"Замбирек бутасына айлангандардын чабуулдары". Аскерге чакырылган орусиялыктардын көйгөйлөрү

Сүрөттүн булагы, VADIM SAVITSKIY/TASS
- Author, Илья Барабанов, Сергей Горяшко, Ольга Ившина, Анастасия Лотарева, Ольга Просвирова
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Владимир Путиндин үзөңгүлөшү Евгений Пригожиндин жетекчилигиндеги "Вагнер" жалданма жоочулар тобунун Бахмутка кол салуусу дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда болуп жаткан чакта, аскерге кошумча чакырылган (мобилизацияланган) орусиялыктар президент Владимир Путинге арыздануусун улантышууда.
Алар өздөрүнүн аймактык коргоо багытындагы милдеттеринен ажыратылып, Кремль тарабынан бир тараптуу убактылуу каратылып, андан соң Донецк Элдик Республикасы (ДЭР) жана Луганск Элдик Республикасы (ЛЭР) деп аталып жүргөн мыйзамсыз түзүлүштөрдүн куралдуу топторуна тапшырылып калгандыктарына жана андан ары кан майданга жөнөтүлүп жатышкандыгына өзгөчө нааразы болушууда.
Өз кезегинде алиги ДЭР менен ЛЭРдегилер орусиялык аскерге кошумча чакырылгандар согуш аракеттерине эч шыктанбастан ыргылжың мамиле кылып жатышкандыктарына жана аскердик тажрыйбасы жоктугуна ичи чыкпай келишет.
Бул жаңы жоокерлердин туулуп-өскөн аймактарынын жетекчилери болсо аскерге чакырылгандарды тил эмизип тынчтандырууга далаалат кылышууда. Тараптардын – аскерге чакырылгандар менен жикчилдердин турумдарын салыштырсак, анда орусиялык куралдуу күчтөрдө ынтымактын жоктугу айдан ачык сезилет.
Аскерге жакында кошумча чакырылган орусиялыктар өздөрүн Украинадан бир тараптуу эгемен жарыялаган ДЭР менен ЛЭРдин колбашчыларына өткөрүлүп берилүүдө. Андан соң бул келгин жоокерлер дароо кан майданга жөнөтүлүп, оор жоготууларга учурап жатышат.
Акыркы апталарда Орусиянын ар кайсы аймактарынан аскерге чакырылып келген үч башка топ уруш талаасында жана ага жакын чөйрөдө болуп жаткан окуялар боюнча өз даттанууларын интернетке видео билдирүү түрүндө жарыялашты.
Аскер кызматына кошумча чакырылгандардын дооматтары улам жаңы видео тасма аркылуу кайталанып жатат: аларга Экинчи дүйнөлүк согуштан калган эскирген курал-жарактарды колдонуу менен согушууга туура келүүдө; орусиялык жоокерлерде абадан чалгын уюштуруу техникасы жок; өздөрү чабуулга аттандырылганга чейин бул аскер кызматына чакырылгандарга чабуулга өтүү тууралуу жазуу жүзүндө буйрук берилген да эмес. Ошентип, видео тасмадагы даттанууда айтылгандай, эгерде орусиялык жоокерлер набыт кетишсе, анда алардын офицерлеринин бири да бул өлүм-житим үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.
Алар чабуулга өтүү тууралуу жазуу жүзүндө берилчү буйруктун өзүн кантип элестетишет? Видео кайрылуунун катышуучулары бул жаатын эч такташпады.
Орусиялык аскер бригадасынын командири, батальондун командири же рота командирлери казылган окопторду кыдырып жүрүп, ар бир жоокерге кол койдуруу аркылуу алардын чабуулга өтүүсүн милдеттендирген жазуу жүзүндөгү буйрук бериши керектиги жөнүндө бир дагы аскердик колдонмодо өзгөчө айтылган эмес. Путин мырза "атайын аскердик чара" деп аталган ири өлчөмдөгү баскынчыл согушту баштоо буйругун Орусиянын жогорку командачысы катары 2022-жылдын 24-февралында жарыялаган болчу. Бул путиндик буйрук – баскынчы аскерлер үчүн жетиштүү.
Орусиялык бийликтер көбүнчө көйгөйлөрдү мындайча жол менен чечишет – адегенде алар аскерге кошумча чакырылгандардын күжүрмөн чабуулчу катары колдонулуп жатышкандыгын четке кагышат, андан соң даттанып чыккандарды согуштун алдыңкы тилкесинен коопсуз жайга чыгарып кетишет.
