"Акча деп балээге калба". Украинанын Кремль каратып алган аймагындагы ишке кимдер, кантип тартылууда?

Published

Олеся Герасименко Би-Би-Си

Мариуполь шаары. 2023-жыл. Орусиянын Ички иштер министрлигинин кадрлар бөлүмү Украинадагы убактылуу басып алынган шаар-кыштактарга кызматка кабыл алуу боюнча кулактандырууларды байма-бай жөнөтүп келишет

Сүрөттүн булагы, anadolu agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполь шаары. 2023-жыл. Орусиянын Ички иштер министрлигинин кадрлар бөлүмү Украинадагы убактылуу басып алынган шаар-кыштактарга кызматка кабыл алуу боюнча кулактандырууларды байма-бай жөнөтүп келишет.

2022-жылдын жазынан бери орусиялык бийликтер өлкөнүн бардык аймактарына чакырык таштап, Украинанын убактылуу басып алынган шаарлары менен айылдарына дарыгерлерди, мугалимдерди, полиция кызматкерлерин, курулушчуларды жана күзөтчүлөрдү ишке азгырууда.

Бул жакта кадрлардын ушунчалык зор өлчөмдө таңкыстыгы байкалат. Көпчүлүгү бул аймактарга акча табуу үчүн сапарга чыгышат, себеби алар Орусиянын ичкерисиндеги өз кичи мекениндеги жакырчылыктан качууга далаалат кылышууда.

Бирок азыр Украинанын Кремль тарабынан убактылуу басып алынган жерлеринде көп иштер токтоп калды: бул аймактарда алар украиналык аскерлердин кубаттуу каршы чабуулдарын күтүп жатышат.

Убактылуу каратылган аймактарга ким жана эмне үчүн иштөөгө бара жатканын Би-Би-Си иликтеди.

Орусиянын бийликтери Украинадан убактылуу тартып алынган аймактарда 600 миң метрден ашык турак жай курууну пландап жатышканын алгач жарыялаганда, алгачкы келишимдерди алган компаниялар Мариуполь, Мелитополь жана Херсонго жиберүү үчүн бир нече жүздөгөн куруучуларды жалдай башташкан эле.

Жакынкы убакка чейин ал жактарда мигрант жумушчуларга жакшы төлөшчү. Кыш кыноочулар, электриктер, монтаждоочулар айына 100 миң рублден ашык акча алышчу. Мелитополго барган куруучулар кезметине 5 миң рублдан алып жүрүшкөнүн Би-Би-Сиге айтышты. Мариуполдо атайын адистиги жок жумушчулар, эгерде алар Орусиядан болсо, ишинин жыйынтыгына карабай күнүнө 2500 рублдан акы алышчу: "Ошондуктан, баары тең эле ал жерде илең-салаң иштешет, жөн эле айлык ала беришет", – дейт кызматкерлердин бири.

Жергиликтүү жумушчулар үчүн айлык акча келгиндердикине караганда эки эсе аз болгон.

"Жергиликтүү эл бизге 50х50 өлчөмүндө (теңме-тең) мамиле кылышты, алкыш айтышкандары да, каргап-шилегендери деле болду. Ал түгүл орусиялык номурлуу автоунаалар өрттөлүп, айрым курулуш топтору автоматчандар тарабынан кайтарууга алынган учурлар деле болду.

Бирок ал жерде башка өңүттө кооптуулук бар: менин бир таанышым Жаңы жыл түнү ошол жерде болгон жана алардын [жайгашкан үйүнө] ракета келип тийген. Ал имараттын башка бөлүгүндө уктап жаткандыктан гана кокусунан аман калган. Кыскасы, үч күндө эле ага 90 миң рубль төлөшүп, аман-эсенинде өз үйүнө жөнөтүштү”.

FOTO.  Мариуполь шаарында жаңы конуштун айланасын жакшыртуу иши жүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, VALENTIN SPRINCHAK/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполь шаарында жаңы конуштун айланасын жакшыртуу иши жүрүүдө

Көпчүлүк келгин жумушчулардын эмгек келишими жок – кимдир бирөө нөөмөткө жалпысынан оозеки макул болсо, кимдир бирөө Whatsapp аркылуу жарандык келишимди алган экен. Москвада жана Санкт-Петербургда жайгашкан компаниялар көптөгөн ортомчул ишканаларды жалдашат, алар куруучуларды "көп учурда сызга отургузуп кетишет".

