Бишкекте бир нече саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары суракка алынууда

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Бишкекте бир нече саясатчынын үйү тинтилип, бир бөлүгү милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.
Милиция "массалык башаламандыктар" беренеси боюнча иш козгоду. Темирлан Султанбеков Тергөө кызматына жеткирилип, саясатчылардын үйү тинтилди.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 22-ноябрда билдиргенине караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле "массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилген.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына С.Т – бул "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков экени тууралуу маалыматтар чыкты. Ошондой эле интернетке үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видео тарады. Анын бири Темирлан Султанбековго окшош экенин жана алар саясатты талкуулап отурганын көрүүгө болот.
Ошондой эле "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев да суракта экени кабарланууда. Ал эми "Кактус медиа" өз булактарына таянып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да ИИМде экенин жазды.
Бишкекте укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналист жана "Апрель" телеканалынын мурдагы башкы директору Дмитрий Ложниковдун мурдагы үй-бүлөсүнүн батиринде тинтүү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Ложниковдун айтымында, күч органдарынын кызматкерлери анын балдары жашаган мурдагы аялынын батирине келишкен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Учурда менин мурдагы аялымдын, балдарымдын батиринде тинтүү жүргүзүп, алардын оюнчуктарын аңтарып... балдарымдын буюмдарын чукулап жатышат", - деп жазды ал.
Журналист массалык Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев менен байланышы жок экенин билдирген.
"Менин Темирлан жана Кадырбек менен эч кандай ишим жок. Алардын номерлерин бөгөттөп салганыма бир жылдан ашты. Мен төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен алектенем", - деп билдирди Ложников.
Мындан тышкары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Сыймык Жапыкеевдин да суракка кирип бара жатканын көрсөтөт делген видео тарады.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовдун Бишкектеги үйүндө да тинтүү жүргөнү кабарланды.
Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун үйүнө да милиция кызматкерлери барган. Бул тууралуу ал социалдык тармактарда билдирди.
Бүгүн оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун да үйү тинтилген. Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Эртең менен Мадумаровдун үйүндө тинтүү жүрүп, саат 12лерде өзүн жана үчтөрдө уулу менен аялын алып кетишкени айтылат.
Укук коргоо органдары Султанбековдон башкасынын үйүн тинтүү же суракка алуу боюнча кенен маалымат бере элек.
































