C5+1: Байден эмнеге Борбор Азия лидерлерин чогултуп жатат?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Нью-Йоркто 19-20-сентябрда АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия лидерлерин C5+1 форматында кабыл алат. Байден БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына туш келчү бул жолугушууга аймактын президенттерин четинен чакыра баштады.

"Борбор Азия - АКШ" саммитине чакыруу биринчи эле өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге келди.

Глазгодогу Климаттык саммит, 2021

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Глазгодогу климаттык саммит, 2021

АКШнын президенти Жо Байден буга чейин Борбор Азия лидерлерин бир жерде чогулта элек эле.

Кыргызстандык саясат талдоочу Эмилбек Жороев алдыдагы C5+1 саммитинин АКШ жана Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн маанисин Би-Би-Сиге чечмелеп берди:

"АКШ Борбор Азиядагы Россиянын кынтыксыз үстөмдүгүн азайткысы келет"

“АКШ президенти менен Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери ортосундагы саммит биринчи жолу өткөрүлө турган саммит болгону жатат. Буга чейин аймактын президенттери Байден менен жеке өз ара жолукса деле, бул жолу баары чогулуп бир региондун башчылары катары алгачкы жолу жолукканы жатышат. Бул себептүү алдыдагы иш-чаранын мааниси чоң. АКШ үчүн бул саммит геосаясий жактан жана азыркы дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөрдүн алкагында маанилүү кадам болот. Кыргызстан үчүн болсо анын мааниси кандай? Буга чейин ич ара бир канча жакшы сөздөр айтылганы менен, Атамбаевдин убагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты караган маанилүү чечим жокко чыккан эле, ал жылдап ордунан жылбай келди. Ал келишимге үч-төрт жылдан бери кыргыз тараптан кол коюлбай, арабөк турат”.

"Борбор Азия + АКШ" саммити Россияга санкциялар катаалданып, АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттерин шектүү реэкспорт үчүн санкциялар менен коркутуп жаткан маалга туш келип жатат.

“Бул саммитте АКШ президенти Байден тарабынан майда-чүйдө маселе көтөрүлбөсө керек деп ойлойм. Ошондой эле Россияга реэкспорт маселесинде Борбор Азияга АКШ салам деп жаткан санкциялар темасы деле ал саммиттин приоритеттүү темасы болбойт. Вашингтон биздин чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин оңдоого аракет жасайт. Албетте, буга чейин Россиянын Борбор Азияда орноп калган кынтыксыз үстөмдүгүн бир аз азайтып, Америка өзүнүн кызыкчылыгын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө аракет кылат. Мындай кырдаалда, албетте, ар бир мамлекет өз кызыкчылыгына шайкеш маселелерди көтөрүүгө аракет кылат. Технологиялык, гуманитардык, соода жаатындагы маселелер көтөрүлөт деп ойлойм”,-дейт Жороев.

Боб Менендес, АКШнын сенатору президент Садыр Жапаровго кайрылды

Сүрөттүн булагы, ГОЛОС АМЕРИКИ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын сенатору Боб Менендес буга чейин кыргыз бийлигине сын айткан

Августта эле АКШ сенатору Боб Менендес кыргыз президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Россиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө Кыргызстан жардам бербесе деген чакырык менен кат жолдогон эле.

Буга кыргыз президенти Садыр Жапаров өзү улуттук “Кабар” маалымат агенттиги аркылуу жооп берип, Россия-Украина маселесинде Кыргызстан нейтралдуу позицияда экенин, азыркы кыргыз бийлиги саясат менен эмес, мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө басым жатканын айткан.

Менендес ал катта Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана жарандык коомдун абалына да токтолгон:

“Качандыр бир кезде Борбор Азиядагы демократиянын ориентири болгон Кыргыз Республикасы кооптуу автократия жолуна түштү. Мен көз карандысыз ЖМК жана журналисттерге болгон чектөөлөрдү алууга, абактагы укук коргоочуларды бошотууга, эркин жыйналуу өңдүү башкы эркиндиктерге болгон чектөөлөрдү алууга чакырам”.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги чектелип жатат деген дооматтарды да четке кагып келет.

Келишими жок кызматташтык

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев АКШнын өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үстүнөн чыккан сот чечимине карата АКШнын жообун айыптап, ушундай чечим кабыл алган эле.