Акчаны Орусиядагы аткаминердин кабылдамаларына телефон ачуудан же Яндекс.Зенге билдирүү жазуудан коркпогон кишилер эле ала алышат. Кийинки арга келгин жумушчулар үчүн эмгек акы боюнча өзүнө карата топтолгон карыздарды өндүрүп алуу жагынан эң натыйжалуу саналган ыкмага жатат.

Ал эми келгин куруучулардын биринин айтымында, эгерде алар айлык акыларын эптеп ала алышса, анда өз акчаларын “дамбалынын ичинде сактап” турууга аргасыз, анткени Мариуполь менен Мелитополдо банктар жок. Бул шаарларда үй-жайсыз жана ачка селсаяктар тынымсыз жойлоп жүрүшөт.

Куруучулар: "Кырдаал өтө опурталдуу"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мурда 9 жылдай аскерде кызмат өтөгөн петербургдук кесипкөй куруучу Денис Суворин Мариуполго акча үчүн деле барган эмес. Мен “тарыхый окуяларга” өз алдымча көз чаптыргым келди. Келгенден кийин "опурталдуу кырдаалды" байкадым: баары-жоктун баары чачкын уюшулган, ишке алынган жергиликтүү жумушчулар чөнтөктөрүнө ичимдик бөтөлкөсүн көтөрө келип, кулкулдатып, анан бошогонун ыргытып жиберишет".

Анын айтымында, Санкт-Петербургдан жалаң гана жетекчилер, – директор, орун басарлар, бригадир, – келишти: “Мен эле мында жалгыз жумушчумун”.

Мисалы, иш ордунда эң жөнөкөй шаймандар, сайлуу бураманы бурагычтардан бери болгон эмес. Эптеп миздүү аспап таап, кол менен бурап жаттык, деп эскерет алиги куруучу.

Суворин Мариуполдо бир ай гана иштеди. "Мен бир үйдү оңдоп бүтүрдүм, анан бүтүндөй тогуз кабаттуу үйдөгү сайлуу бурамаларды өз колум менен бекиттим, анда жылытуу жабдууларын өзүм орноттум".

Ишин бүтүргөндөн кийин ал Санкт-Петербургга кайтып келди, бирок айлык кечигип жатты. Суворин бир ай бою курулуш компаниясынын телефондоруна тынбай чалып жатты, андан соң прокуратурага, тергөө комитетине, эмгек инспекциясына, губернаторго, президенттик администрацияга жана ДЭРдин башчысы Денис Пушилинге чейин арыз кат жаза баштады.

"Мен ал гана түгүл жанагыларга... чет элдик агент болуп катталып калгандарга... дагы өз көйгөйлөрүмдү чагылдыруу үчүн кат жаза баштадым. Мен РЕН-ТВ, НТВ сыналгы каналдарына да жаздым. Эч кандай майнап чыкпады", – дейт ал.

Мариуполь шаарынын көчөлөрүнүн биринин четине жаңы турак үй курулуп жатат.

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL TERESCHENKO/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполь шаарынын көчөлөрүнүн биринин четине жаңы турак үй курулуп жатат.

Эмгек инспекциясынан тиешелүү компаниянын эсептери жабылгандыктан төлөм жүргүзүү мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү келди: 2023-жылдын 17-октябрынан тартып банк алардын Мариуполь менен байланышкан акчалай амалдарын "шектүү" деп эсептеп, "террорчулукка шериктештик" доосу боюнча текшере баштаган экен. Алиги компаниянын өкүлдөрү да өздөрүндө эч акча жок экендигин телефон аркылуу айтышты.

Алиги курулушчу 2023-жылдын февралында өзүн жалдап иштетип алган курулуш компаниясынын директоруна уят сөздөр камтылган жана “эгер төлөбөсөң, келип жазалайм” деген жалпы маанидеги үн билдирүү жөнөткөн. Ал милицияга кайрылам деп жооп узатып, бирок акыр аягында, 17-февралда, Суворинди кеңсеге чакырып, убада кылган 150 миң рублди төлөп берди. Ал адатта Санкт-Петербургда айына ушундай эле көлөмдө акча таап иштей алат.

Күзөтчүлөр: "Алар жакырчылыктан улам ал жакка жөнөп жатышат"

Убактылуу кармалып жаткан төлөмдөр жана жокко чыгарылган мамлекеттик контракттар тууралуу ушул сыяктуу эле айың кептер жеке күзөт компанияларынын кызматкерлеринин арасында да байма-бай таркап жатат.