"Сиз маа демектен абакка отургузуңуз, бирок өмүр кымбатыраак"
Аскерге кошумча чакырылган орусиялыктардын дагы бир кайрылуусу 2023-жылы 7-мартта (шейшемби күнү) Телеграм-каналдарда пайда болду.
"Биз – Калининград, Мурманск жана Архангельск облустарынан аскерге чакырылгандарбыз. Биз Жогорку Башкы колбашчы В.В.Путинге бизге конкреттүү стратегия жана тактикалык тапшырмалар берилбей жаткандыгы жаатында кайрылабыз. Бизди чабуулга жөнөтүп жатышат. Аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен эч кандай байланышыбыз жок. Замбиректик аткылоо аркылуу аскердик колдоо да жок. Күнү-түнү көзөмөл жүргүзө турган чалгындык байкоо каражатыбыз жок. Чопкуттуу аскер унаасы жок. Артиллериялык аткылоо үчүн даярдык да жок”, – деп видео кайрылууда айтылат.

Сүрөттүн булагы, EVGENIY EPANCHINTSEV/TASS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мобилизациялангандардын айтымында, кан майдан тилкесинде эмес, аймактык коргонууда (оорукта) кызмат өтөөрү убадаланган жоокердик курамды оболу уруш жүрүп жаткан аймакка которушуп, андан соң аларды Донбасс аймагындагы өздөрүн бир тараптуу эгемен жарыялаган "жумурияттардын" аскер топторунун башчыларынын карамагына өткөрүп салып жатышат. Бул кийинки кол башчылар болсо украиндик аскердик буталарды чабуулга алган чакта, алиги аскерге кошумча чакырылгандарды тек гана “замбиректерге жем” катары колдонуп жатышат жана алардын өлүм-житимге учурап жатышын таназарга да алышкан жок.
Калининград, Мурманск жана Архангельск облустарынан чакырылган аскер кызматкерлеринин арызында болсо: "Биз чабуулчу аскер бөлүгү эмеспиз, аймактык коргонуу иштерине гана даярдалганбыз. Биринчи чабуулубуздун маалында эле бир окопто алты киши дароо мерт кетти", – деп айтылат.
Аскерге чакырылгандар өздөрүн ооруктагы аймактык коргонууга эле жөнөтөбүз деген убада айтылган, деп жаңылып жатышат. Биринчиден, кимди жана кайда жөнөтүүнү аскердик жетекчилик өзү чечет, ал эми ким, кимге жана эмнени убада кылган, деген суроого ал жетекчиликтин эч тиешеси жок. Экинчиден, аймактык коргонууда кызмат өтөө – бул сөзсүз эле оорукта кызмат өтөөнүн кепилдиги дегенди туюнтпайт.
Мисалы, эгемен Украинанын аймактык коргонуусунун жоокерлери Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн башка бөлүктөрү менен теңата деңгээлде Киев, Харьков, Мариуполь жана башка шаарлар үчүн салгылашкан.

Сүрөттүн булагы, BAIKAL_PEOPLE
Балким, ушундай даттануудан уламбы, айтор, полковник чининдеги калининграддык бир командир нааразы болгондордун бир тобун тынчтандырууга аракет кылган. Бул сүйлөшүүнүн видео тасмасын "Осторожно новости" каналы жарыялады.
Даректүү видео тасмада аскерге кошумча чакырылган нааразы жоокерлердин жүзү көрсөтүлбөйт, бирок алар жанкечтиликке тете чабуулдар жана өзүн-өзү эгемен жарыялаган ДЭРдин аскер жетекчилери менен болгон ыйкы-тыйкы жөнүндө сөз кылышат.
Жогорудагы командири менен баарлашуусу тууралуу бир мобилизацияланган киши тасмада мындайча айта кетти:
"Сиз түшүнүп жатасызбы, биз ошол жерде баарыбыз өлөбүз, деп айттым да! Биринчи эле салгылашта, же эң көп дегенде, экинчи салгылашта өлөөрүбүздү айттым! Тиги болсо: "Эмне болуп кетиптир, силер биринчи эмессиңер, акыркы да эмессиңер", – деп салбадыбы!"
