Эрдоган: Путин "Байрактар" аскердик дронун чыгарууда кызматташууга кызыкдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын президенти Владимир Путин “Байрактар” (Bayraktar) учкучсуз учактарды сатып алууга, керек болсо биргелешип дрондорду жасоочу заводду Бириккен Араб эмираттарында курууга кызыкдар.
Мындай билдирүүнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын” жыйынында билдирди деп CNN телеканалынын түрк кызматы кабарлады.
"Путин "Bаykar менен иштешели" деп айтып жатат, - деди Эрдоган. - БАЭ өз аймагында "Baykar'дын заводун курууну сунуштады".
Эрдоган 5-августта Москвага сапар жасайт. Ал “Байрактар” тууралуу башка маалыматты ачыктаган жок. “Байрактарды” чыгарган Baykar компаниясы Украина менен кызматташып келет. Украина согушка чейин аскердик дрондорду сатып алып, 2021-жылдын декабрь айында өлкөдө "Байрактардын" өндүрүшү башталган. Социалдык тармактарда украиндердин “Байрактары” орусиялык аскердик техникаларды жок кылган видеолор бар.
Ал эми Baykar компаниясынын башкы директору Халук Байрактар 19-июлда аскердик дрондорду Орусияга жеткирбестигин айткан. Ошол эле учурда бир катар медиалар Baykar’дын техникалык директору Селчук Байрактар Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы экенин жазышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Майдын аягында Литванын жарандары Украинанын куралдуу күчтөрүнө учкучсуз учуучу аппаратты сатып алуу үчүн үч күндүн ичинде 5 млн евродон ашуун каражат чогулткан. Көп өтпөй аскердик дрондорду чыгарган Baykar Makina компаниясы литвалыктар үчүн “Байрактарды” акысыз бере турганын, ал эми чогултулган акчаны Украинанын башка муктаждыктарына иштетүүгө болот деп билдирген. Литванын эли жана Baykar компаниясынын аракеттери “асыл иш” деп аталды.
Акча каражаттарын чогултууга карылар үйү да катышканы кабарланган. Июндун аягында украин коомдук ишмери Сергей Притуланын кайрымдуулук фонду үч аскердик дронду сатып алуу үчүн 500 млн гривна (дээрлик 17 млн доллар) чогултулуп баштаганын жарыялаган. Айрым маалыматтарга караганда, түрк компаниясы кээ бир аппараттарды акысыз берүүгө даяр. Аны улай Польшада дагы ыктыярчылар "Байрактарды" сатып алууга каражат топтой башташкан.
Baykar компаниясы учкучсуз учактарын Борбор Азия өлкөлөрүнө да сатып келет - анын ичинде Кыргызстан да бар.
Бул багыттагы эксперттер учкучсуз мындай жабдуулар куралдуу кагылыш, согуштарда өзгөчө роль ойной баштаганын белгилешет.
"Байрактар" постсоветтик өлкөлөрдө

Сүрөттүн булагы, president.kg
Постсоветтик өлкөлөрдөн түркиялык "Байрактарды" Украина, Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Тажикстан сатып алган. Борбор Азия өлкөлөрү "Байрактарды" колдоно элек, ал эми Азербайжан жана Украина аскердик дрондорду согуштук аракеттерде сынап көрдү.
Азербайжан 2020-жылы орун алган 44 күндүк Экинчи Карабак согушунда "Байрактарды" кеңири колдонуп, биринчи күндөрү бир нече “Оса” жана “Стрела-10” армениялык асмандагы чабуулдан коргонуу (АЧК) техникаларын жок кылган. Эксперттер "Байрактардын" эффективдүүлүгүн Армениянын АЧК техникалары эски болгону менен түшүндүрүшкөн.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
"Байрактардан" тартылган видеолорду Азербайжандын коргоо министрлиги соцтармактарга таратып, бул армян аскерлеринин демин түшүүсүнө алып келгени да кабарланган. Эксперттер Азербайжан согушта жеңишке жетип, Армениядан Тоолуу Карабакты тартып алуусуна "Байрактар" маанилүү фактор болгонун белгилешкен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми Украина "Байрактарды" сатып алып, сыноолордон өткөрүп баштагандан кийин аскердик эксперттер анын кемчиликтери тууралуу айтып баштаган. Негизинен дрондор жаңы АЧК системасына жакшы туруштук бере албастыгы айтылган. Бирок аскердик дрондордун Экинчи Карабак согушундагы жыйынтыктары украин бийлигин кошумча Bayraktar’ды сатып алууга бел байлаткан.
Мындан сырткары, 2021-жылдын декабрь айында, президент Владимир Зеленскийдин офисинин жетекчиси Андрей Ермак, Украинада "Байрактардын" өндүрүшү башталганын билдирген.
Украина Орусиянын кол салуусуна чейин дрондорду негизинен Крым жана Донбасстын аймагында чалгындоо максатында колдонуп жүргөн.
Украинанын Куралдуу күчтөрү алгачкы жолу дрондорду өткөн жылдын октябрь айында Донбасстагы орусиячыл жикчил күчтөргө каршы колдонгон. Согушка чейин Украина 50 даана "Байрактар" сатып алганы айтылган, ал эми мартта дагы кошумча комплекттер алынган.
Москва бул боюнча нааразылыгын билдиргени менен түрк бийлиги Украина дрондорду “жеке компаниядан сатып алган” деген жооп кайтарган.24-февралда Украинанын Куралдуу күчтөрү "Байрактар" орус армиясына каршы колдонула баштаганын маалымдаган.
Март айында Буча шаарына кирген орус аскерлеринин колоннасы "Байрактар " тарабынан аткыланганы кабарланган. Жергиликтүү тургундар орус аскерлери Бучадан өтүп баратканда бир маалда түз жолдун кууш жерине тыгыла түшүп, дрондор үчүн сонун бутага айланганын айтышкан.
Ошондой эле "Байрактар" аскердик дрондору 13-апрелде Орусиянын Кара деңиздеги “Москва” крейсерине чабуулга катышкан деген версия бар. Маалыматка ылайык, "Байрактар" крейсердин асман чабуулунан коргонуу системасына сокку урган, андан соң флагмандын өзүнө украиналык “Нептун” ракеталары түшкөн.
“Москва” крейсеринде өрт чыгып, көп өтпөй ал чөгүп кеткен.Орусия крейсер чабуулдан эмес, бортто өрт чыккандан улам чөгүп кеткен деген версияны карманууда. Алгач орус Коргоо министрлиги крейсердеги экипаж толугу менен эвакуацияланганын кабарлаган. Бирок 22-апрелде орус тарап бир деңизчи каза таап, 27 дайынсыз жоголгонун моюндаган. (ЕВ)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:
































