Жарыгы жалп өчкөн Киев
Святослав Хоменко Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, EPA
Киевдин бийликтери Орусиянын аткылоосунан улам шаардагы жарыкты толугу менен өчүрүүгө чейин барышты. 2022-жылдын 10-октябрынан бери Орусиянын аскерлери Киевдин отун-кубат инфратүзүмүнө таандык мерчемдерге жапырт сокку уруусун улантып келет.
Киевдин мэри (1971-жылы Кыргызстанда туулган) Виталий Кличко эгерде жаңы кол салуулар боло турган болсо, анда Украинанын борборунда бир эле убакта электр кубаты, суу жана жылуулук жок болушу ыктымалдыгын четке каккан жок. Электр кубатын үнөмдөө үчүн Киев буга чейин электр кубатын тийешелүү сааттарда өчүрүп туруу режимин киргизген. Кличко калкты башка жайларга көчүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү күн тартибине кириши ыктымалдыгын да жокко чыгарган жок.
Би-Би-Синин кабарчысы Украинанын борбору дээрлик күн сайын аткылоонун шартында кандайча өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатканын айтып берет.
Жеке мен үчүн согуштун жаңы баскычы кандайча башталганы жадымда дурус сакталып калды. Ал күн – дүйшөмбү, 10-октябрь болчу. Мен жаңы эле 3-класста окуган баламды мектепке алып баргам. Ал секирип ойноп жатып, бомбадан сактануучу жайга чуркап жетти. Саал мурдараак Киевде абадан сокку уруу коркунучу жаралгандыгы жөнүндө эскертүү жарыяланган.
Ошол кездеги киевдиктердин көбү коңгуроолорду этибарга албай коюшкан, анткени мындай эскертүүлөр күнүнө бир-эки жолу жарыяланып турган, бирок 2022-жылдын июнь айынан бери шаарда эч кандай жардыруу орун алган эмес.
Ошентип мектептин жанында бир классташыбыздын энеси менен баарлашып калдым. Андан соң биринчи жардыруунун доошу угулду, андан кийин дароо экинчи жарылуу да болду. Биз бат эле коштоштук да, мен метрого чуркап кирдим.

Сүрөттүн булагы, EPA
Биз уккан жардыруулардын доошу Киевдин борборунан бизди карай таркалды. Орусиялык ракетанын бири университеттин жанындагы көчө кесилишине тийсе, экинчиси анын жанындагы сейил бактагы балдар аянтчасына тийген. Ал күнү ракеталардын жана дрондордун көбү отун-кубат инфратүзүмүнө таандык мерчемдерге – электр кубатын өндүрүү ишканаларына, ЖЭБдерге, Украинанын бүткүл аймагындагы жана, атап айтканда, Киевдеги трансформатордук көмөкчордондорго багытталган. Шаардын кээ бир райондорунда электр жарыгы өчүп калган – мындай аталыштагы жаңылыктар ал кезде дагы эле тургундун төбө чачы тик тургандай адаттан тышкаркы көрүнүш болчу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Борбордогу көчө кесилишиндеги жардыруудан пайда болгон чуңкур каргашалуу сокку урулгандан кийинки күнү дароо эле бүтөлүп салынды. Парктагы чуңкурду бир-эки күндөн кийин эле күрөктөп бүтөп коюшту, бирок ал убакта балдар алиги ор сымал оюлган жерде ойноп калууга үлгүрүшкөн эле.
Албетте, Украинанын борборунун аймагындагы отун-кубат мерчемдерине каршы сокку уруунун кесепеттерин ошончолук тез ылдамдыкта жоюу мүмкүн эмес эле.
Анын үстүнө, кийинки апталарда бул соккулар кокусунан эмес экени айгинеленди. Чыгыштагы кан майданда көзгө илинерлик эч кандай ийгиликтери болбогондуктан, орусиялык аскерлер украиналыктарды атайылап чет-четинен электр жарыгынан ажыратып, иш жүзүндө ар бир аптада Киевдеги жана ордо шаардын жанындагы отун-кубат мерчемдерине сокку ура баштады.