Аскерге кошумча чакырылган орусиялыктар бул жолугушуу маалында өздөрүнүн чабуулга өтүү далаалаттарын мындайча сыпатташты:
"Өзүң ал жакка [украин жоокерлеринин жайгашкан турумуна] тытыраган пулемёттун огунун астында чуркайсың, анан "чуу" этип ок кайыйт, анан дароо эле [гранатомёт атылат да], сыныктарды чачыратчу ок түшүп, баш калкалап отурууга туура келет; сегиз ирет тамеки чегип, колдоруң калтырап турат; анткени мындай алааматтан канча жашта болсоң да көзүң чекчейбей койбойт. Анан "кайра [чабуулга өтүүгө] ордуңан козгол!" деп сага жаңы буйрук келет..."
Видеого тартылып алынган аскерге кошумча чакырылган кишилер аларды жөн гана ооруктагы аймакты коргоого жөнөтүүнү талап кылышып, өздөрү ушундай гана коргоо жумуштарына даярдалгандыктарын эскертишет:
"Биз аймактык коргонуу жумуштарында кызмат кылуудан баш тартпайбыз, өзүбүздү ошондой иштерге катышкыла деп чакырышкан болчу; бирок чабуулга баруудан баш тартабыз. Сиз маа демектен абакка отургузуңуз, бирок өмүр бизге кымбатыраак. Мен абакта аман-эсен отуруп, акча иштеп таап, үй-бүлөмө жөнөткөнүм артык".

Сүрөттүн булагы, TELEGRAM VIDEO
"Бул аң-таң калтырчу чечимди ойлоп тапкан неменин башы эмнени ойлойт болду экен?"
Бир жагынан расмий Кремль Донецк жана Луганск “элдик республикаларын” өз мамлекетинин "жаңы аймактары" деп эсептейт. Башка жагынан алып караганда, Орусиянын мыйзамдары жана эрежелери бул аймактарга азырынча толук таркала элек. ДЭР менен ЛЭРдин колбашчыларына кошумча чакырылган орусиялык жоокерлерди сала берүү жана аларды Украинанын бекем корголгон аймактарына каршы чабуулга тартуу – адаттан тышкаркы деле тажрыйба эмес. Бирок бул тажрыйбаны өздөрүн эгемен жарыялаган жумурияттардын колбашчылары (б.а. эгемен Украина үчүн мыйзамсыз куралданган жоочулар катары кабыл алынгандар) да сынга алып жатышат.
Аскерге кошумча чакырылган жана өз атын атагысы келбеген бир орусиялык: "ДЭР аймагына референдумдан кийин, – бул аймак [Кремлдин баамында] Орусиянын карамагындагы аймак болуп калгандан кийин, – аскерге кошумча чакырылган кишилер жибериле баштады. Бул иш-аракет күчтөрдү жана каражаттарды бирдей бөлүштүрүү үчүн жасалууда. ДЭРдеги элдик милицияда кадрлар менен иш алып баруу өтө начар абалда!"
Би-Би-Синин дагы бир маектеши, өзүн ЛЭР деп атап алган аймактын "Элдик милициясынын" бөлүмдөрүнүн биринин командири, улам жаңы жасалган аскердик толуктоо тууралуу өтө кескин сынын айтып, бирок өксүктөр үчүн аскерге кошумча чакырылган орусиялыктарды эмес, Орусиянын Коргоо министрлигин күнөөлөдү.

Сүрөттүн булагы, MAKSIM SLUCKIY/TASS
Өзүн ЛЭР деп атап алган аймактын "Элдик милициясынын" жетекчи өкүлдөрүнүн арасынан Алексей (анын жеке коопсуздугуна байланыштуу өтүнүчүнөн улам, анын ысымын мында өзгөртүп берип жатабыз) деген киши улам-улам сөгүнүп-сагынып жана бул сөгүнгөн сөзү үчүн кечирим сурап жатып, Би-Би-Синин кабарчысына мындайча айтып берди:
"Иштин жайы мындайча: бул *** (сөгүнгөн сөз) Коргоо министрлиги акылга сыярлык маанини колдон чыгарган! *** (сөгүнгөн сөз) Тээ февралдын башында эле ЛЭРдин элдик милициясы алдан-күчтөн тайып, өлөсөлүү болуп калгандыгын түшүнүү керек. Биз Донецк аймагындагы калайыктай кача жөнөгөн жокпуз [мында сөз 2022-жылы 19-февралда, б.а. Орусия кеңири өлчөмдөгү согуш баскычына өтө элек кезеңде, дүйнө тааныбаган ДЭР жана ЛЭР деген "жумурияттарда" жарыяланган аскерге кошумча чакыруу жүрүмү жөнүндө кетип жатат. – Ред.], бирок силер үчүн ["Орусия аймагындагылар үчүн" дегени. – Ред.] согуш 2022-жылы 24-февралда араң башталган, биз болсо бул жакта 2014-жылдан бери турабыз".
