АКШнын Гаитидеги элчиси “адамгерчиликсиз” депортациялардан улам кызматтан кетти

Гаитилик мигранттар

Сүрөттүн булагы, AFP

Published

АКШнын Гаитидеги атайын өкүлү гаитилик мигранттардын депортацияланышына нааразылык билдирип кызматтан кетти.

Жер титирөөдөн жана саясий туруксуздуктан качкан мигранттарды кайтаруу чечими “адамгерчиликсиз” болгонун жогорку даражалуу дипломат Даниэл Фут айыптоо катында билдирди.

Өткөн дем алыш күндөрү Кошмо Штаттарда Техастын чек арадагы шаарынан депортациялык каттамдар башталды, ал жерде көпүрөнүн астына 13 миңдей мигрант чогулган.

Алар +37 ысыкта убактылуу лагерде күтүшкөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларды тамак-аш жана тийиштүү санитардык каражаттар менен камсыз кылуу үчүн болгон аракетин жумшап жатышат.

Жекшембиден бери АКШ Мексика менен чектеш Техас лагеринен 1401 мигрантты Гаитиге кайтарып берди.

Элчи Фут отставкага кеткен катында Гаити “кыйраган мамлекет” экенин билдирип, “мажбурллоо жолу менен кайтып келип жаткан миңдеген мигранттарды кабыл алууга шарты жок жана аларга тамак-аш, баш калкалоочу жай жана акча жеткирүү дагы жоготууларды алып келет”, - деп айткан.

Гаитилик мигранттар

Сүрөттүн булагы, AFP

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки басма сөз жыйынында “Атайын өкүл Фут кызмат учурунда иммиграцияга байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүгө кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок ал бир да жолу бул тууралуу сөз кылган эмес”, - деп жооп берди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Басма сөз катчы Псаки ошондой эле атчан америкалык офицерлердин мигранттарды талаага айдап бараткан чек арадагы сүрөттөрүн коркунучтуу деп сыпаттады жана мындан ары бул аймакта ат колдонулбай турганын айтты.

Ушул аптанын башында AFP фотографы тарткан сүрөттөр кеңири тарап, АКШдагы кулчулук жана кара түстүү адамдарга карата өтмүштөгү катаал мамилелерди эске салды.

Натыйжада президент Жо Байдендин администрациясына кысым болуп, анын Демократиялык партиясынын мүчөлөрү гаитиликтерди мекенине жөнөтпөстөн, башпаанек менен камсыз кылуу керектигин айтып чыгышты.

Көптөгөн гаитиликтер 2010-жылы өлкөнү кыйраткан жер титирөөдөн кийин качып кетишкен. Лагердегилердин көбү Бразилияда же Түштүк Американын башка өлкөлөрүндө жашап, жумуш же юридикалык статусун таба албагандан кийин түндүктү көздөй сапар алышкан.

2021-жылы жакыр Гаити жаңы кыйынчылыктарга туш болду. Июлда президент Жовенел Моиз өлтүрүлүп, августта болсо зилзала көптөгөн адамдардын өмүрүн алды.

“Эл аралык куурчак театры”

Элчи Фут гаитиликтер “тезинен жардамга” муктаж экенин айтып, АКШ менен башка өлкөлөрдү улуттук саясатка кийлигишүүдө деп сындады.

“Биздин гаитилик достор чындыгында белгилүү бир багытты көздөөнү самашат жана ал багытка карай бет алууда эч кандай эл аралык кийлигишүү же жол көрсөтүү сыяктуу куурчак ойнотуу болбосо деп каалашат. Ошондой эле, жаңы талапкерлер алар көздөгөн максатты колдошсо деп үмүттөнүшөт”, - деди ал.

АКШнын дипломаты Фут бул кызматты июль айында Моиз киши колдуу болгондон бери ээлеп келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменттин кызматкери элчиге жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Америка Кошмо Штаттары “өзүнүн аймагында коопсуз, тартиптүү жана гумандуу миграцияны колдоого умтулганын” айтты.