Украинанын отун-кубат тармагына каршы согушта орусиялыктар кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкенин деле моюнга алуу керек: өткөн аптанын жума күнү эртең менен Киевде 450 миң батир жарыксыз калган. Ал эми шаардын мэри Виталий Кличко борбор шаарда быйыл кышында электр жарыгы толугу менен өчүрүлүшү ажеп эместигин, ал эми Киевдин тургундары өз шаарын таштап кетүүгө аргасыз болушу ыктымалдыгын жакынкы күндөрдүн биринде белгиледи.
Бийликтер мындай жагдайдын болочокто орун алышын тек гана теориялык жоромол катары билдиришкенине карабастан, бүгүнкү Киевдеги турмуш деле 10-октябрга чейинки кырдаалдан таптакыр айырмаланып турат.
"Өчүрүлгөн" шаар

Сүрөттүн булагы, EPA
Акыркы апталарда Киев калкынын оозунан түшпөгөн негизги сөзү – бул “өчүрүү” деген термин. Бул убакыттын ичинде алар электр жарыгын өчүрүү пландуу же кырсыктан улам, турукташтыруучу же алмак-салмак мүнөздө болоорун аңдашты. Теориялык жактан алганда, ал ыкмалар өз ара айырмалуу сезилишет, бирок иш жүзүндө коёндой окшош: үйүңүз кээде жарыктан, кээде суудан айрылып калып жатат.
Дагы эле теориялык жактан жоромолдоп айтсак, атайын интернет сайттан өз дарегиңизди киргизип, үйүңүздө электр жарыгы кайсы убакта өчүп, качан кайра күйө тургандыгын үйрөнө аласыз, бирок көп учурда бул жадыбалдык маалыматтын чыныгы турмушка эч кандай тиешеси жок. Кечээ күнү мен жайгашкан аймакчадагы өчүрүү убакыты чак түшкү саат он экиден түштөн кийинки саат төрткө чейинкиге алдын ала белгиленген болчу, бирок бийлктер жарыкты саат тогуздан саат он бирге чейин өчүрүштү. Анан саат бир жарымдан саат үчкө чейин өчүрүштү. Бүгүн электр жарыгы сегиз саат бою, эртең он же он эки саат бою жок болушу деле мүмкүн. Өткөн аптада болсо кайсы бир күнү электр жарыгы күнү бою таптакыр өчүрүлгөн жок.
Киевдин электр жабдуучулары: «Биз сиздердин сезимдериңиздерди түшүнөбүз, бирок баарыбыз тең оор шартка кириптер болуп жатпайбызбы», – деп карапайым кардарлардын нааразылыгына жооп кайтарышып, киевдиктерди электр кубатын бардык аргалар менен үнөмдөөгө чакырып келишет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баарынан мурда, Киевде көп тургундар лифттерди колдонууну токтотушту. Кээ бир үйлөрдө лифттик кабиналарда "чукул кырдаалдын көрбай-жербайлары" пайда болду: атайын картон кутуларда гүлазыктык анча-мынча тамак-аш, балдардын оюнчуктары, ичүүчү суу, аргасыз шартта заара кылуу үчүн бош желим бөтөлкө, – ал эми лифтте калган жүргүнчүлөрдүн биринде клаустрофобия (жабык имаратта же жайда калуудан таптакыр коркуу) оорусу кармаса, анда аны тынчтандыруучу дарылардын таңгагы, – сыяктуу заттар салынып коюлушу мүмкүн.
Менин бир теңтуш айымым айткандай, азыр бир далай иштерди өзүңүзгө керек болгондуктан же каалаганыңыздан улам эмес, сизге ошондой ишти аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк жаралгандыктан улам гана жүзөгө ашырасыз. Бул жаңы турмуш чындыгынын эң ачык-айкын мисалдарын айтсак: сиз кир жуугуч машинаны электр менен иштете алганда гана кир жууш менен алектенесиз; электр үтүгү иштеп жатканда гана сиз жуулган жана кургаган кирди үтүктөй аласыз, ж.у.с.
