You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш: "Мага коштошууга уруксат беришкен жок"
Украинанын айтымында согуштун башынан бери жыйырма миңге жакын жаш бала Орусияга же Орусия басып алган аймактарга жеткирилген.
Алардын арасынан төрт жүзү гана артка кайта алган. Анткени кайткандагы жол кооптуу болгон.
Саша, Вероника, Илья, Максим, Кира жана Иван - аман калгандардын бир тобу. Алар Украин өкмөтүнүн Европада согуш тууралуу маалымдуулукту көтөрүү кампаниясынын алкагында Нидерланддык саясатчылар менен жолугууга барышты.
Акыркы көрүшүү
Саша апасын акыркы жолу бир жарым жыл мурда көргөн. "Орустар мага апаң сенден баш тартты деп айтышты," - дейт ал.
2022-жылдын жазы болчу. Орусия Украинага бастырып кирип түштүктөгү Мариуполь порт-шаарын бомбалап жатышкан.
Саша апасы Снижана менен шаардан чыгып кетүүнү чечишкен, бирок алар кетчү жалгыз жолдо орус аскерлеринин блокпосту бар эле.
"Бизди малдай кылып жүк ташуучу машинага салышып, бөлүштүрүүчү лагерге алып барышты," - дейт учурда он эки жашка толгон Саша.
Орус жоокерлери жана аларды колдогон жергиликтүү тургундар чыгып бараткандардын баарын тыкыр текшерүүдөн өткөрүп жатышты.
Украина менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусияны адамдарды күч менен көчүргөнүн жана аларды ошол лагерлерде катаал суракка алганын айыптады.
Сашанын апасын суракка алып кетишкен эле.
"Мен апамды бир нече саат күттүм. Алар аны кайра алып келишти, бирок мага ал менен коштошууга жол беришкен жок".
Сашанын көзү снаряддын сыныгынан жабыркаган болчу. Андыктан аны чыгыш Украинадагы Донецк шаарына ооруканага жиберишкен. Ал шаар 2014-жылдан бери орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө турат.
Бийликтер ага жаңы үй-бүлө таап беребиз дешкен, бирок Саша өзү үй-бүлөсү менен сүйлөшкүсү келген. Андайга уруксат берилген эмес.
"Мен бир баладан телефонун берип туруусун жалбарып сурадым. Анан дааратканага жашынып алып тай энем Людмилага чалдым. Андан мени алып кетүүсүн жалынып сурандым"
Людмила 2022-жылы апрелде Донецкке өтүп барып аны өз үйүнө алып кеткен.
Илья дагы Гаагага барган балдардын бирөөсү. Ал тогуз жашында апасы Мариуполдо анын колунда жан берген.
"Апамды өлтүрүп, мени уурдап кетишти. Орус аскерлери кирип келип, мени алып кетишти," - дейт ал, үнү жай, бирок кайгыга толгон көздөрү менен тиктеп.
Ильянын жарадар болгон бутуна операция жасалган жана ага үй-бүлөсү менен байланышууга уруксат берилген эмес.
Бирок чоң энеси аны орус жоокерлери тарткан видеодон таанып калып, Донецктен алып чыгып кеткен.
Илья азыр 11 жашта, ал башкаларга эмнелер болгонун түшүндүрүп бергиси келет.
"Мен ал жерде эмне болгонун, балдарга эмне болуп жатканын баарына айткым келет. Украинада согуш болуп жатат",- дейт ал.
Сашанын да чоң тилеги бар.
"Менин апамдын аты Козлова Снижана. Мен аны издеп жатам", - дейт ал келген саясатчыларга.
Үрөйдү учурган тандоо
Москва балдарды уурдаганын четке кагып, балдарды алардын коопсуздугу үчүн алып кетишкенин белгилейт.
Согуштагы башаламандык ата-энелерди өтө оор тандоонун алдына койду.
Ольга Усик Украинанын чыгышындагы Орусия тарабынан оккупацияланган Балаклея шаарынан.
Катуу салгылашуулар болуп, 2022-жылдын августунда ал уулу Богданды Орусиядагы лагерге бир нече жумага жөнөтүүнү чечкен.
"Аны Орусияга жөнөтүү менин жашоомдогу эң чоң каталык болду," - дейт Ольга.
