“Карыздарды төлөө мөөнөтү келди”: Кыргызстан алган насыялар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пандемияга шартында деле тышкы карыз кыргыз бийлиги үчүн оор жана стратегиялык саясатты талап кылган маселе бойдон калууда. Эгемендик алгандан бери сырттан грант, донордук жардам ала берип, өлкөнүн карызы 4 миллиард доллардан ашты.
Тышкы карыз азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мурунку өлкө башчыларынан мурастап калган эң оор жүк. Анын башкаруусу өлкө тышкы карыздан кутуулуунун негизги мөөнөтүнө туш келип жатат.
“Буга чейин жыйырма жылдан бери алып келген карыздарды төлөө мөөнөтү келди. Алардын арасында беш жылдык мөөнөт менен алынып калган оор кредиттер дагы бар. Мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү пандемияга чейин эле баштаганбыз, тынбай улантып жатабыз. Февраль айынан тарта тийиштүү бардык финансылык институттар менен сүйлөшө баштагам, жыйынтыгы болуп жатат”,- деген эле жакында президент.

Сүрөттүн булагы, Official
Париж клубу жыл соңуна чейин Кыргызстандан карызын доолабайт, бул тууралуу кыргыз өкмөтү өткөн айларда келишимге жеткени кабарлаган. Аталган клубга Франция, Германия, Дания, Жапония, жана Түштүк Корея мүчө.
Мындан тышкары Сауд Арабия Өнүктүрүү фонду жана Кувейттин өнүгүү фонду да карызды төлөөнү шаштырбоого макул болушту.
Учурда тышкы карыздын басымдуу бөлүгүнүн ээси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы жана башкалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн сырттан карыз алуу тажрыйбасы тунгуч президент Аскар Акаевден башталган.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Акаевдин мезгилинде таза суу, жолдор деп социалдык тармакка эбегейсиз акча алынган. Бирок анын натыйжасын эл жакшы көрө алган жок. Бакиевдин тушунда да карыз көбөйүп, Максим Бакиевдин программаларына кетип, отчетту бербей, бирок бийлик кредиттерин ысырап кылган. Билим берүүгө деп, Австралиядан кой алып келебиз деп айыл-чарба тармагына деп да алышты. Бирок биз көргөндөй алар өнүгүп кеткен жок. Кредиттер ошондой эле Атамбаевдин мезгилинде алынды. Жергиликтүү эксперттер менен изилдеп, карыздардын 40% Атамбаевдин жана анын командасынун учурунда көбөйгөнүн аныктадык”,- дейт “Бир дүйнө” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
2010-2017-жылдар аралыгы өлкөдө ири “Датка-Кемин” подстанцияларын тургузуу, Бишкек ЖЭБди жаңылоо, түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууга, Чолпон-Атадагы ипподромду жана Тарых музейин жаңылоого сырттан миллиарддаган акчалар тартылган.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Атамбаев ал бийлик башында турганда өлкө тышкы карызга белчесинен батты дегенге макул эмес, мындай айыптоолорду саясий спекуляция деп атаган.
Мурунку өлкө башчысы Кыргызстанды коңшулардан энергетикалык жана транспорттук көз карандылыктан чыгарганын айтып келет. Ошондой эле тышкы карыздын көлөмүнө эмес, анын ички дүң өнүмгө болгон катышын кароо маанилүү дейт.
Ошентип тышкы карыз үчүн эч ким жоопкерчилик алгысы келбей, бирок түзүлгөн кырдаал мамлекет үчүн кооптуу болууда.
“Парламентте ратификация кылганда, анан президент Атамбаев кол койгондо биз мындай шарттарга макул болуп койдук да. 2020-жылда эле 228 миллиард сом тышкы карызды төлөйбүз, ошонун 70% эле Кытайдыкы. ТЭЦ, “Датка-Кемин”, альтернативалуу жол болсун деп алганбыз. Карызды бир секундга кечиктире турган болсок, Кытай бүт карыздын барын бир убакта сураганга акылуу. Ошол убакта биз төлөй албай калсак, мен айткан жерлердин барына өзүнүн башкаруусун киргизгенге макулдук берип койдук да. Ушуну менен коркунучтуу болуп жатпайбы”,- деген эле буга чейин депутат Акылбек Жапаров.
Экономист тышкы карыз боюнча негизги төлөмдөр 2023-жылдарга туура келерин айтып жатат.
Ал тапта укук коргоочулар тышкы карыз маселесинде дагы бир жагдайга көңүл бурууга чакырышат: Кытай менен кредит алуу маселесинде түзүлгөн айрым документтер кыргызчага эмес, ал тугүл орусчага которулган эмес.
Каржы министрлиги жыл башынан бери тышкы карызды тейлөөгө сегиз миллиард сом сарпталганын айтып жатат. Тышкы карыз ички дүң өнүмгө карата 53% жетти. Бирок ошол эле убакта пандемия менен күрөш үчүн кыргыз өкмөтү карыздын үстүнөн дагы акча алууга мажбур болууда. EKa
