Күзөт кызматкерлерин Орусия убактылуу басып алган украиндик аймактардагы мектептерди, бакчаларды, банктарды жана мамлекеттик мекемелерди кайтарууга 2022-жылдын жайынан бери жигердүү жалданышкан. Алардын айлык акысы айына 170 миң рублдан башталган. Күзөтчүлүк агенттиктери дагы эле Орусиядагы эң ири кесипкөй топтордун катарында турат. Былтыркы жайдан бери оруиялык жеке күзөтчүлөр акча табуу үчүн Херсонго, Запорожье облусуна, Мариуполго, өздөрүн бир тараптуу эгемен жарыялап алышкан ЛЭР жана ДЭРге өз каалоосу менен барып жатышты.

"Алар жакырчылыктан улам эле бул жактарга кетип жатышат. Бул жерде [Орусиянын өзүндө] жакшы айлыкка жана кызмат ордуна ээ болууга дээрлик эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Айтор, алар үмүтсүздүктүн айынан ал жактарга кетип жатышат. Жок дегенде мен тааныгандардын баары ошентүүдө", – деп күзөтчүлөрдүн бири Би-Би-Синин кабарчысына түшүндүрө кетти.

Күзөтчү Алексей Трегубов 2022-жылдын сентябрында Самарадан Мелитополго жакын жайгашкан Веселое кыштагына келип, төрт айдай иштеген.

Сүрөттүн булагы, DENIS SUVORIN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күзөтчү Алексей Трегубов 2022-жылдын сентябрында Самарадан Мелитополго жакын жайгашкан Веселое кыштагына келип, төрт айдай иштеген.

Күзөтчү Алексей Трегубов болсо: "Ал жакта жашоо кадимкидей эле, кантсе да бул аймактар бошотулуп алынган да. Ал жерде атышуулар, жардыруулар угулуп жатат, бирок эч замбирек огу жетпейт. Жергиликтүүлөр, албетте, ар кандай турумдагы кишилер. Баары тең эле бул окуялардын аякташын күтүп жатышат, баары тең эле бейпилдикти самашат", – деп эскерди.

Херсондогу автовокзалда жүргүнчүнүн буюм-тайымын текшерип жаткан учур. 2022-жыл, июль айы

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Херсондогу автовокзалда жүргүнчүнүн буюм-тайымын текшерип жаткан учур. 2022-жыл, июль айы

Аскердик кызматты да, контракт боюнча үч жыл кызмат да өтөгөн Алексей Трегубов 2016-жылы ардактуу эс алууга чыгып, мындан ары аскер турмушу жөнүндө эч ойлонбой калам го деп санаган.

2022-жылдын сентябрында ал Орусия убактылуу каратып алган Мелитополдун жанындагы кыштакка күзөтчүлүк жумушка орношту. Ал үйүнөн кеткенден бир аптадан кийин аскер комиссариатынан ага аскерге кошумча чакырган кагаз келген экен.

"Менин эжем айтыптыр: "Бирок Леша жок, ал Украинада эмеспи". Алар болсо: "Чакырыкка чейин эле ал жакка кетип калды беле, тобо? " дешиптир. Айтор, мен бул төрт айлык келишимге учурунда сонун гана кетип калыптырмын. Болбосо, алар мени сөзсүз аскерге алып кетишмек. Мен өзүм танк айдоочумун да".

Күзөтчү Трегубов төрт айдан кийин, жаңы жыл түнү, Орусияда алгачкы кошумча аскерге чакыруу өнөктүгү саал басаңдай баштаган чакта, өзүнүн үйүнө кайтып келди. Анын ордуна башка күзөтчүлөр Орусия убактылуу каратып алган аймактагы ишке кабыл алынды.

Тюменден аскерге кошумча чакырылгандарды Украинадагы кан майданга жөнөтүү учуру.

Сүрөттүн булагы, MAXIM SLUTSKY/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тюменден аскерге кошумча чакырылгандарды Украинадагы кан майданга жөнөтүү учуру.

2023-жылы болсо Орусия убактылуу каратып алган украин аймактарында иштөө үчүн мамлекет менен келишим түзгөн жеке күзөт компанияларында улам жаңы көйгөйлөр жарала баштаган.