Тамак-аш жасоодо да ушундай эле жагдай. Эгер сизде газ меши бар болсо, анда сиз бактылуусуз: эң начар делген учурда, албетте, кечки тамак мом шамдын жарыгында бышырылат. Кечки тамактын өзү да, албетте, мом шамдын жарыгында берилет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал эми сиздин батириңиз газ меши менен жабдылган болсо – сонун. Эгер сизде электр меши гана бар болсо, тиричилигиңиздин сапаты кескин төмөндөйт. Менин досторумдун бири кечинде кофе кайнатып, атайын термоско куюп коёт, анткени бул камбыл инсан эртеси таңда электр жокто чай же кофе үчүн суу кайната албай калышы ыктымал эмеспи.
Мурда тоодо сейилдөө менен эч кандай иши да болбогон кишилер эми газ менен иштелчү туристтик чакан мешчелерди сатып алышууда: аларды, мисалы, балкондо колдонсо болот.
Киевдеги ар бир батирде гүлазык, ичүүчү суу жана ажаткананын ичиндегилерди агызуу үчүн өзүнчө идиштеги суу пайда боло баштады.
Эч байланышсыз калганда
Жөнөкөй батирлер менен катар эле уюкфондук операторлордун мунаралары да электр кубатын өчүрүүнүн курмандыгы болууда. Жакында мен теориялык жактан алардын ар бири кампада сакталчу көз карандысыз электр кубатынын булагы менен жабдылышы керек деп бир жерден окуп калдым. Балким, кайсы бир жерде ушундай жагдай бардыр, бирок менин жашаган аймакчамда уюкфондук мунаралар демейдеги үйлөрдүн чатырында жайгашып турат. Менин аймакчамда электр жарыгы өчүрүлгөндө, бул мунаралар деле эч иштебей калат экен.
Ошондуктан, эгерде электр жарык өчүп калса, анда бүткүл интернет – үйдөгүсү да, уюкфондук интернет да жалп этип өчөт. Анан калса, уюкфон байланышы да үзүлүп калат. Демек, электр кубаты ар бир өчүрүлгөн сайын менин аймакчамдын жүз миңдеген тургундары сырткаркы дүйнөдөн кесилип, аргасыздан "санариптик эрме чөлдө" жашап калышат.

Сүрөттүн булагы, EPA
Уулумдун уюкфонунда оффлайн режиминде ойной турган оюндар үчүн өзүнчө куржун бар. Жумуштагы кесиптешим мындай дейт: электр кубаты бар кезинде, Netflix интернет барагынан ар кыл сериалдарды беш-алты саатка ашыкча камдап, жүктөп алууну унутпооңуз керек. Мындай шарттарда, албетте, кубаттуу электр топтогуч аспаптар ("пауэрбанк") же ноутбуктар үчүн электр толтуруу жабдуулары алгылыктуу, бирок алар Киевдин электроника дүкөндөрүндө көптөн бери таңкыс.
Эгерде байланыш жок шартта тез жардам чакыруу керек болсо, эмне кылуу керек? Менин досторум бул сыяктуу чукул кырдаалдарга таандык көйгөйлөр жөнүндө ойлонбоону эп көрүшөт.
Бирок жакшы жагдай да бар: метродо уюкфондук байланыш өчүрүлгөн жок. Менин метро бекетимде кишилер тепкичтерге туристтик килемче жайып коюп, бир нече саат бою өз жумушу менен алектенген учурларга бир нече жолу күбө болдум.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жалпысынан метрону туруктуулук менен коопсуздуктун аралчасы катары кароого болот – бирок бул жагдай эгерде сиз Днепрдин сол жээгинде жашабасаңыз гана күчүндө болот. Бул өйүз негизинен калайык өз жумушунан кийин келип жашачу турак жайлардан турат. Аба чабуулдары маалында поюздардын Днепр дарыясындагы көпүрөлөр аркылуу өтчү каттамдары токтотулат. Коопсуздук тууралуу чукул эскертүүлөр күнүнө бир нече ирет жаңырышы ажеп эмес. Ошондо каттамдар жарым саат же бир саатка, айрым гана учурларда беш саатка чейин үзгүлтүккө учурап калышат.
