Россия 1-майга чейин өлкөгө чет элдиктерди киргизбейт

Сүрөттүн булагы, PETER KOVALEV/TASS
Россиянын өкмөтү 1-майга чейин чет элдиктердин киришине тыюу салган токтом кабыл алды. Анын башкы себеби коронавирус эпидемиясы.
Документке караганда, бул тыюу дипломаттарга, расмий делегация мүчөлөрүнө, машинисттерге, учкучтар менен моряктарга, ошондой эле Россияда туруктуу жашаган чет өлкөлүктөргө тийиштүү эмес.
Өкмөттүн сайтындагы маалыматта бул чаралар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдун сунуштарына шайкеш келери жана убактылуу экени айтылат.
Чет элдиктердин кирип-чыгышына масштабдуу чектөөлөрдү 16-марттан тарта Казакстан дагы киргизди. Өзбекстан сырт өлкөлөр менен аба жана автокаттамдарды таптакыр токтотту.
Андан мурда ушул сыяктуу чаралар Евробиримдик өлкөлөрүндө каралып жатканы белгилүү болду. Еврокомиссия чет элдиктерди 30 күнгө чейин киргизбей турууну сунуштады.
Өтө зарыл жумушу барларга жана Евробиримдиктин аймагында туруктуу жашагандарга гана уруксат болушу мүмкүн.
Расмий маалыматтарга караганда, Россияда коронавирус менен ооругандар соңку суткада бир жарым эсеге көбөйүп, 93 адамга жетти. Кечээ эле бул көрсөткүч 63 болсо, соңку суткада эле дагы 30 жаңы учур катталды. ( анын ичинен 20 Москвада).
Казакстан өзгөчө кырдаал жарыялады
Казакстанда президент Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун пандемиясына байланыштуу 16-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Өзгөчө кырдаал 15-апрелге чейин созулат. Зарылдыкка жараша анын мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, AFP
Президент ошондой эле өзүнүн жарлыгында өзгөчө кырдаалды камсыз кыла турган мамлекеттик комиссия түздү.
"Тополоң-тоз болуп, баалардын чайкоочулук менен көтөрүүгө жол берилбейт, менин буйругум боюнча бардык деңгээлдеги акимдерди муну катуу көзөмөлгө алат",-деп баса белгиледи Касымжомарт Токаев.
Токаевдин жарлыгына ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик жана стратегиялык , өзгөчө режимдеги объектилерди, ошондой эле элдин жашоосун камсыз кылган объектилерди кайтаруу күчөтүлөт. Соода-сайрандоо борборлору, кинотеатрлар, театрлар, көргөзмөлөр жана башка эл чогулган коомдук жайлар иштебейт. Оюн-зоок, спорттук жана башка массалык, үй-бүлөлүк, эскерүү иш чаралары. аш-тойлор өткөрүлбөйт. Карантин шартында масштабдуу санитардык иш чаралар жүргүзүлөт.
Токаев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, элди азык-түлүк жана биринчи кезекте зарыл болгон товарлар менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды.
"Казакстанда бүгүнкү күнгө коронавирус катталган тогуз учур такталды, анын ичинен Алматыда жети, Нур-Султанда эки учур", - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле стационардык карантинде 1 миң 641 адам, үй карантинде 981 бар.
Covid-19 вирусу эң алды Германиядан учуп келген эки жарандан табылган. Учакта чогуу келген 12 киши дагы карантинге алынды.
Казакстан өткөн аптада эле массалык түрдөгү коомдук жана спорттук иш чараларды токтоткон эле. Ошондой эле 16-марттан тарта Европага аба каттамдарын кыскартуу чечими кабыл алынган.
Ошол эле убакта Орусия менен аба каттамдарга, Казакстанга ЕАЭБдин жарандарынын кирип-чыгышына чектөө болбойт деп айтылган. Бирок баары бир өлкөгө кирип-чыгууда кандайдыр бир чектөөлөр боло турганы тууралуу кабарлар келип жатат.
Өзбекстан сырткы өлкөлөр менен авиа-авто байланыштарды токтотту
Өзбекстан коронавирустун жайылышына бөгөт коюш үчүн башка өлкөлөр менен авиа жана авто каттамдарын жаап жатат. Бул жөнүндө жекшембиде премьер-министр Абдулла Арипов билдирди.
Ошондой эле бала бакчалар, мектептер жана жогорку окуу жайлары карантинге жабылып, Ноорузга карата бардык массалык иш чаралар токтотулду.
Өзбекстанда коронавирус жуктурган алты адам катталганын өлкөнүн Саласматтык сактоо министрлиги тастыктады. Жекшембиде эртең менен Франциядан учуп келген өзбек жаранынан коронавирус табылган, кийин анын жолдошу жана эки баласы, бир небересинен да вирус чыккан. Аны менен бирге учуп келген 23 жүргүнчүнүн баары карантинге киргизилди. Ошондой эле Стамбулдан келген жаранда дагы вирус аныкталган.
Авиа жана автоунаа байланыштарын токтотуу Өзбекстандын экономикасына, анын ичинде туризм тармагына олуттуу зыян алып келбей койбойт. Соңку жылдары Өзбекстандын туризм тармагы катуу жанданып, өткөн жылы эле өлкөгө туристтердин саны сегиз миллионго чыкканы мактаныч болуп айтылды эле.
15-мартка карата жаңы коронавирус чакырган COVID-19 менен ооругандар бүт дүйнө боюнча 153,5 миң адам болду, алардын 5735 каза тапты. (КС)

































