Добуш сатып алуу жана шайлоочуларга басым: доомат көп, далил аз

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үгүт өнөктүгү маалында добуш сатып алуу боюнча 56 материал Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталды. Баш прокуратура шайлоо өнөктүгү башталгандан бери ар кандай эреже бузуулар боюнча 80ден ашык иш козголгонун билдирүүдө.
Ал ортодо добуш берүү күнү жакындаган сайын партиялар добуш сатып алуу аракетин жасап же админресурс колдонуп жатканы тууралуу видеолор байма-бай жарыялана баштады.
“Биримдик” партиясынын талапкерлер тизмесинде алтынчы келе жаткан нарындык 36 жаштагы ишкер Улан Бакасов кичи мекенинде меценат катары белгилүү. Бирок анын шайлоо өнөктүгү маалында жасаган кайрымдуулук иштери соттук териштирүүгө чейин жетти.
“Менин үстүмөн көптөгөн каралоолор, жалган маалыматтар таратылып жатат. Ошонун бири Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин башчысы “Улан Бакасов айылыбызга таза суу чыгарып берем деп, 700 миң сом берди. 300 миң сом балдары келип берди” деп жалган маалымат таратып жатат. Андай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Ал мыйзамга туура келбеген нерсе. Ошол себептүү мен тийиштүү органдарга кайрылганы жатам”,- деди ал өзү видео кайрылуусунда.

Сүрөттүн булагы, Social media
Мындан бир күн мурда БШК бул талапкерге карата башка айыптоону караган. 30-августта видео тарап, анда Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бакасовду үгүттөп жатканы байкалат. Эгер айылдаштары “Биримдик” талапкерин колдосо, материалдык колдоо болору убадаланат.
Бирок ал видео боюнча милициянын териштирүүсү бир айга созулуп кетти.
“Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамында так жазылып турат: эгер арыз түшсө беш күндүн ичинде Боршайкомдо чечим кабыл алышы керек. Биз 1-сентябрда эле ИИМге маалымат жөнөтүлгөн. Азыркыга чейин жыйынтыгы жок. ЕРППга эле каттап коюп, реалдуу иш жок. БШК премьер-министрге сунуш кылып атабыз, тийиштүү адамдарга чара көрүлсүн. Бул шалаакылык”,- деди БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев.
ИИМ иш Жазык Кодексиндеги мөөнөттүк ченемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат деп, бирок Кайрат Осмоналиев Конституциялык мыйзам Жазык Кодексинен жогору турарын, тергөө ыкчам түрдө жүрүшүн талап кылып жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биримдик” партиясынын БШКдагы ыйгарымдуу өкүлү Мырзайым Камчыбекова Бакасов ар-намысына шек келтиргени үчүн тийиштүү адамдардын үстүнөн сотко кайрылганын айтты.
Шайлоого жакын “Биримдик” партиясынын Аравандагы штаб жетекчиси делген адамдын аудиосу да чыгып, анда мугалим, врачтарга добуш берүү боюнча басым жасалат.
Бирок Камчыбекова аны жасалма, каралоо деп айтты.
Добуш сатып алуу сыны бир эле “Биримдик” эмес, дээрлик бардык партияларга айтылып жатат. Бирок алардын чын-бышыгын тактоо узакка созулуп кетеип атат.
Үгүт өнөктүгү башталгандан бери Баш прокуратура 76 кылмыш ишин козгоп ИИМге өткөрүп бергенин кабарлаган.
“Шайлоого даярдык көрүү мезгилинде жарандардын добушун сатып алуу боюнча 56 материал, ал эми шайлоо документтерин жасоо боюнча 27 материал ЕРППге катталган. Сотко чейин өндүрүш иштери ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жатат” – деди Баш прокуратура өкүлү Эрмек Асанов.
Ушу күндөрү коомдук сайттарда бир добуштун баасы беш миң сомго чейин бааланып жатканы тууралуу талкуулар жүрүп атат. Бирок азырынча андай факты менен бир да адам жоопкерчиликке тартыла элек. EKa
