Алексейдин баяндашынча, ага аскерге жаңыдан чакырылган орусиялыктарды "чабуулга жөнөтүлчү замбирек бутасы" катары (орусча сөзмө-сөз: в "мясных штурмах" – "чабуулга чыгаар эт" катары) колдонсо боло тургандыгын штабдан ачык эле айтышкан. Кабарчынын бул "чабуулга чыгаар эт" деген сөз айкашы эмнени туюнтат? деген суроосуна Алексей: "муну кас-душманыңа да каалабайсың!.." деп жооп узатып, мурутунан жылмайып, эликтеп койду.
Донецктен жана Лугансктан аскерге кошумча чакырылгандар мурдараак эле "чабуулга чыгаар эт" ("чабуулга жөнөтүлчү замбирек бутасы") жөнүндө айтып калышчу. Аларды эптеп-септемей менен машыктырымыш болуп, анан Мариупол шаарын каратып алуу үчүн кан төгүлгөн уруштун алдыңкы сабына жөнөтүшкөн. Мунун максаты – дасыккан, машыккан, алда канча баалуу күжүрмөн жоокерлердин өмүрүн сактап, ал эми чала-чарпыт машыккандардын өлүм-житимин көзгө илбей, окко айдоо болчу.
Көптөгөн күбөлөр Бахмуттун алдындагы кан күйгөн салгылашууларды Франциядагы Верден салгылашуусу менен салыштырышат. 1916-жылдын 21-февралынан 18-декабрына чейин созулган Верден салгылашуусу – Биринчи дүйнөлүк согуштун узакка созулган жана кандуу салгылашуусу эле жана ал уруш жаңжалдашкан эки тарапка тең майнаптуу болгон эмес.
[Арийне, эгемендик үчүн күрөшкөн украиндер үчүн Бахмутта баскынчы жоокерлерди узакка кармап туруунун өзү стратегиялык жеңишке тете. – Ред.]
Алексейдин айтымында, 2014-жылдан бери Донбасста жикчилдер тарабында согушуп жаткан колбашчылар да азыркы кырдаалга абдан нааразы:
"Вагнер" тобундагылар *** [Алексей сөгүнгөн сөздөрү аркылуу буларды "өздөрүн адепсиз алып жүрүшөт" деп айтты], бирок, жок дегенде, алар салгылашып жатышпайбы. Бул аң-таң калтырчу чечимди [б.а. даярдыксыз кишилерди согушка аттандырууну. – Ред.] ойлоп тапкан неменин башы эмнени ойлойт болду экен? Анысын мен билбейм. Балким, акча жасагысы келсе керек, же болбосо Херсонду тез арада эле тиги тарапка өткөрө салууну ойлосо керек. Албетте, [бөөдө жерден] өлчү кишилерге боорум ооруйт, бирок, негизи, аларды уруш жеринде эч ким аябайт, биз деле аларды аяй албайбыз".
"Бүтүндөй алаңгазарлыкка туш болдук! Тобумдагы жоокерлерим кырылып жатат"
Айтмакчы, аскерге кошумча чакырылган орусиялыктардын арыздары камтылган видео тасмалар алардын алгачкы кошуундары кан майданга жөнөтүлгөн күндөрдөн тартып эле пайда боло баштаган. Көбүнчө алар бирдей эле нерселерге: тейлөөнүн начардыгы, ур-токмокко алуу учурлары, аскер жетекчилигинин алардын көйгөйлөрүнө тоң моюн мамилеси, ж.б. жөнүндө нааразылык билдиришчү.
Би-Би-Синин Орус кызматы орусиялык аскерге кошумча чакырылгандар көбүнчө эмне тууралуу арыз-муңдарын айтып жатышкандыгын иликтеди.
2023-жылдын март айына чейин арыздар дээрлик күн сайын агылып жатты. Маселен, дүйшөмбү күнү, 6-мартта, аскерге кошумча чакырылгандардын Белгород облусундагы бир тобу жогорку аскер жетекчилигине кайрылды.