Бирок кийинки билдирүүсүндө, департаменттин өкүлү Футтун аткаминерлер аны тоготпой койгону жөнүндөгү билдирүүсүнө мындай жооп берди: “Тилекке каршы, чечимдерди издөөгө багытталган саясий процесске катышуунун ордуна, атайын өкүл Фут мырза кызматтан кетип, кырдаалды туура эмес мүнөздөдү”, - деди Нед Прайс.

Президент Байден миграциялык саясаттын ыраатсыздыгы үчүн айыпталган. Шайлоо учурунда ал президент Доналд Трамптын өтө катаал деп эсептеген саясатын өзгөртүүгө убада берген жана март айында бул маселени вице-президент Камала Харриске тапшырган.

Бирок, сынчылардын айтымында, алар жакынкы келечекке конкреттүү планды ойлоп чыгара алышкан жок. Анткени өлкөгө келген мигранттардын саны болуп көрбөгөндөй өсүп кетти.

Окуя болгон жерде иммигранттардын укугун коргоочу активист Женн Бадд, Америка тараптагы Мексика чек арасынындагы Дел-Риодо полиция жана Улуттук гвардиянын топтору аймакты “толугу менен жаап салышканын” айткан.

“Укук коргоо органдары эмне кылып жатканыңарды билмейинче, бул жерде дем ала да албайсыңар”, - деди Би-Би-Сиге Чек ара кызматынын мурдагы өкүлү Женн Бадд.

“Алар тазалап, баарынан кутулуп жатышат жана дарыяга кирүү мүмкүнчүлүгүн да жабышкан”.

“Менин өлкөмдө эч нерсе жок. Алар эмне максатты көздөөдө?" -деп көзүнө жаш алган гаитилик айым AFP кабарчысына кайрылды.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, 19 миңге жакын мигранттар, көпчүлүгү гаитилик, Колумбияда, Панама чек арасынан Америка Кошмо Штаттарына өтүү үчүн күтүп жатышат.

“Биздин бир каалообуз бул жерден Панамага Кошмо Штаттар чек арасын жапканга чейин өтүп кетүү”, - деди бир мигрант. “Алар биздин кыялдарыбызды тартып алышууда. Мен Перудан келдим жана абдан көп кыйынчылыктарды башыман өткөрдүм”.

Ар ай чек арадан өткөндөрдүн саны көбөйгөн сайын, Жо Байден документи жок мигранттарга алсыз деп эсептеген консерваторлор менен анын саясатын мурунку Доналд Трамптын саясатына өтө окшош деп эсептеген либерал активисттердин ортосунда кысымда калды.

Эми, Байдендин кылган ишин сынга алгандар анын администрациясынын ичинен чыга баштайт жана бул окуя көп адамдарды өз оюн билдирүүгө түртөт.

Кара түстүү гаитиликтерди куугунтуктаган формачан чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүрөттөрү Американын тарыхындагы кулчулуктун жана басмырлоонун коркунучтуу бөлүмдөрүнө окшоштурулган. Иммиграция активисттери чек арадагы эпизод бул өлкөдөгү кара түстүү мигранттарга карата катаал мамилени чагылдырат дешет.

АКШда, эгерде расмий өкүлдөр аларды мекенине кайтаруу кооптуу деп ойлосо, мыйзамсыз мигранттарга депортациядан “убактылуу коргоочу статус” бере ала турган процесс бар.

Гаитиликтер, ошондой эле Борбордук Американын бир нече өлкөсүнүн жарандары бул коргоо статусуна ээ. Бирок жаңы келгендердин коргоого укугу жок.

Ошого карабастан АКШга бет алган гаитиликтер чек арадан эле кайра мекенине жөнөтүлөт. Ал жерде Даниэл Футтун отставкадагы катында айтылгандай, алар адамгерчиликсиз мамилеге жана чоң коркунучка туш болушат.