Украинадагы согушта 200 ашуун жаш бала каза таап, 400 жарадар болду. Айрымдарынын окуялары

13 жаштагы Елисей унаа менен эвакуациялоого аракеттенгенде атып өлтүрүлгөн

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 13 жаштагы Елисей унаа менен эвакуациялоого аракеттенип жатканда атып өлтүрүлгөн
Published

Майда Елисей 14 жашка толмок. Ал анын үй-бүлөсү аткылоодон чыгып кетмекчи болгондо өлтүрүлдү.

Евгений Рябоконь кичинекей табытты сыйпап, баласы менен соңку жолу сүйлөшүп жаткандай. Ал бир нерсени айтууга аракеттенди, бирок ал өксөп ыйлап оозунан сөз чыгара алган жок.

Анын жубайы Инна табытка салынган алкактагы жылмайган баланын сүрөтүн түзөтүп жатат.

Елисей бара жаткан унааны орус аскерлери аткылаган, эч ким тирүү калган эмес

Сүрөттүн булагы, INNA RYABUKON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елисей бара жаткан унааны орус аскерлери аткылаган, эч ким тирүү калган эмес

Сүрөттөгү бала Елисей Рябоконь - ал 2022-жылдын 11-мартында өлтүрүлгөн.

Тажыяны бир айдан кийин гана уюштурууга мүмкүн болду. Киевдин чыгышындагы Бровары калаасында жайгашкан чиркөөдө Перемога айылынан болгон баланы сүйгөн үй-бүлөсү, жакындары жана классташтары чогулушту. Жалпы кайгы согуш чачыраткан адамдарды бириктирди.

Елисей Рябокондун тажыясы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елисей Рябокондун тажыясы

Туугандарынын айтымында, Елисей урушту жек көргөн, агрессияга байланыштуу спорт менен алектенүүдөн баш тарткан ак ниет, оор басырык жана боорукер бала болгон.

Елисей, анын апасы Инна жана иниси согуш башталганда Перемога айылында болгон.

“11-мартта орусиялыктар бизге чыгып кетүүгө уруксат беришкен. Алар жадагалса биз менен коштошуп, ийгилик каалашты. Биз талаадан өтүп жатканыбызда ар жактан ок атыла баштады”, - деп айтып берди Инна.

Эвакуацияланган колоннада беш автоунаа болгон. Елисей эч ким тирүү калбаган экинчи унаада болгон.

Евгений жана Инна, Елисейдин ата-энеси анын тажыясында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Евгений жана Инна, Елисейдин ата-энеси анын тажыясында

“Мен талаадан жөрмөлөп барып, өзүмдүн үч жашар баламды курткасынан тартып чыгып куткардым. Биздин арабыздан кимдир бирөөнүн тирүү калышы - бул чыныгы ийгилик”, - деп эстеди Инна.

Ал өзүнүн кичүү баласын алигече өмүр сүрүүнүн жалгыз себеби экенин айтат. Инна Елисейдин киши колдуу болгону тууралуу полицияга арыз жазып, адилеттүүлүк үстөм кылат деп ишенет.

“Мен Орусиянын кылмыштарын дүйнө жүзү билүүсүн каалаймын. Мен ар бир курмандыктын эсепке алынуусун каалаймын. Мен Орусия анын аскерлери биздин жерде өлтүргөн жаш балдар жана аялдар үчүн жоопкерчиликке тартылуусун каалаймын”, - деп талап кылат Елисейдин апасы.

Елисейдин чоң апасы аны менен коштошууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елисейдин чоң апасы аны менен коштошууда

Украин бийлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын кол салуусунун башынан бери өлкөдө 200дөн ашуун жаш бала өлтүрүлүп, 400гө чукулу жарадар болгон.

Алты жашар Даниил Авдеенко орусиялык аскерлер курчап, улам аткыланган Черниговдон Харьковдогу балдар жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо институтуна алынып келинди. Аскерлер шаардан аппрелдин башында гана чегинди.

Даниил жана анын ата-энеси үйлөрүнө жакын жайгашкан кварталга мина аткычтардан аткылоонун кесепетинен жарадар болгон. Алар жарылуу толкунунан ыргып кетишкен. 

Александр, Даниилдин атасы, тургандан кийин анын аялынын буту каттуу канап жатканын көргөн. Канды токтотуу үчүн ал аялынын бутун сумкасынын боосу менен курчаган. Кийинчерээк дарыгер бул анын бутун ампутациялоодон сактаганын айтты.

Аялына биринчи жардам көрсөткөндөн кийин Александр Даниилди чакырды, ал атасына баары жакшы экенин айткан. Бирок жаш бала турууга аракеттенгенде Александр ал каттуу жарадар болгонун көргөн.

Даниил Авдеенко жаракат алгандан кийин баса албай жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Даниил Авдеенко жаракат алгандан кийин баса албай жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Анын бүт денесин сыныктар тешип, кан агып жаткан”, - дейт Александр.

Үчөө тең ар башка ооруканаларга жеткирилген.