Андан бери сегиз жыл өттү, эки өлкө ортосунда кызматташтык солгундап калган жок. Алалы, USAID - АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги соңку беш жылда эле Кыргызстанга 188 миллион доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 миллион доллардан ашык жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми Бишкектеги АКШ элчилиги 2023-жылдан тарта Кошмо штаттарына виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайткан.

АКШ элчиси Лесли Вигери июлда эле "Дипломат" басылмасына интервью берип, Россияга салынган санкцияларды эске алып, АКШ Кыргызстанды колдоп, тамак-аш коопсуздугуна 1,5 миллион доллар бөлгөнүн жана Кошмо штаттарынын Борбор Азиядагы экономикалык туруктуулук демилгеси тууралуу да айтып берген.

Жаңы келишим

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу былтыр Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулап, ал даяр болуп калганын билдирген.

“Биз эки тараптуу кызматташтык боюнча жаңы келишим тууралуу жакшы маектештик. Мен бул жерде элчи болуп иштеген убакыттан бери акыркы төрт жыл ичинде бул кызматташтык келишиминин үстүндө активдүү иштеп жаттык. Биз келишимди даярдадык жана ага кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мен бул келишимдин үстүндө төрт жыл иштедим. Президент Жээнбековдун тушунда абдан кыйын болуп, президент Жапаровдун тушунда кыйла жеңил болду”.

Лу мырза президент Жапаров менен келишимди алдыга жылдыруу кыйла жеңил болгонунун себебин да түшүндүргөн:

“Жапаров көп векторлуу тышкы саясат эмне экенин түшүнүп, Кытайдан, Түркиядан, Европадан, Россиядан жана АКШдан өнөктөштүктү алууну каалайт. Ал кыргыз элинин жакшы жашоосу үчүн бул кызматташтыктын баарынан пайда алгысы келет”.

Быйыл 28-февралда Астанада “Борбор Азия + АКШ” жыйынынын алкагында Кыргызстандын ТИМ министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолуккан. Анда Кулубаев Вашингтон Бишкектин негизги тышкы өнөктөшү бойдон кала берет деп билдирген. Бирок иш жүзүндө эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык тууралуу келишимдин тагдыры дале бүдөмүк.

Кытай фактору

Борбор Азияда АКШ, Россия эле эмес, Кытай дагы өз таасирин арттыргысы келет. Быйыл майда Сиань шаарында Кытай-Борбор Азия биринчи саммити өтүп, анда кытай лидери Си Цзиньпин кыргыз, казак, түркмөн, тажик жана өзбек президенттери менен жолуккан.

Аймактагы кайсы өлкөнү алба, Кытай менен тыгыз экономикалык мамилеси бар жана кытай инвестициясына көз каранды.

“Кытай фактору Американы кооптондурат. Бешөөнү чогуусу менен же кайсы бирин Россиянын орбитасынан чыгарып алуу аларды Бээжиндин кучагына киргизүү тенденциясын дароо жаратат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында Блинкендин 5 мамлекетке 25 миллион доллар жардамына басым жасашты. А чындыгында бул бүркүмгө арзыбаган чака тыйын. Маселе башкада. Америкалык дипломат Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү белгилерди берип, тыштагыларга түшүнүктүү ишарат жасады. Блинкен” Борбор Азия + АКШ” дипломатиялык жолугушуусуна “Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык биримдигин сактоого багытталган” аракеттер катары мүнөздөмө берди. Ишараты ушул, тыштагыларга Борбор Азия Американын кызыкчылыктар алкагына кире турганын, кайдыгер карабастыгын, аларга каршы иштерге адекваттуу жооп болорун кыйытты”, - деп Би-Би-Сиге сереп салып берген эле коомдук ишмер, серепчи Алмаз Окин.

Анын баамында, Америка бир да күн Борбор Азияны көз жаздымында калтырган эмес, ал эми азыркы кырдаал аны чечкиндүү аракеттерге мажбурлоодо.

“Ушул аймакты Россиянын кучагынан биротоло чыгарып, ошол эле учурда Кытайдын таасиринен сактап калуу кош милдетин, гегемон болуу максатын жүзөгө ашыруу иши кечирээк болсо да башталган сыяктуу. Ага чамасы жетеби же жокпу, келечек көрсөтөт”, - дейт Окин.

Ошентип, Борбор Азия ушу тапта дүйнөлүк үч державанын кызыкчылыктарынын кесилишинде калды. Кайсы державага жүзүн бурба, калгандарынан экономикалык же коопсуздук жагынан көз каранды.