Би-Би-Синин маектештеринин бири күзөтчү катары иштеп, бул жактан акча таап кетем го деген үмүтү акталбай калгандыгын айтты:

"Мен дагы эле Москвадамын. Императордун (ал Путинди шылдыңдап "ампиратор" деп атады. – Би-Би-Си) согушка акчасы жетпей жатпайбы, ошондуктан мектептер менен бала бакчаларды коргоого күзөтчүлөр үчүн каражат бүтүп калды. Мен ошентип ал жакка кетүүгө жетишпей калдым, үлгүрбөй калдым".

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-январынан баштап күзөт агенттиктери мамлекеттик бюджеттен акча которуп алуусун токтотушкан. Башында күзөт жетекчилери муну убактылуу кечиктирүү болсо керек деп ойлоп, өз кызматкерлерине 170 миң рублди өз мекемесинин акча корунан төлөп да беришкен.

"Аларды кантип сызга отургузуп кетишкендигин эми акыл калчап көргүлө. Былтыр каржылоо болуп келген, бирок быйыл эчтеке жок. Январь өттү. Февраль өттү... Күзөт компанияларынын жетекчилери эми суроо бере башташты. Тигил жактагы чоңдор Жаңы жылдан бери тек гана тил эмизип келишет. Мына, марттын ортосу да кирип келгенде, эч акча түшкөн жок.

Жеке күзөт компаниялары кызматкерлерин жөнөтүүнү кыскартууга аргасыз болушту. Ал жактагы күзөтчүлөрүнө орто эсеп менен 100 000 рубл акча гана төлөй башташты. Ал эми Москвада жанында курал-жарагы бар күзөтчү мындан да чоң көлөмдө айлые алат эмеспи. Анын үстүнө Москвадагы күзөтчү эч кандай замбирек огун күтпөйт, эч кандай граната анын терезесинен бөлмөсүнө ыргытылбайт. Эми күзөтчүлөр март айы үчүн айлыктарын алышса эле, дароо Орусияны көздөй безип жөнөшөт ко деп турам".

Полиция кызматкерлери: "Үйүндө шымын булгап алгандар эле бул жакка жөнөшөт"

Эгерде күзөтчүлөр өздөрүнүн жетекчилеринин Украинадан убактылуу басып алынган аймактарга баруу тууралуу чакырыгына шар эле макул болушса, ал эми полиция кызматынын абалы башынан эле начар болуп келген.

2022-жылдын жай айларынан тарта Орусиянын Ички иштер министрлигинин кадрлар бөлүмдөрү Украинадан убактылуу басып алынган шаар-кыштактарга кызматка кабыл алуу боюнча кулактандырууларды байма-бай жөнөтүп келишет. Бирок азырынча анча-мынчалар гана оң жооп берип, болгондо да, өтө этияттык менен тактап алып жатышат. Өзгөчө Украинанын куралдуу күчтөрү убактылуу каратып алынган Херсон облусунун жарымын, анын борбору Херсон шаары менен кошо орусиялык баскынчылардан кайта бошотуп алган соң, мындай убактылуу басып алынган аймактарга ишке келүүнү каалагандар сээлдеди.

"Бул жактарга саал-паал катачылыктарынан улам Орусиянын Ички иштер министрлигинен бошотулгандарды деле жөнөтүп жатышат. Эми аларга эгерде (убактылуу басып алынган) аймактарга барып иштөөгө макул болсоңор, анда жоюлуп калган мурдагы полициялык даражаларыңарды жана көп жылдык иш көрсөткүчү үчүн кошумча жөлөкпулдарды калыбына келтиребиз деп убада кылышууда. Ал эми ардагерликке анча-мынча гана жылы жетпей калган жана кызмат ордунан ажырашы ыктымал болуп жаткан полициячылар болсо бул (убактылуу басып алынган) аймактарда эптеп ардагерликке чыкканга чейин чыдап иштеп туруу жана андан соң ал жактан безип жөнөө долбоорун эп көрүп жатышат".

Би-Би-Синин маектештеринин бири Краснодардан келген улук сержант полициячыны мисал кылып айтты. Ал Краснодардагы жумушунда баңгизат колдонгон деп шектелген экен: "Кызмат жагынан анда баары жакшы болчу: сөгүш алган эмес, чатак чыгарган эмес, кызмат тартибине байланыштуу эч кандай жазага кабылган эмес. Тек гана мыйзамсыз заттар жаатында анын үстүнөн даттануу бар болчу".

Полициянын коопсуздук кызматынын кызматкерлери бул полициячыга ал нөөмөттө турган учурда келишкен да, андан баңгизатка каршы дароо анализ тапшырууну талап кылышкан.

