Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген кикбоксердун соту

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандагы эң чуулгандуу саясий буюртма киши өлтүрүү кылмышын жасаган деп шектелген адамдын ишин Аламүдүн райондук соту карап жатат. Санжар Сапарбеков президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду жана аны коштогон эки адамды кыйнап өлтүргөн деп айыпталууда. Он үч жыл мурда президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду жана дагы эки адамды кыйнап өлтүрүп, аны жол кырсыгына шылтап коюшкан. Бул кылмыштын бети Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин гана ачылды.

Санжар Сапарбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санжар Сапарбеков мурдагы спортсмен, кикбоксер

Бул кылмышты мурда караган соттор президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, анын коштогон стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов, бул кылмышка күбө болгон Өмүрбек Осмонов уюшкан кылмыштуу топтун атайын буюртмасы боюнча өлтүрүлгөн деп чечим чыгарышкан.

Бул кылмышка шектүү катары 17 адам кармалып, 26 адам суракка алынып, он адам сот жообуна тартылган. Анын ичинде Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Молдошев Замирбек, Бишкек шаардык милициясынын башчысынын мурдакы орун басары Темирбаев Нурлан, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдакы бөлүм башчысы Марат Турдукулов бар. Кылмышты аткарууга катышканы аныкталган күч органдарынын мурунку кызматкерлери Кожошев Азиз, Байжанов Бакыт, Маткаимов Эргеш он беш жылдан он сегиз жылга чейин эркинен ажыратылган. Бул кылмышты уюштурду деп айыпталып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдакы төрагасы Жаныш Бакиев сыртта качып жүрөт.

Санжар Сапарбеков өткөн жылы ноябрда кармалып, Бишкектеги тергөө абагына камалган. 2011-жылы эле ага Интерполго издөө жарыяланган.  Ал кикбоксинг боюнча чемпион экени белгилүү. Мурдагы соттук териштирүү болгогдо аны кылмыштын негизги аткаруучусу деп аташкан. 1980-жылы 23-июнда Бишкек шаарында туулган, жогорку экономикалык билими бар, үйлөнгөн эмес. 1995-2000-жылдары “Гермес Профи” спорт клубунда машыгып жүрүп, Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен таанышып, достошуп калган. 2005-жылы Курманбек Бакиев президент болгондо Максимдин коммерциялык жана башка иштерин, буйруктарын аткарып баштаган.  

Ага мамлекеттик айыптоочу бир эле учурда бир нече кылмыштын курамы боюнча айып коюуда: “Кылмыштуу уюм түзүү же катышуу, адам уурдоо, каракчылык, автоунааны уурдап качуу, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, кыйноо, киши өлтүрүү, бөлөк бирөөнүн мүлкүн жок кылуу.

Санжарды чет өлкөдөн эмес, Кыргызстандын өзүндө кармашты. Ал мурда кайда качып жүргөнү, эмне иш кылганы белгисиз. Кармаларын, соттолорун билип туруп эмнеге келди деген суроо да коюлууда. Садыркуловдун өлтүрүүгө кандай катышканы жөнүндө тергөөдө эмне айтканы азыр ачыкка чыга элек. Бул соттун жүрүшүндө да жарытылуу сөз айткан жок.

Медет Садыркуловдун жесири Айнагүл Садыркулова, Сергей Слепченконун жесири Елена Слепченко жана Кубат Сулаймановдун эжеси Чынара Сулайманова сотко келип көрсөтмө беришти.

садыркулов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Медет Садыркулов өлгөн сырдуу окуянын чындыгы Бакиев бийликтен кулап, өлкөдөн качып кеткенден кийин гана ачылды.

Тергөө органдары Медет Садыркуловду өлтүрүүгө ошол убактагы Улуттук коопсуздук кызматындагы, Ички иштер министрлигиндеги, Мамлекеттик күзөт кызматындагы, Чек ара кызматындагы чоң кызматты ээлеген адамдары катышкан деп билдирген болчу.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Казакстандан кайтып келатканда түнкү саат экилерде жол сакчыларынын формасын кийген мамлекеттик күзөт кызматкерлери тосуп чыгып, алар аны коштогон кишилери менен кошо президенттин иш башкармасынын башчысынын дачасына алып барып, кыйнап өлтүрүшкөн.

Алар кылмыштын изин жашыруу максатында аны жол кырсыгы катары көрсөтүп, капчыгайга алып барып, Lexus 570  автоунаасы менен кошо өрттөп жиберишкен. “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду жол кырсыгына күнөөлүү деп кармап беришкен. Аны сот 12 жылга кесип, бирок ал 2010-жылы апрелде белгисиз жагдайда киши колдуу болуп өлгөн.

Медет Садыркулов жана анын коштогон эки адамдын күйгөн сөөгү табылган автоунаалар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медет Садыркулов жана анын коштогон эки адамдын күйгөн сөөгү табылган автоунаалар.

Тергөөнүн тыянагы боюнча, М. Садыркуловду К. Бакиевдин саясатына каршы чыкканы үчүн мурдагы президенттин бир туугандары өч алуу максатында өлтүрткөн.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Медет Садыркулов президенттик администрациянын жетекчиси болуп турганда, бийликтин вертикалын бекемдөө боюнча көп иш жасаган, бирок акыры К. Бакиевдин жана анын жакындарынын саясатына каршылык билдирип, кызматтан кеткен.

Кызматтан кеткенден кийин Медет Садыркулов оппозицияны бириктирүү аракетин көргөндөй. Абдан таасирлүү саясий ишмер болгондуктан, анын жакындарынын айтымында, бардык саясий күчтөр менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Анын чечкиндүү аракеттеринен бийлик кооптонбой койгон эмес. Аны токтотуп калыштын ар кандай аракеттерин көрүшкөн, бирок өзүнүн күчүнө ишенген саясий ишмер максатынан кайткан эмес.

Медет Садыркуловдун жана анын жанындагы эки адамдын күйгөн сөөгү Аламүдүн капчыгайындагы өрттөнгөн унаадан табылгандан кийин күч органдары аны жол кырсыгы деп тыянак чыгарып жатканда, оппозициянын жалтанбаган ишмерлери бул саясий буюртма, террор деп билдирүү жасашкан. Алардын бири Садыркулов өлөр алдында жолугуп сүйлөшкөн "Улуу Биримдик" партиясынын лидери Эмил Каптагаев.

"Садыркуловдун өлүмүнүн себептерин биз анын саясий ишмердигинен издешибиз керек, бул саясий буюртма өлүм",-деп айткан Эмил Каптагаев "Азаттыкка".