Казакстанда улуган бороондо калган кыргызстандыктардан кабар

Сүрөттүн булагы, Social media
Казакстанда улуган бороон Актөбө облусу тарапта жолду бөгөп, кар учуруп, айдоочулар менен жолоочуларды катуу убайымга салды. Миңден ашуун унаа жолдо камалып турат. Арасында кыргызстандык айдоочулар дагы бар. Телефонго тартып алган видеолордон бороон киши учурчудай алай-дүлөй салып жатканын көрүүгө болот.
Би-Би-Си ошол жердеги кыргыз айдоочулардын бирине байланышып, ал-жайын сурады.
"Жүргүнчүлөр менен чакан чиркегич сүйрөтүп алып кетип бара жаткам. Катуу бороондон улам үч күндөн бери ары да, бери да кете албай туруп калдык. Өзгөчө эки күн укмуш эле болду, көз ачыргыдай эмес. Бүгүн эле бир аз күндүн көзүн көргөндөй болдук. Карабутак деген айылда турабыз. Ушул жерде түнөмөй, өзүмдүн деле, жүргүнчүлөрдүн деле 3-4 күнгө жеткидей эле камылгасы бар эле. Аныбыз да түгөнөйүн деп калды. Бизден алдыга кеткендер менен 8-февралда байланышып, кабарлаштым. Алар токтогон жерде бороон мындан да катуу болуптур. Эми акырындап кезекке тизип, 20-30 унаадан коё бере баштады. Бирок биз азырынча жыла элекпиз, кезек күтмөй. ӨКМдин жетекчилиги байланышып кабар алды, эмне жардам керек деп сурашты",- дейт айдоочу Бек Данияров.
Бул боюнча Facebook тармагында талкуу жүрүп, нандын баасы сом менен 300 сомго чейин чыгып кетти деп жазышууда. Бирок биз кабарлашкан айдоочу андай маалыматты тастыктаган жок.

Сүрөттүн булагы, Social Media
7-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Казакстанда катуу бороон болуп, Самара-Шымкент жолунун болжол менен 142 чакырым аралыгында, Бөгөт-Сай айылы менен Ак-Дөбө шаарынын ортосунда кар күрткү пайда болуп, каттам эки тараптуу жабылды.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуядан толук кабары бар экенин айтууда.
"Жылытуу пункттары ачылып, жолдо калган жарандар жайгаштырылды. Бардыгы тамак-аш, дары-дармек менен камсыздалды. Арасында эвакуация болуудан баш тарткандар дагы бар. Аларга тамак-аш жеткирилүүдө. Бардык жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатат. Казак кесиптештер менен байланыштык. Аларда күч жетиштүү болгондуктан биз тараптан эч кандай жардам кереги жок дешти. Учурда ал жакта канча кыргыз бар, абалы кандай, тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда жолду ачуу иштери жүрүп жатат",- деди ӨКМ басма сөз кызматы.

Сүрөттүн булагы, Бек Данияров




