Сержант баш тарткан, мындан улам тараптардын макулдашуусу менен ал сержант кызматынан бошотулган. Буга чейин анын Ички иштер министрлигине кайтып келүүгө дээрлик эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болсо, эми аны кайра кызматка кабыл алышып, Украинадан убактылуу басып алынган аймактарга полициячы катары иштөөгө жөнөтүшөт.

Иште мас абалында жүргөндө, же айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганда, пара менен кармалып, бирок кылмыш иши козголбой калган учурларда жана башка жоруктары үчүн өз кызматынан айдалып кеткен мурдагы полициячылар да Украинадан убактылуу басып алынган аймактарда иштөө боюнча чакырыктарга кызыгышып, ишке алгыла деп кайрылышууда. Бул тууралуу Би-Би-Синин Москва полициясындагы булагы тастыктады.

Албетте, оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды колдоосунан улам кызматтан кетирилген полициячылар ал түгүл убактылуу басып алынган украин аймактарына да эч качан жөнөтүлүшпөйт. "Аларды эч качан полициянын ишине кайра жолотушпайт, жада калса согушка да алышпайт".

Убактылуу басып алынган аймактардагы полициянын кадр бөлүмдөрү тажрыйбалуу жана “таза” полиция кызматкерлерин ишке тартуу жаатында Орусиянын ички аймактарындагы полициянын кадр бөлүмдөрү менен атаандашып жатышат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин акыркы коллегиясынын маалыматына караганда, Орусиянын өзүндө эле 109 миң полиция кызматкери жетишсиз. Ал эми убактылуу басып алынган украин аймактарына, алиги мекеменин ар кандай эсеби боюнча, мунун үстүнө кошумча 29 миңден 42 миңге чейин полициячы жетишсиз. Ичкерки полиция жетекчилери Орусиядагы дасыккан полиция кызматкерин башка кызмат жерине алдырып жиберүүнү каалашпайт.

Өз аймагындагы кызматта иштеп жүрүп жосунсуз жоругу үчүн көйгөйлөргө туш болгон полициячылар өздөрүн ЛЭР жана ДЭР деп атап алган украин аймактарына дилгирлик менен жөнөп жатышат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинде иштеген жана Би-Би-Синин маектеши болууга макулдук берген аткаминерлердин айтымында, мындай жоруктары үчүн беделине доо кеткен полициячыларга ЛЭР менен ДЭР аймактары адистик акталуу аргасы катары тим эле жаңы Кавказга айланышты.

Буга чейинки мезгилдерде кызматтык териштирүүгө кабылган полициячылар өздөрүнүн капсалаң мезгили соңуна чыкканга чейин Дагестан же Чеченстан сыяктуу көйгөйлүү аймактарга уак мөөнөттүк иш сапарларга аттырнп кетишчү.

Азыркы тапта булганган полициячылар ошол эле “аруулануу мүдөөсүн” жүзөгө ашыруу үчүн ЛЭР менен ДЭРди көздөй самсышууда.

"Жигиттердин айтымында, үйүндө шымынан булганып калгандар ошол аймактарга жөнөп кетишүүдө. Полициянын коопсуздук кызматынын башкармалыгы аларга карата илинчек таап алган же кайсы бир жосунсуз жоругун каттап койгон. Андайлар пара алган же башка кандайдыр бир суу ылайлаткан жорукка барышкан, бирок коопсуздук кызматынын башкармалыгынын алдында өздөрүнүн актыгын эч далилдей алышпайт. Мына дал ушундайлар алиги аймактарга дилгирлик менен кача жөнөп жатышат", – деп полициянын мурдагы күжүрмөн амалдар кызматкери түшүндүрүп айтты.

Дарыгерлер: "Акча табуу үчүн ал жакка барууга болбойт: тагдыр жазалап салат"

Убактылуу басып алынган украиндик аймактарда иштөө чакырыгына полициячыларга салыштырмалуу дарыгерлер оңоюраак көнүшөт. Бул аймактарда аларга иш сапар акысы кыйла жакшы төлөнөт, нөөмөт бир нече айга созулат, кайтып келгенден кийин аларды баатырларча тосуп алышат.

Би-Би-Сиге бир эле учурда бир нече дарыгер айткандай, мындай ишсапардын бир күндүк иш акысы 8500 рубль турат. Дарыгер айына 400 миң рублга чейин, медайым болсо 300 миң рублга чейин айлык ала алат. Орусиянын элет жеринде болгону 25 миң рублга жакын айлык маянасы бар дарыгерлер үчүн бул түшкө кирбей тургандай олчойгон көлөмдөгү акча болот эмеспи, дешет Би-Би-Синин дарыгер маектештери.