Украин армиясы Балаклеяны бошоткон, бирок орустар балдарды кайтаруудан баш тартышкан.
"Мен үй-бүлөмду сагынып абдан капа болуп жүрдүм," - дейт Богдан.
Ал Орусиядагы балдар үйүнө жиберишет деп коркуп, апасынан аны үйгө алып кетүүсүн суранган.
Ольга Орусиянын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган, бирок ал аракети ишке ашкан эмес. Андан кийин ал ар кандай бейөкмөт уюмдарга кайрылып көргөн.
Ал өз баласын куткаруу үчүн бара жаткан башка энеге ишеним кат жазып бергенде гана ошол "чоочун аял" Богдан менен кайтып келип, жети айга созулган оор сыноо аяктаган.
Үй-бүлөлөр балдарын куткаруу үчүн Украинадан Орусияга же Орусия басып алган аймакка түз өтө алышпайт.
Алар Балтика өлкөлөрү, Польша, Белоруссия, жада калса Түркия аркылуу өтүшү керек. Бул чоң чыгым менен миңдеген километрди басып өтүү.
Балдарын көбүнчө аялдар издешет, анткени согушка жарамдуу курактагы эркектерге Украинадан чыгууга тыюу салынган.
"Бир баланы кайтарып келүүдө бир нече ай даярданууга кетет," - дейт Мирослава Харченко, куткарууларды уюштурууга жардам берген "Save Ukraine" бейөкмөт уюмунун юристи.
"Энелер же башка өкүлдөр он-он эки күн жолдо жүрүшөт. ФСБ (Орусиянын атайын кызматы) чек арада энелерди суракка алат. Бир энени үч күн, экинчисин 13 саат суракка алышкан."
Уюм Орусиядан 118 жана Украинанын оккупацияланган аймактарынан 120 баланы куткарууга жардам берген.
Куткарууну жашыруун ишке ашырышат. Аникени бир куткаруучу жолдун ачыкка чыгышы ошол жолду башкалар үчүн кооптуу кылып коюшу мүмкүн.
"Балдарды үйлөрүнө кайтарып келүү өтө кооптуу жана коркунучтуу, бирок энелер менен чоң энелер эмне үчүн курөшүп жатканын жакшы түшүнүшөт," - дейт Харченко айым.
Россиянын четке кагуусу
Орус президенти Владимир Путин "уурдалган" украин балдары тууралуу маалыматтар "көбүртүлгөн" деп билдирди.
"Балдарды (Украинадагы) туугандарына жеткирүүдө эч кандай көйгөйлөр жок", - деп 2023-жылдын июлунда орусиялык ТАСС маалымат агенттиги анын сөзүн цитата кылып келтирген.
Бирок ондогон үй-бүлөлөр жана жаш балдар Би-Би-Сиге бул канчалык кыйын экенин айтып беришти.
Москва жакында эле Орусиядагы украин балдарына орус паспортун алууну жеңилдетти - бул аларды үйгө алып кетүүнү ошо бетер кыйындатат.
"Алар балдарды биологиялык үй-бүлөсүнөн ажыратып, аларды орусташтыргысы келет. Алар балдарды бекитип, башка улутка айланткысы келет", - дейт Украина президентинин балдар укуктары жана реабилитация боюнча кеңешчиси Дарья Герасимчук.
"Биз эл аралык коомчулукту муну геноцид катары таанууга чакырабыз",-деди.
2023-жылдын март айында Эл аралык кылмыш соту президент Путин менен Орусиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы Украинадан жүздөгөн балдарды күч менен алып чыгып кеткен деп айыптап, камакка алууга ордер чыгарган.
Алты бала Нидерландга Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан колдоого алынган "Балдарды Украинага кайтарып келүү" кампаниясынын алкагында барышкан.
"Алардын окуяларын укканда жүрөгүң ооруйт. Орустардын аларга кылганы адамгерчиликке жатпайт", - дейт Голландиянын тышкы иштер министри Ханке Брюинс Слот.
"Менин оюмча, өз окуяларын айтып берүүдө балдар укмуштуудай күчтүүлуктү, чыдамкайлыкты жана кайраттуулукту көрсөтүштү. Биз мындайды токтотушубуз керек, анүчүн алардын окуяларын көп адамдар угушу абдан маанилүү". (ДО)
Нина Назарова жана Святослав Хоменко кошумча маалымат беришти