Видео тасмада өзүн улук лейтенант Олег Касумов деп тааныштырган бир жоокер оор салгылашуудан эптеп аман чыккан башка жоокерлердин курчоосунда туруп, өзүнүн взводу үч күндүк кырчылдашкан салгылашуунун натыйжасында тири шумдук жоготууга учурагандыгын айтты жана мындан ары өз тобуна коюлган күжүрмөн милдетти аткаруудан баш тартаарын эскертти.
Офицер Касумовдун айтымында, анын жоокерлери аскерге кошумча чакырылгандардан (мобилизациялангандардан) куралган. Бул топ Орусиянын ичиндеги чек арага жакын Белгород облусунун аймактык коргонуусун камсыз кылышы керек болчу. Алар март айынын алгачкы күндөрүнө чейин Орусиянын Белгород облусуна караштуу болгон жана орус-украин чек арасына жакын жайгашкан Шебекино жергесинде аймактык коргонуу жумуштарын аткарып келишкен. Андан соң бул взвод өзүн бир тараптуу эгемен жарыялаган ДЭРдин Биринчи армиялык корпус деп аталган бөлүгүнүн карамагына жөнөтүлгөн.
Касумовдун ырасташынча, бул взводдогулар 14 сааттын ичинде Донецк аймагына жеткирилген. Взвод жоокерлеринин жеке буюмдары жана аскердик билеттери тартып алынып, андан соң бул топтун салгылашуу үчүн "таптакыр даярдыгы жок жоокерлери [Украинанын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн] кыштактарга чабуул коюу үчүн айдакталышты".
"Биз күжүрмөн тапшырмаларды аткаруудан баш тартпайбыз, бирок Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн курамында гана аракеттенүүнү каалайбыз, – деди офицер Касумов. – Бирок бизди келээр замат эле кыштактарга чабуул коюуга аттандырышты. Эч кандай алдын-ала аскердик жол чалуусуз, эч байланышсыз, эч чалгындоосуз эле... Биз өзүбүз аракеттене турган чөлкөмдүн чоо-жайынан эч кабарыбыз жок, колубузда эч кандай карта да жок, жалпысынан, бүтүндөй алаңгазарлыкка туш болдук. Тобумдагы жоокерлерим кырылып жатат. Мына, взводумдан эптеп тирүү калгандар – ушулар!"

Сүрөттүн булагы, TELEGRAM VIDEO
Эмне үчүн украиндик бекем корголгон райондорго чабуул коюу – майнапсыз?
Мына, тогуз айдан бери орусиялык баскынчы аскерлер жана "Вагнер" жеке менчик тобунун жалданма жоочулары Украинанын Бахмут шаарына үстөккө-босток чабуул коюп, кан майдандын башка тилкелеринде да майнапсыз чабуул коюу далаалаттарын жасап келишет.
Орусиялык аскерге кошумча чакырылгандардын өлүм-житими тууралуу маалыматтар 2023-жылдын башынан бери көбүнчө кан майдандын Авдеевка жана Угледар тилкелеринен келип түшүүдө. Баскынчыл согуш кеңири өлчөмдө улантылган 2022-жылдын 24-февралынан тарта орусиялык аскерлер бул аймактардагы кан майдан тилкесин Донецктен алыстатууга курулай далаалат кылышууда, бирок азырынча алар майнапка жетише элек.
Орусиялык аскер бөлүктөрүнүн Украинанын сегиз жылдан бери чыңдалган бекем корголгон аймактарына тикелей чабуулдары, күтүлгөндөй эле, баскынчыларды чоң жоготууларга дуушар кылууда.
2022-жылдын жаз-жай айларында кан майдандын бул тилкелеринде өздөрүн бир тараптуу эгемен жарыялаган ДЭР менен ЛЭРдин аскерге кошумча чакырылган тургундары чет-четинен жапырт кырылышкан. Бул кошумча бөлүктөрдүн чабуулдук жөндөмү жокко чыккан соң, алардын алааматка туш кылчу ордун адегенде катардагы орусиялык жоокерлер, андан кийин ыктыярчылар, акырында, Путиндин 2022-жылдын сентябрындагы жарлыгына ылайык, аскерге кошумча чакырылгандар алмаштырып киришти.
Мындай аскерге кошумча чакырылгандарды колдонуу айла-амалдарынын опурталдуу кесепеттери жөнүндө көптөгөн аскер өкүлдөрү мурдатан эле бир нече жолу эскертип айтышкан.