Караңгы шартта
Бирок баарынан да азыркы Киев күүгүмдүн киришинен тартып «эски убактагы жашоодон» айырмаланат. Азыр эрте эле караңгы кирип баратат, электр кубатын үнөмдөө максатында көчөлөрдү жарыктандыруу иши өтө үнөмдүү тартипте жүзөгө ашырылууда. Ал тургай шаардын түнкү жашоосунун борбору болгон Подол аймагында саат 18:00ден кийинки түнкү кезеңде (тагыраак айтканда, коменданттык саат күчүнө кирчү саат 23:00кө чейинки кечки убакта) караңгылык өкүм сүрөт.

Сүрөттүн булагы, EPA
Кофе сатчу дүкөндүн же бардын жанынан өтүп бара жатып, теребелди тыңдап көрүү арзыйт. Эгерде сиз иштеп жаткан кыймылдаткычтын мүнөздүү доошун уксаңыз, анда бул мекемеде дизелдик генератор бар экенин жана анын ичинде жылуу, жарык шар бардыгын жана даамдуу тамагы да бар дегендикти билдирет. Балким, бул жайда сиз футбол таймашын деле көрө алышыңыз ажеп эмес. Жолуңуз өп-чап болсо, анда менин үйүмдүн жанындагы пивоканадагыдай өп-чап шартка туш келесиз: мында, мисалы, имарат ичи электр кубатын чогулткуч кампалар (пауэрбанк) аркылуу иштеген диоддук электр шамдары менен эптеп жарыктандырылып турат.
Кечинде көчөдө ары-бери жүргөн көптөгөн кишилер, – мисалы, иттерин сейилдетчүлөр же метродон үйүнө чейин жөө басчулар, – уюкфондорунун шамдары менен өз чыйырын жарыктандырышат. Кээ бирөөлөр жолду ката бутунун астындагы чыйырды жарыктандырышат; башкалары – жөө кишилер көчөнү кесип өтүүчү өтмөктө гана шамдарын колдонушат, анткени электр жарыгы өчүрүлгөн кездерде светофорлор да иштебей калат эмеспи. Согуш учурунда дагы чуркоо аркылуу спорт менен алектенүүдөн баш тартпагандар болсо чекелерине электр шамдарын тагып алышат. Жакында Киев шаарынын бийликтери жөө жүргүнчүлөрдү караңгы учурларда жарык чагылдыруучу кийимдерди кийип алууга өзгөчө үндөгөн маалымат таркатты.
Жарыксыз жашайбызбы же сизсизби? Сизсиз эле жашайбыз

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиялык баскынчылардын үгүт машинасы Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө болгон ырайымсыз соккулар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы бөлүктөрүнүн ички логистикалык жабдуу чынжырларын үзүп жатат жана, ошондуктан, бул соккулар аскердик мааниге ээ деп ырастагысы келет.
Украиналык жана батыштык адистер мындай жоромолду четке кагышат: алар бул сыяктуу соккулар кан майдандагы кырдаалга эч кандай таасир этпейт жана мындай соккулардын негизги максаты – тек гана жалпы украин коомунун үшүн алууга жана украин калайыгында учурдагы согушту Орусиянын шартына ылайык тез арада токтотуу талабын калыптандырууга багытталган, деп айтышууда.
Ал эми Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (мурдагы президент жана өкмөт башчы) Дмитрий Медведевдин жакында жасаган билдирүүсү ушул пикирге кыйыр тастыктоо катары каралышы мүмкүн.
Дмитрий Медведев 28-октябрда өзүнүн Telegram каналындагы барагында: "(Украина) ААЧнын ("атайын аскердик чара" – Украинага каршы башталган баскынчыл согуш Орусияда ушундайча аталат) алкагында Орусиянын талаптарынын жана Конституциябызда чагылдырылган натыйжалардын мыйзамдуулугун таануу зарыл (мындагы "натыйжалар" сөзү, албетте, Орусия бир тараптуу өзүнө "кошуп алган" Запорожье, Донецк, Луганск, Херсон облустарын жана Крым жарым аралын расмий Киевдин мындан ары орусиялык аймак катары таанышы жөнүндө ишаара кылып жатат). Мына ошондо гана электр жарыгын камсыздоо калыбына келет”, – деп жазды.
Расмий Киев мындай шарттардагы тынчтыкка жетишүүгө макул болууну эч көздөбөйт. (TT)


































