Өкмөттүк эмес уюмдар менен депутаттарды кызыл-чеке кылган мыйзам

Сүрөттүн булагы, Social media
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 22-майда “Өкмөттүк эмес уюмдартууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт. Депутат Бактыбек Райымкуловдун демилгеси менен жарандык коомдун киреше-чыгашасына көзөмөл күчөтүлгөнү жатат.
Укук коргоочулар аталган мыйзамды чакыртып алууну талап кылышып, болбосо пандемияга карабай митинге чыгарын эскертишүүдө.
Каржылык отчет, атайын портал жана айып пул
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарын жылына бир жолу каржылык отчет берип турууга милдеттендирүү тууралуу маселе көтөрүүдө. Убагында отчет бербеген бейөкмөт уюмдарды мыйзам менен 5-10 миң сомдун тегерегинде айып пулга жыгуу каралып жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Тийиштүү мыйзам долбоору быйыл жыл башында коомдук талкууга коюлган. Депутат аны мындай мыйзам сунуштоого 2019-жылы өлкөдө болуп өткөн чулгандуу социалдык жүрүштөр түрткөнүн айтууда:
“Былтыр 8-мартта кыргыз элине туура келбеген гейлер парады болду. Музейге жылаңачтап алып чыккан көрүнүштөр болду. Андай кыргыздын каада-салттарына туура келбейт экен. Бул тууралуу коомчулукта катуу сын-пикир айтылды. Булардын чет өлкөдөн келген каржы булактары кандай багытта колдонулуп жатканын эл ачык билсин деп жатабыз”
Райымкулов соңку 26 жыл ичинде Кыргызстанга сырттан бейөкмөт уюмдары үчүн деп эки миллиард доллардан ашык акча которулган дейт. Депутат ал акчаларга көзөмөл жок болуп жатканын тынчсызданат. Бейөкмөт уюмдарынын отчету атайын мамлекеттик порталга илинмекчи.
“Кезектеги чабуул”
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда демократияны алдыга сүрөгөн жарандык коом өтө күчтүү жана активдүү. Өлкөдө 30 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Бирок 500 чамалуусу активдүү иш алып барат.
Негизинен алар адам укуктарынын, сөз эркиндигинин камсыздалышына көзөмөл, байкоо салып келишет.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракети буга чейин 2015-2016-жылдары болгон. Анда чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган эле. Жарандык коом ал демилгеден Орусиянын таасирин көрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Кыргызстандагы чиновниктерге бул адат болуп калды, жарандын коомдун үнүн уккусу келбесе мыйзам аркылуу чектөөлөр башталат. Бизге карата катуу чабуул 2016-жылы майда Кыргызстанда ЕАЭБге киргенден кийин Орусиянын тажрыйбасын киргизем деп Атамбаевдин командасы аябай шашкан”,- деди “Бир дүйнө” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
Мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдарына саясий партиялар, медресе-мечиттер да кирет. Бирок алардын да кирди-чыкты каражатына көзөмөл болуп атабы, деп суроо салышат укук коргоочулар.
Бузулган регламент, шашылыш жыйын
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзам долбоору быйыл мартта биринчи окууда кабыл алынган. Бирок укук коргоочулар анда документти кароодо регламент одоно бузулган деп жатышат. Эми экинчи айлампада аны шашыла комитет талкуусуна алып чыгуу өзгөчө кырдаал шартына туура келбестиги айтылууда.
“Коронавирусту таратпоо тууралуу чектөөлөрдү сактагыла деген мыйзамдарды бузганга шарт түзүп жатасыңар. Сиздерден суранабыз, урматтуу Бакыт Райымкулов, Жылдыз Мамбеталиева, Улан Примов, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев биздин алсыздыгыбыз менен пайдаланбасаңыздар. Келе албастыбыгыбыз менен пайдаланып, мыйзамды талкуулаганга аракет кылып жатасыздар. Жайдай жакшыргыча бул талкууну жылдырып коюңуздар”,-деди өз баракчасында Оштогу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева.
Аталган мыйзамдын башкы демилгечиси Бактыбек Райымкулов болду. Кийин дагы жети депутат авторлош болгону белгилүү. Андагы депутаттардын бири Аида Исмаилова азыр вице-премьер кызматын аркалайт.
Мыйзамга каршылык жана нааразылыктар көп болууда, бирок депутаттар аны чакыртып алуудан баш тартып келет.
“Бул демилгенин максаты бейөкмөт уюмдарды кошумча көзөмөлдөө. Эмне үчүн керек дегенде, балким жарандык коом өзүнун жигердүүлүгү менен саясатка көрсөтүп жаткан таасирин азайтуу. Ошону көзөмөлдөө үчүн депутаттардын жагалданып, кошумчалап жаткан демилгеси”, -деген эле буга чейин Би-Би-Сиге берген интервьюсунда жарандык активист Чоробек Сааданбек.
Өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин деле, салык жана социалдык кызматтарга отчет берип келишкен. Андыктан алар бул мыйзам менен мамлекет жарандык коомго көзөмөлүн дагы күчөткөнү жатышат деген пикирде.
