"Восток" батальонунун командири Александр Ходаковский 2014-жылдан бери ДЭР тарабында согушуп жүрөт. Ал орусиялык баскынчы жоокерлердин 2023-жылы 2-мартта майдан тилкесин жарып өтүү боюнча жүзөгө ашырган дагы бир майнапсыз аскердик амалы тууралуу мындай деп билдирди:
"Танктарда жана башка нерселерде айып деле жок. Тек гана аларды байсалдуу колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында тереңдеп бутага алган жана жигердүү аткылаган замбиректик чабуулду даярдоо жана андан кийинки камылгаларды колдонуу керек эмеспи. Дал ошондуктан замбиректерге жана анын ишине абдан зор көңүл бурулат. Ал эми замбирек огу таңкыс болсочу же замбиректик аткылоо аркылуу каршы тараптын коргонуусун талап кылынгандай жер менен жексен кыла албасаңчы? Эгерде замбиректер натыйжалуу иш аткара албаса, анда мындай тилкеде чабуулга өтүүгө эч болбойт! Дагы бир жолу кайталап айтам: мындайда эч качан чабуулга өтпөө керек!"

Сүрөттүн булагы, YEVGENY YEPANCHINTSEV/TASS
Улам асмандаган өлүм-житим саны
2023-жылдын март айынын башында Орусиянын Украинага басып киришинин жүрүшүндө набыт кеткендердин ичинен аскерге кошумча чакырылган 1404 кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Бул маалыматтарды Би-Би-Си "Медиазона" (орусиялык бийликтер аны чет элдик агент катары тааныган) жана ыктыярчылар тобу менен бирге ачык булактардын негизинде чогулткан. Аскерге кошумча чакырылгандардын ичинен мерт тапкандардын 40%ы 2023-жылдын 1-январынан кийин өмүрүнөн айрылышкан.
Бул сандык көрсөткүч – орусиялык аскерге кошумча чакырылгандардын арасындагы жоготуулардын санынын эң төмөндөтүлгөн көрсөткүчү, анткени Би-Би-Си киши өлүмү ачык тастыкталган жана согушуп мерт тапкан кишинин макамын так аныктоого мүмкүн болгон учурларды гана эсепке алды.
Аскерге кошумча чакырылган орусиялыктардын арасында чыныгы жоготуулар мындан алда канча көп болушу деле ыктымал, анткени 2022-жылдын октябрынан бери Украинада мерт тапкан орусиялык жоокерлер тууралуу көптөгөн маалыматтар набыт кеткен кишинин так макамын көрсөтпөйт. Ушундан улам, кээде тигил же бул набыт болгон орусиялык жоокердин макамын, – ал келишим боюнча аскер кызматын өтөгөн киши беле, майданга өзү ыктыярчы катары кеткенби, же Путиндин жарлыгына ылайык аскерге кошумча чакырылган беле, – дароо эле таанып-билүүгө эч мүмкүн эмес.
Акыркы төрт айдын ичинде Украинада набыт болгон орус жоокерлеринин бардык некрологдорунун болжол менен 70%ында маркумдун сүрөтү аскердик кийимчен эмес, карапайым кийимчен чагылдырылган. Бул жагдай жакынкы убакка чейин жарандык адистер болгондордун арасында жоготуулардын улам өсүп жаткандыгынын кыйыр далили болушу ажеп эмес.
Ошол эле учурда орусиялык жоокерлердин жоготууларынын ар апта сайын тастыкталган жалпы саны үчүнчү айдан бери ырааттуу өсүүдө. Бүтүндөй 2022-жылдын ичинде апта сайын 200-300дөй жоокер өлгөнү тууралуу маалыматтар жарыяланып келди, ал эми 2023-жылдын январь айында бул көрсөткүч ар апта сайын 500-600 кишиге, ал эми февраль айында болсо апта сайын 800-900 кишиге чейин жетип турду.
Редакциядан кошумча тактоо: эгемен Украинанын 1991-жылкы чек арасынан өтүп, баскынчыларды жана мыйзамсыз жикчилдерди тейлөө үчүн чыгыш аймактарга кирип барган ар кандай чет өлкөлүк киши, – ал киши Украинанын Орусия тарабынан убактылуу каратылып алынган аймактарына жоокер катары барса дагы, ооруктук “тынч” курулуш жана башка кызматты аркалоо жана туризм үчүн барса деле, – Украинанын бийлиги үчүн чек арадан мыйзамсыз өтүп келген жат киши катары каралат. (TT)
