“Алгачкы төрт күндө биз ким тирүү, ким өлүк экенин билбей жүргөнбүз. Менин балам ооруканага түшкөндө каттоодон өткөрүлбөптүр”, - деп эстеди Александр. 

Кийинчерээк үй-бүлө биригип, Даниил дарыланууга Киевге жиберилген.

Дарыгерлер баланын башына түшкөн шрапнелдин бөлүкчөлөрүң алып таштай  алышты, бирок анын аркасына тыгылып калган сыныктар азырынча денесинде калууда. Дарыгерлер азыр аларды алып таштоо өтө оорутат дейт. Даниилде көптөгөн жаракаттар бар, буттары сынган. Дарыгерлер ал качан бутуна тураары боюнча болжолдорду жасай алышпайт.

Бала көбүнесе тынч, бирок медайым ага дары сайганда онтолой баштайт.

“Ал ооруканадагы медайымдарга биз кан боёлуп жатканыбызды айтып берет. Ал болгон нерсеге өзүн күнөөлөйт - мен ага жертөлодө отуруу керектигин айткан болчум, бирок ал баары бир мага көчөгө чыкты. Бирок ал күнөөлүү эмес, биз күнөөлүүбүз”, - дейт Александр.

Жаш баланын атасынын айтымында, Даниил согуш башталгандан кийин көп суроолорду берген.

“Аткылоо башталганда ал “Ата, азыр ким атып жатат?”, - деп сурачу. Мен: “Биздикилер” деп жооп берчүмүн. “Азырчы?” - деп сурачы ал”, - дейт Александр.

Анын айтымында, баланын түшүнө танктар кирип, кулап жаткан бомбалардын тыбышынан чочуп ойгонуп кетчү. Бирок башка кезде ал ойноп, күлүп, кадимки бала сыяктуу жүрчү.

“Жаракат алгандан кийин ал каттуу өзгөрдү”, - дейт Александр.

Бирок атыштан аман-эсен чыгып кеткендер да оор психологиялык жаракат алды.

13 жаштагы Иван Бобков үй-бүлөсү менен бирге Киевдин астындагы Бучадан качкан. Кичинекей шаар бир нече апта орус аскерлеринин көзөмөлүндө болгон.

Алар март айында жай тургундарды эвакуациялоо үчүн уюштурулган гуманитардык коридор аркылуу кетүүгө үлгүргөн. Азыр анын үй-бүлөсү Киевдеги эскирген муниципалдык имараттын бир бөлмөсүндө жашап жатат.

“24-февралда согуш башталган кезде мен шок болуп калдым. Бул кадимки күн болушу керек эле: мен мектепке барып, сабак окуп, андан соң сейилдөөгө барышым керек болчу. Бирок ошол күнү биз жертөлөдө жашап баштадык. Өтө коркунучтуу болду, айрыкча түңкүсү”, - деп айтып берди Илья.

Илья Бобков жаман түштөрдү көргөнүн айтат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илья Бобков жаман түштөрдү көргөнүн айтат

Эвакуация маалында Ильянын үй-бүлөсү өрттөнүп жаткан имараттар, сокку жеген танктар жана жол жээгинде жаткан өлүктөрдүн жанынан өткөн.

“Мен согуш алигече биздин айланабызда болгон сезимден арылбай жатамын. Менин үй-бүлөмдү орустар өлтүрүп же барымтага алып жатканы түшүмө кирет. Мен муздак терде ойгономун”, - дейт Илья.

Анын тай эжеси Валентина Солокованын үй-бүлөсү Ильянын үй-бүлөсү менен бирге эвакуацияланган. Ал Ильянын ата-энеси балдары менен ойноп же бирге сүрөттөрдү көрүү менен аларды алаксытууга аракеттенгенин айтат.

Анын айтымында, эң оор моменттердин бири - бул жакын арада тамактанууга эч нерсе болбой калышы мүмкүндүгүн түшүндүрүү.

Илья Бобковдун үй-бүлөсү Бучада аман-эсен чыга алышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илья Бобковдун үй-бүлөсү Бучада аман-эсен чыга алышты

“Мен аларга айтканмын, нан менен суу - бул азыр эң негизгиси. Мен алардын мектепке барып, каалаган нерсесин жеп, ойноп жүргөн мурдагы жашоо аяктаганын, башка өмүр башталганын жана алар тез өсүү керектигин түшүндүрүшүм керек болчу”, - дейт Валентина.

Миллиондогон украин балдар бир заматта балалык кезинен ажырады. БУУнун эсептөөлөрү боюнча, Украинадагы дээрлик 8 млн жаш баланын үчтөн бир бөлүгү өз үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкөнүн түштүгү жана чыгышында уланып жаткан согуштан, ошондой эле Львов жана Киевде аткылоо жанданганынан улам Украинанын эч бир бөлүгү азыр коопсуз көрүнбөйт.

Украиналык балдардын күтүлбөгөн жерден үзүлгөн тынч жашоосуна качан кайта турганын эч ким билбейт. (EB)