сындар арбын айтылып жатканы менен парламенттин ишмердиги Конституцияга ылайык жана реалдуу саясий кырдаалга шайкеш жүрдү деген пикирде.

Серепчи 2021-жылы өткөн конституциялык реформанын негизинде өлкөдө бийлик борбордоштурулуп, президенттик бийлик үстөмдүгү орногон дейт.

"Демократияга көр казышты"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Деген менен жарандык коом өкүлдөрүнүн алтынчы чакырылышка дооматы чоң. Себеби, алардын пикиринде, бул чыгарылыш жалпыга маалымдоо каражаттары сыяктуу сөз эркиндигин чектейт деген талаштуу мыйзамдарды кабыл алды. Мындан тышкары мурда колдоо таппаган «чет элдик өкүл» тууралуу мыйзамдын долбоорун жактырды. Соңкусу – Акыйкатчы тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизип, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун ишмердиги эми жокко чыкты.

Серепчи Алмаз Тажыбай бул чечимдер менен парламент өлкөдөгү демократияны артка сүйрөгөндөй таасир калтырып жатканын айтат:

"Демократиялык мамлекетте жарандык коом институту иштейт. Аларга эркин иштөөгө шарттар түзүлүшү керек. Сөз эркиндиги керек. Бирок тилекке каршы жетинчи чакырылыш демократияга көр казгандай кылды. Жарандык эркиндиктерди чектеди, бейөкмөткө уюмдарга каршы тыңчы деген мыйзамды алып келишип, жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ишмердиктерин токтотушту. Социалдык медиада ката жаңылык кетсе, 20 миң сомго чейин айып пулга жыга тургандай Кылмыш кодексине да өзгөртүүлөр киргизишти. Бул дагы сөз эркиндигине басым болчу долбоорлордин бири болду".

Тажыбай, ошол эле убакта, жетинчи чыгарылыштын экономикалык жактан жакшы чечимдери да болгонун тааныйт. Бирок ал парламент эркин журналисттерди аткаруу бийлиги куугунтукка алганда, адам укугу тарабынан коргой албады, сөз эркиндигин толук кандуу камсыз кыла албай коюшту, деген пикирде.

Мандатынан жыдыгандар

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы жаңы Конституциянын негизинде жарым-жартылай пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайланган. Бул парламенттеги жаңы жүздөргө жол ачты. Бирок төрт жыл ичинде жетинчи чакырылыштын курамы баштапкыдан кыйла өзгөрдү. Бир мандаттуу округдардан келген 36 депутаттын ону иш мөөнөтү аягына чыккыча эле мандатынан баш тартты. Партиялык тизме менен келген эл өкүлдөрү да мандатын тапшырган учурлар болду. Алардын айрымдары өз эрки менен, кээ бирлери саясий басымдан улам депутаттыктан кеткенин айтышты.

Адахан Мадумаров кыргыз саясатындагы өзүнүн электораты бар саясатчы экени белгилүү. 2021-жылы январда өткөн соңку президенттик шайлоодо ал марага Садыр Жапаровдон кийинки эле келген талапкер болгон.

2021-жылдын ноябрындагы парламенттик шайлоодо анын "Бүтүн Кыргызстан" партиясы босого чектен өткөн. Парламентке келген мүчөлөрүнүн бир бөлүгү өздөрүн биринчи оппозициялык фракция деп сыпатташты. Андан кийин Мадумаров учурдагы бийликтин жүргүзгөн саясатын сындап, кемчиликтерин айтып келди. Анын парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышы да көпчүлүктүн эсинде.

Жогорку Кеңештеги Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы, 2-июнь, 2022-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештеги Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин кайым айтышы, 2-июнь, 2022-жыл

Мадумаровго кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн кылмыш иши козголуп, былтыр апрелде ал депутаттыктан мандатынан ажыратылган.

Дагы бир депутат "Ыйман Нуру" фракциясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков дагы парламентте сынчыл суроолорду бергени менен белгилүү эле. Өзгөчө Өзбекстан менен чек араны тактоодо суроолорун эркин берген депутаттардан болду. Эске салсак, 2023-жылы Эл аралык республикалык институттун кезектеги баяндамасы чыгып, анда Кыргызстандагы саясатчылардын рейтингинде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден кийин эле эң ишенимдүү саясатчылардын үчилтигине да дал ушул Нуржигит Кадырбеков илинген эле. Бир жыл өтпөй депутат "Ыйман" фондун жетектеп турган маалдагы ишмердиги боюнча УКМКга күбө катары суракка чакырылып, былтыр мандатын тапшырды.

Ушул эле "Ыйман Нуру" фракциясынын дагы бир өкүлү Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта парламентте кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасап, андан кийин Камчыбек Ташиев менен айтышкандан кийин, алгач фракциядан чыгарылып, андан кийин мандатынан кол жууду. Ал губернатор кезинде мыйзамсыз кызматка дайындоого барган үчүн жана 2018-жылы ага "бейбаштык" беренеси боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде депутаттыктан четтетилгени кабарланган.

"Алтынчы чыгарылышты Атамбаев "чимкирик" деп атап жаман көрдүк эле, бирок жетинчи чакрылыштын депутаттары сөз сүйлөй албаган, көз каранды парламент экенин көрсөтүп койду. Мисалы, ондогон депутаттар мандатып белгисиз жагдайда тапшырып, парламенттен чыгып кетишти, дагы соттолуп аткандары бар. Бирок өз укугун, статусун, эл берген мандатты коргой албай атышат", - дейт "Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде жарыяланган ой-толгоосунда өзүн-өзү тараткан парламенттин чакырылышы "президенттин реформасынын курсун жалпысынан колдогонун жана маанилүү салым кошконун" айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

"Биз бул фактыны так моюнга алышыбыз керек жана аны кайталоодон эч тажабайбыз. Кийинки парламент өзүнүн курамы менен гана эмес, өз ишине мамилеси менен да өзгөчөлөнүшү керек", - деди ал.

Убагында эл өкүлдөрүнүн өкмөт мүчөлөрүнө жасаган мамилесин сындаган Байсалов жаңы шайланып келе турган депутаттар "парламент трибунасындагы кармаштардын" доорундагы эски жүрүм-турум моделдеринен кетиши керектигин эскерткендей болду.

Айтор, алдыда сегизинчи чыгарылыштын шайлоосу турат. Ал жаңы шайлоо мыйзамы менен өткөнү жатат. Ага ылайык, эми Кыргызстанда түзүлө турган 30 округдан үч депутат шайланып келет.

Коомчулукта өзүн-өзү таркатууга барган депутаттардын кайра парламентке келишине жол бербөө сунушу жаңырып, ошол эле убакта айрымдарынын кайра шайланышын сүрөгөндөр болууда.