Мариуполдогу балдар ооруканасына сокку урулуп, 17 киши жарадар болду
Күбөлөрдүн айтымында Россия тараптын ок жаадыруусунан Мариуполдогу оорукананын төрөт, балдар жана терапевтик бөлүмдөрү жабыркады. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик да ырастады.

Сүрөттүн булагы, UNIAN
"Мариуполь. Орус аскерлери төрөт үйүнө тикелей ок атты. Жырткычтык! Дүйнө дагы канчага чейин террорду этибарга албай, алардын шериктеши болуп кала берет? Аба мейкиндигин тезинен жапкыла! Адам өлтүрүүнү токтотуп калгыла! Силерде күч бар экен, бирок адамгерчилигиңерди жоготуп жатат окшойсуздар", - деп украин президенти Владимир Зеленский "Телеграмда" жазды.
"Жети шумдук кыйроолор болду. Балдар дарыланып келген медициналык жайдын корпусу толугу менен талкаланды. Жарадар болгон балдар тууралуу маалымат такталып жатат", - делет Мариуполь шаардык кеңешинин бул тууралуу билдирүүсүндө.
"Мариуполь шаарынын чок ортосундагы оорукананын балдар жана терапевдик бөлүмү орус авиациясынын чабуулунан кийин талкаланды", - деп "Фейсбукка" Донецк облусунун аскердик администрация башчысы Павел Кириленко жазды.
Ал бул окуяда жабыркаган адамдарды жакынкы ооруканага эвакуация кылып жатышкандыктарын кошумчалады.
Кириленконун айтымында, төрөтканадагы 17 киши жаракат алышты. Арасында медициналык кызматкерлер жана төрөй турчу аялдар дагы бар.
Украина тарап авиасокку Россия тарабынан жарыяланган тынчык режими маалында болду деп жатат.
Ал арада Украинанын Улуттук полициясынын башчысынын биринчи орун басары Вячеслав Аброськин "Фейсбукта" орус аскерлери Мариуполдогу төрөткана артиллериялык сокку урганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, UNIAN
Жогорку Раданын депутаты Дмитрий Гурин дагы Би-Би-Сиге берген маегинде бул маалыматты тастыктады.
Айтымында, каза тапкан балдар же ымыркайлар тууралуу азырынча маалымат жок, бирок балдарды урандылардан алып чыгып жатышат.
Коомдук желелерде кыйраган оорукананын видеолору чыкты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Би-Би-Си өз алдынча бул авиасокку болдубу же артиллериялык атуу болдубу текшере албайт. Бирок сүрөт жана видеолорго карап? оорукананын жанына кубаттуу авиабомба түшкөнбү деп жоромолдосо болот.

Сүрөттүн булагы, UNIAN
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Твиттерде" Мариуполдогу окуяны айыптап, Украинага авиасоккулардан коргоону үчүн дагы кошумча кандай колдоо көрсөтсө болот анын өлкөсү ойлонуп жатканын жазды.
"Алсыздарга жана коргоосу жок адамдарга сокку уруудан пас нерселер аз эле болсо керек", - деп жазды ал. Британия оор кылмыштары үчүн Путинди жоопко тартуу үчүн аракет кылат, деп кошумчалады Жонсон.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Украина Россияны жарандык объектилерге ок атат деп айыптап жатат.
Россиянын Коргоо министри болсо аскердик гана объектилерди бутага алып жатканын айтып, жарандык инфраструктурага карата чабуулдарды "Улуттук батальондун чагымы" деди.
Батыштын реакциясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мариуполдогу балдар ооруканасына болгон чабуулдан кийин президент Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүнө кайрылып, орустардын аскердик авиациясынан коргоону үчүн НАТОдон Украинанын абасын жабууну суранды.
Би-Би-Синин кабарчысы азыркы жагдайда Британия менен АКШ Зеленскийге Украинанын аба мейикндигинде учканга мүмкүн эмес зона киргизе албарын кантип түшүндүрөт деген суроо салды?
Британиянын ТИМ министри Лиз Трасс соңку чабуулду айыптады, ал абадан коргоонун эң жакшы жолу бул – абадан кол салууга каршы куралдандыруу болот, Британия Украинага ошондой жардам кылат деди.
"Биздин максат согушту жоюу – бирок аны шыкактоо эмес", - деп жооп кылды Энтони Блинкен.
Эгер Украинанын аба мейкиндиги орус авиациясына жабыла турган болсо, орустар үчүн буга аскердик чаралар керек болмок.
НАТОнун ок атуучу тик учактары Украинанын асманында пайда болсо, бул АКШ, НАТО жана Россия ортосундагы тикелей конфликтке алып келмек.
Блинкендин айтымында, бул согушту козутуп, көбүрөөк кандуу окуяларга алып келиши мүмкүн. EKa

































