Зеленскийдин маалымат жыйынында эмнелер сөз болду?

Сүрөттүн булагы, EPA
Президент Владимир Зеленский жылдын жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп, Украинадагы мобилизациянын масштабы кыйла өсүшү мүмкүн экенин айтты.
Президент украин армиясы андан 450-500 миң кишини мобилизациялоону суранганын, бирок ал жаңы аскерлерди тартууну гана эмес, ошондой эле эки жылга жакын кызмат өтөп жаткандарды демобилизациялоону да эске алып, армияга планды өзгөртүүнү сунуштаганын билдирди.
Ал мындан тышкары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына аялдарды тартууну караган мобилизация жөнүндө мыйзамга кол коюуну көздөбөй турганын, бирок белгилүү бир шарттарда жашы 25тен жогору украиндерди мобилизациялоого макул боло аларын билдирди.
Украинанын президенти Орусия согушта “бир дагы жеңишке” жете албаганын белгилеп, Украина жеңилип калуу коркунучу бар деген жоромолдорду четке какты.
Фронттогу кырдаал жана аскер командачылыгы менен болгон мамилелер тууралуу суроо узатылганда президент кыжырдануусун жашыра албай, комментарий берүүнү каалабады жана Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды кызматтан алуу ниети барбы деген суроого бир нече жолу түз жооп берүүдөн качкан.
Жыйынтыгында Зеленский Залужныйды өз командасынын мүчөсү деп атап, андан конкреттүү жыйынтыктарды жана Украинанын кызыкчылыгы үчүн иштөөнү күтөөрүн баса белгиледи.
Украинанын президенти ошондой эле АКШ жакынкы аралыкта Киевге кошумча аскерий жардам бөлүүгө бөгөт коюуну алып сала аларына ишеним билдирди.
"Орусия бир дагы жеңишке жетишкен жок"
Украин президентинин маалымат жыйыны фронтто согушуп жаткан Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине ыраазычылык билдирүү менен башталды.
Зеленский "Орусия бир дагы жеңишке жете элек" деп айтты жана Би-Би-Синин кабарчысы Жессика Паркердин "Украина бул согушта утула баштады деген коркунуч барбы?" деген суроосуна, "Жок!" деп жооп берди.
Анын айтымында, 2022-жылы Украина олуттуу бөлүгү оккупацияланган өтө оор кырдаалга туш болгон, бирок өлкө блокададан чыга алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Зеленский жеңиштин баасы өтө жогору экенин айтты жана Украинада "кыйынчылыктар болуп жатат" деген пикирге кошулду – ал кыйынчылыктар учурда башка нерселер менен катар артиллериялык снаряддардын жана танкка каршы куралдардын жетишсиздиги менен байланыштуу.
Ал белгилегендей, кандайдыр бир божомолдордун авторлору чыр-чатактын качан жана кантип бүтөөрүн алдын ала так айта алышпайт.
“Согуш, жеңиш, стагнация –ар кандай чечимдерден, көптөгөн багыттардан көз каранды, бирок көбүнесе – баарыбыздан көз каранды. Эгерде биз чыдамдуулугубузду жоготпосок, анда согушту эртерээк бүтүрөбүз”, - деди президент.
Ал ошондой эле орус бийлиги Украина тез эле жеңилет деп мурда божомол кылганын, бирок алардын ниети таш капканын эске салды.
Мобилизациялоо маселеси
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү андан 450-500 миң кишини мобилизациялоону суранганын, бирок ал жаңы аскерлерди тартууну гана эмес, эки жылга жакын кызмат өтөп жаткандарды демобилизациялоону да эске алып, армияга планды өзгөртүүнү сунуштаганын билдирди.
“Мага дагы аргументтер керек деп айттым”, - деди Зеленский.
Анын айтымында, бул жаатта калыстыкты сактоо зарыл.
"Биз эң эр жүрөк адамдарыбызды жогото албайбыз" - деп баса белгиледи ал.
Зеленский ошондой эле мындай сандагы адамды мобилизациялоонун баасы 500 миллиард гривенди (болжол менен 13 миллиард доллар) түзөрүн айтты.
“Эгерде аялдарды аскерге тартуу каралса, президент мобилизация жөнүндөгү мыйзамга кол коёбу?” деген суроого Зеленский: “Мен аялдардын аскерге чакырылышына кол койбойм”, - деп жооп берди.
Ал белгилүү бир шарттарда калктын башка категорияларын, анын ичинде 25 жаштан жогорку адамдарды аскерге чакырган мобилизациялык мыйзамды бекитүүгө даяр экендигин билдирди. Азыр Украинада 27 жаштан баштап мобилизацияланат.
