Башкыртстанда соттолгон активисттин тарапкерлери полиция менен кагылышты
Жергиликтүү активист Фаил Алсыновго өкүм чыккан күнү Баймак сотунун имаратына миңдеген адам келди. Ал жек көрүүнү козуткан деп айыпталып, төрт жылга соттолду. Бирок Алсынов түшкөн автозак соттун аймагынан чыгып кете албады – нааразы болгондор жолду тосуп алып, күч органдары менен кагылышуу башталды.

Сүрөттүн булагы, FAIL ALSYNOV/VK
Алсынов 2020-жылы Куштау тоосун (байыркы уникалдуу эстелиги) коргоп чыгып, алтын казгандарга каршы митингде чыгып сүйлөгөнү үчүн өткөн жылы соттолгон.
«Мени колдоп келгендердин баарына чоң рахмат. Мен муну эч качан унутпайм. Менин эч кандай күнөөм жок. Мен дайыма акыйкаттык үчүн, элим үчүн, өзүмдүн республикам үчүн күрөшүп келдим. Дагы көрүшөбүз. Мен мындай болот деп күтпөдүм. Прокурор колония-поселенияга төрт жыл сураган, а мага жалпы режимдеги колонияга төрт жыл берди. Биз арызданабыз»,-деди ал Rusnews басылмасы жазган кабарга караганда.
Мурда дагы сот болуп жатканда соттун имаратынын алдына жүздөгөн адам чогулган. Бирок шаршембиде эл көп келди. Акцияга катышкандар «Уят!» деп кыйкырып атышты.
ОМОНдун кызматкерлери калкан жана союл менен чогулгандарды дарбазадан алыс сүрүп салышты. Алсынов түшкөн автозак дарбазадан чыгып кеткенге жол ачыш керек эле. Бирок конвой чыгып кете албады.
ЖМКнын маалыматына караганда, күч кызматкерлери чогулган элге каршы көздү ачыштырган газ менен да аткылашты. Ошондой эле жаракат алгандар да болду, соттун имаратынын алдына тез жардам машинасы келди.
Жергиликтүү бийлик миңдеген адамдардын каршылык акциясы жана полиция менен кагылышуу жөнүндө эчтеке айта элек.

Сүрөттүн булагы, RUSNEWS

Сүрөттүн булагы, T.ME/ALSYNOVBASHKORT
Алсыновдун иши
Активистке каршы иш өткөн жылы козголгон, ага каршы Башкырстандын башчысы Радий Хабиров арыз жазган болчу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2023-жылы апрелде Алсынов Уралдын арт жагындагы айыл чарба жерлерин бузуп, сууларды булгап жаткан алтын казууга каршы митингге катышкан.
Тергөөнүн маалыматы боюнча ал башкыр тилинде «Кавказдын жашоочулары», «Орто Азия», «армяндар» деп алар жөнүндө жаман айткан, деп жазат «Идель.Реалии».
Митингде чыгып сүйлөгөн Алсынов башкырттар Украинада согушуп жүргөндө алардын жерин тартып алып коюп жатышат деп сүйлөгөн.
Ал ошондой эле Башкырстанда алтын казып жүргөндөр жаратылышты талкалап туруп, мекенине кетип калышат, ал эми анын кесепети жергиликтүү элге тиет деген.
«Армяндар өзүнүн мекенине кетип калышат, кара халык үйүнө, орустар өзүнүн Рязанына, татарлар - Татарстанга кетет. Биз көчүп кете албайбыз, биздин башка үйүбүз жок, биздин үйүбүз ушул жер»,-деп сүйлөгөн Алсынов.
Башкасын айтпаганда да активистти «кара халык» деген сөзү үчүн күнөөлөп атышат. Бул түз маанисинде «кара эл» деген маанини берет, бирок азыркы түрк тилдеринде карапайым элди да ушинтип айтса болот.
Алсынов кимге каршы жек көрүүчүлүктү козуткан дегенде бийликтин өзүндө бир нече версия болуп жатат.
Губернатор Хабиров прокуратурага жиберген катында активист «башкыр эли менен армян, орус жана татар элдерин каршы койгон, элдин алдында менчик укугун улуту боюнча бөлүп айткан», деп көрсөткөн.
Хабировдун арызы боюнча жасалган экспертизада (Би-Би-Синин колунда бар) Алсыновдун сөзүндө «армяндар» деген адамдар тобу жамандалганы айтылат.
Иш козголгондон кийин дагы бир экспертиза жасалып, анда активист эки топтогулар - «армяндар» жана «Кавказ же Орто Азиянын жашоочулары» жөнүндө жаман айткан деген тыянак чыккан.
Алсыновдун өзү болсо мындай түшүндүргөн: «Мисалы, армяндар өз жерине кетип калат, татар, орустар тууралуу да айткам, бирок мен алар Башкырстанда жашабашы керек деп айткан эмесмин… бул элдердин өкүлдөрүн айыптаган эмесмин, аларды басмырлаган сөз айткан эмесмин».
Анын жактоочусу Ильнур Суюндюков Би-Би-Сиге активист сөзүндө армяндар жөнүндө айткан себебин айылдагы алтын казуу иштерин жүргүзө турган компанияда армян фамилиясындагы адамдар болгону менен түшүндүрдү.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
«Куштау үчүн өч алуу»
Активисттин жактоочулары кылмыш ишин «Куштау үчүн өч алуу» деп аташууда. Алсынов чынында эле Куштау тоосун сода өндүрүү үчүн иштетүүгө каршы болуп келген.
2019-2020-жылдары Куштаунун айынан бул аймакта Башкырт соода компаниясы менен жергиликтүү бийлик жана жашоочулардын ортосунда масштабдуу конфликт чыккан. Каршы болгондор тоонун этегинде чатыр лагер тиккенде аны полиция талкалап, ондогон активисттерди кармап кеткен.
Хабиров башында эле шиханды коргоочулардын митинги акча менен болуп жатат деп билдирип, бирок тоодогу казуу иштерин токтоткон болчу. Куштау өзгөчө коргоодо турган жаратылыш аймагы деген статус алган.
Адвокат Ильнур Суюндюков Би-Би-Сиге Алсыновду «республикадагы абдан таанымал адам» деп айтты.
2020-жылга чейин Алсынов кийин тыюу салынган «Башкорт» уюмунун теңтөрагасы болуп иштеген.
«Ал улуттук тил башкырт тилин коргоо боюнча ар кандай иш чараларды уюштурган. Ар кандай карьерлерди иштетүүгө активдүү каршы чыкан. Жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргогон. Чынын айтканда, ал Башкырстандын аймагында болгон бардык экологиялык каршылык жыйындардын баарына катышкан»,-дейт адвокат.
Алсынов Куштау тоосун коргогондугу үчүн бийлик куугунтуктаган биринчи башкырт активисти эмес. 2023-жылы декабрда Уфа шаарында сот Украинадагы согушка катышпоого чакырып видео кайрылуу жасаган активист Рамиля Саитованы беш жыл колонияга өкүм кылган. (МА)
