"Бирок ал жакка акча табуу үчүн барууга болбойт. Тагдыр жазалап коёт. Бул – акча табуунун жолу эмес, – дейт Би-Би-Синин Санкт-Петербургдагы маектештеринин бири. – Эгерде өзүңүз мындан ары башка эч арга таба албай калганыңызда гана ушуга барышыңыз ыктымал. Мисалы, согуш күчөп кетсе. Сиздин билимиңиз талап кылынышы керектигин, сизсиз жоготуулар көп боло тургандыгын аңдаганыңызда гана. Дал ушундай жагдайда гана ал жакка баруу маңызга ээ. Башка эч канжай жагдайда эмес. Мен бул жактан (Орусиянын өзүнөн) деле акча таап иштей алам".

Бирок журналисттер менен баарлашкан дарыгерлердин арасында мындай көз караштагылар сейрек кездешет.

Орусиянын Псков облусу, жергиликтүү журналисттер белгилегендей, 2022-жылдын жыйынтыгына караганда, дарыгерлердин камсыз кылынышы боюнча артта калган орусиялык аймактардын катарына кирген. Мында калктын 10 миңине 30дан аз дарыгер гана туура келет. 2023-жылдын 15-январына карата бул облуста саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн 481 бош орун бар болду.

Орусиянын башка элеттик аймактарында да абал начар. Би-Би-Синин Свердлов облусундагы бир маектешинин белгилешинче, бул аймактагы керектүү бош орундарга жаш адистерди тартып, таңсыктыкты жоюу үчүн кеминде ондогон жылдар талап кылынат: "Бирок калайыкты он жылдан кийин эмес, дал ушул азыркы тапта дарылаш керек да".

Иркутск облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги 2023-жылы дээрлик 40%га чейин өсүп чыккан. Челябинск облусунда болсо 10 миң дарыгер иштейт, ал эми калайыкты касыздоо үчүн дагы ошончо сандагы дарыгерди жумушка алуу керек, – дейт жергиликтүү саламаттык сактоо министри.

Кремль тарабынан убактылуу басып алынган украиндик аймактарга дарыгерлердин топторун чукул арада жөнөтүү зарылдыгы жөнүндөгү улам жаңы кабарга каршы ачууланган пикирлер айтылтүгүл ып келет. Ал түгүл өкмөтчүл маалымат каражаттарынын интернет барактарына да жүздөгөн кыжырданган пикирлер келип жаткандыгы эч таң калычтуу көрүнүш эмес.

Мугалимдер: "Кудайга шүгүр, ал жакка баргыла деп мажбурлаша элек"

Дарыгерлерден айырмаланып, убактылуу басып алынган украиндик аймактарда орусусиялык мугалимдер дээрлик жокко эсе. 2022-жылдын жайында Запорожьедеги жана ЛЭР менен ДЭР деп өздөрүн атап алган аймактардагы мектептерде иштөөгө чакыруулар байма-бай жөнөтүлгөн. Жүздөгөн мугалимдер бул чакырыктарга жооп беришти. Алардын ысымдары ыктыярдуу барууга макул болгон адистер тууралуу маалымат базасына кошулду, бирок и ш-аракет азырынча ушуну менен бүттү, – деп Калмакиядан келген мектеп мугалимдеринин бири Би-Би-Сиге айтып берди.

Би-Би-Синин кабарчысы Орусиядан келип, Донецктеги мектептерде иштеп жаткан бир нече гана мугалимди таба алды. Алардын бири – Бурятиянын Элдик Хуралынын мурдагы депутаты, айылдык мектептердин биринин мурдагы директору Оксана Бухольцева айым. Ал мектептен айдалгандан кийин убактылуу басып алынган украиндик аймакка кеткен. Жергиликтүү журналисттердин айтымында, Бухольцева айым "жеке таарынычтан улам" Донецкке ишке кеткен.

Донецктен Бухольцева айым өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына уламөзү деле учуп келип жарылып жаткан ракеталар тууралуу жазып келет. Ал Евгений Пригожинди колдоорун эч жашырбайт жана өзү деле "Вагнер" жоочулар тобунун сүйүктүү аспабын – барсканды курал-жарак катары колуна алууга даяр тургандыгын айтат. Ал Би-Би-Синин жолдогон суроолоруна эч кандай жооп кайырган жок. (TT)