"НАТОго жарым-жартылай мүчө болуу - бул болбогон нерсе"
Украин журналисти Зеленскийден Украина НАТОго жарым-жартылай - башкача айтканда, коопсуздук кепилдиктери өлкөнүн бардык аймагына эмес, Орусия басып албаган аймактарга гана тиешелүү болгон шартта кире алабы деп сурады.
Украин президенти Украина азырынча НАТОго чакырыла электигин, бирок бул өлкө үчүн “эң күчтүү вариант” экенин айтты.
“Бизди НАТОго чакырышкан жок. Ал эми жарым-жартылай мүчөлүк, чынын айтсам, болбогон нерсе. Бизге бир дагы өнөктөштөн мындай сунуш түшкөн эмес”, - деди ал.
Ал ошондой эле батыштагы союздаштар менен коопсуздук гарантиялары боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюу тууралуу сүйлөшүүлөр ал каалагандан жай жүрүп жаткандыгын мойнуна алды.
Зеленский Украина али өнөктөштөрүнө мындай келишимдердин аскердик тарабы тууралуу өз ойлорун билдириши керек экенин тактады.
Зеленский Залужныйды кызматтан кетиреби?
Акыркы айларда көптөгөн байкоочулар жана журналисттик булактар президент Владимир Зеленский менен Украин Куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы Валерий Залужныйдын ортосунда чоң жаңжал болгонун кабарлашкан.
Батыш медиа басылмаларынын айтымында, президент Залужныйдын популярдуулугуна жана анын ноябрдагы интервьюсуна кыжырданган, Залужный фронт туңгуюкка кептелип, жоокерлер окоптук согушка өткөнү жөнүндө билдирген эле.
Украин өкмөтүнүн өкүлдөрү мындай жаңжал болуп жатканын четке кагууда.
Пресс-конференцияда Зеленскийден Украинанын жайкы контрчабуулдары ийгиликсиз болгон соң өлкө аскердик стратегиясын өзгөртөбү жана ал аскерий жетекчиликти алмаштырууну көздөп жатабы деген суроого жооп берди.
“Биздин конституцияга ылайык стратегияны өзгөртүү мүмкүн эмес – бул биздин аймак”, - деди президент.
Ал, тактикалар "2023-жылдагы иш-аракеттерибизди талдап чыккандан кийин" өзгөртүлүшү мүмкүн деп кошумчалады.
Зеленский аскердик жетекчиликти алмаштыруу боюнча суроонун бир бөлүгүнө жооп берген жок.
Ушундан кийин бул суроо тигил же бул формада бир нече жолу көтөрүлүп, натыйжада украиналык “Суспильне” коомдук телерадиокомпаниясынын кабарчысы Зеленскийден түз эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды кызматтан алуу пландалып жатабы деп сурады.
“Бул теманы козгоп эмне кереги бар? Залужный менен ишке байланышкан мамилем бар. Ал согуш талаасындагы натыйжа үчүн Башкы штаб менен бирге башкы командачы катары жооп бериши керек”, - деди президент.
Пресс-конференцияда Зеленскийди бизге кандай көрдүндү?
Ал биздин баягы эле Зеленский болчу. Ал мурдагыдай эле ички проблемаларга караганда, эл аралык мамилелерге тиешелүү темаларды, дүйнөлүк лидерлер менен болгон байланыштары тууралуу сүйлөгөндү артык көрдү.
Ички көйгөйлөр жөнүндө сурашканда, ал, адатта, аларды көзөмөлдөөгө жетиштүү убакыт жок деп жооп берди. Ал үчүн өкмөт, аскерлер же башка бирөө жооп берет. Ал эми президенттин милдети – лидер болуу, дүйнөлүк аренада Украинанын атынан сүйлөө, согуш жүргүзүү деп айтты.
Бирок ошол эле учурда польшалык журналисттин Украинанын Польша менен болгон көйгөйлөрү тууралуу суроосу Зеленскийдин жан дүйнөсүнө жеткени анык болду: ал бул суроого абдан узак, деталдуу жооп берип, Польша менен анын өлкөсүнүн татаал эки жылдык тарыхын иш жүзүндө кайталап айтып берди.
Эгер Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса, бул Украинадагы согуш кырдаалын терс жакка өзгөртөт деп Зеленскийдин чын жүрөктөн тынчсызданганын билдирди.
Мына ушуларды эске албаганда, ал журналисттер менен тамашалашууга аракет кылган баягы эле Зеленский эле. Маселен, ал дагы бир польшалык журналистке Украина анын апасына уулуна жолугуу үчүн “Укрзализницадан” (Украин темир жолдору) бир вагон берүүгө даяр экенин айтты.
Ал эми адамдык көз караштан алганда анын мурдагыдай жле абдан чарчаганы көрүнүп турду.
































