Британ чалгыны: Россия Су-57 учагын Украинага этият колдонууда. Бул эмне болгон учак?

Сүрөттүн булагы, AFP
Британ чалгын кызматы Россия Украина менен болгон согушта бешинч муундагы заманбап кыргыч Су-57 учактарын колдонуп жатканын, бирок алардын күжүрмөн учуулары Россиянын гана аба мейкиндигинде болуп жатканын билдирүүдө. Анын себеби, россиялык аскер жетекчилери эгер Украинанын куралдуу күчтөрү жаңы учакты атып түшүрсө, жашыруун технологияны жаманатты кылып алуудан чочулап жаткан болушу мүмкүн. Биз бул машина жөнүндө билгендерибизди ортого салалы.
Британ чалгын кызматынын маалыматына караганда, Су-57 согушта колдонууга киргизилгенине жарым жылдай болуп калды. Бул Россиядагы эң заманбап, бешинчи муундагы жогорку үн ылдамдыгындагы согуштук реактивдүү учак, көзгө көп көрүнбөгөн жана алдыңкы авионика менен жабдылган технологияга ээ. Аны Сухой тажрыйба-конструктордук бюросу иштеп чыккан.
Мындай эң заманбап куралды иштеп чыгуу жөнүндө сөз эки миңинчи жылдардын башында башталып, биринчи учак Су-57 2010-жылы Комсомолск-на-Амуреде асманга көтөрүлгөн. 2017-жылы кыргыч учак жаңы кыймылдаткычтар менен учуп көрүп, ал эми бир жылдан кийин анын курал-жарак менен учуп баштаганы кабарланган.
Бул кыргыч учак асмандагы согушта алыскы жана жакынкы буталарды, жер үстүндөгү, суу үстүндөгү буталарды, душмандын асмандан коргоочу системаларын буйтап өтүп барып жок кылуучу үстөмдүгү бар экенин Интерфакс билдирген.
Коргоо министри Сергей Шойгу 2018-жылы жаңы учактар Сирияда сыноодон өткөнүн билдирген. Андан бир жылдан соң президент Путин Су-57 кыргыч учагынын 76 даанасын сатууга контракт түзүлөрүн айтып чыккан. Ал 2028-жылы аскер аба күчтөрүнүн үч полку бүт жаңы учактар менен куралданып бүтөт деген.
Мындай учактардын саны Россияда канча экени азыр белгисиз. Британиянын чалгын кызматы Су-57 учагынын Ахтубинск авиабазасында спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Бул учактар Украинадагы согуштук операцияларга катышкан болушу мүмкүн дейт британдык аскер эксперттери.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Украина менен согушта Су-57 учагын колдонуу эмнени билдирет?
Павел Аксёнов, Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы
Россия Украина менен болгон согушта Су-57 колдонулуп жатканын Сергей Шойгу 2022-жылы 21-августта эле билдирген. Эми ал июнь айында эле башталганын Британиянын коргоо министрлиги жазып жатат.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Украинанын жана Россиянын Европа бөлүгүндөгү асманга НАТО өлкөлөрүнүн аба радарлары байкоо салып турат. Ошондуктан асманда россиялык өндүрүштөн чыккан, конструкциясында радиолокациялык эң соңку технология колдонулган эң жаңы учактын пайда болушу батыш өлкөлөрү үчүн көп маанилүү маалымат алып келиши мүмкүн. Кеминде анын сигнатурасынын өзгөчөлүктөрүн, башкача айтканда радарлардын экранынан кандай көрүнөрүн билсе болот.
Ырас, бул учакты абадан изилдегенге мүмкүнчүлүк Батыштын колунда бар эле, 2018-жылы Россия Су-57 Сириядагы согушка салып көргөн.
Британиянын коргоо министрлиги өзүнүн кабарында аба радиолокациялык чалгындын эмес, Ахтубинскидеги аба майданынан спутник менен тартылган сүрөттөрүн көрсөтүүдө.
Ошол эле убакта билдирүүдө алар июнь айынан бери учуп жатканы айтылат, демек байкоо салуу көптөн бери болуп келатат.
Эң жаңы учак асманда көзгө илинип калган менен, ал Россияга Су-57 асмандан коргонуу системасы жана согуштук авиациясы бар душман менен болгон согушта сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындай сыноолор кыргыч учактын ар кандай системаларын - радиолокациялык комплексин, электрондук согуш, байланыш каражаттарын, куралды башкаруу системасын текшерип алууга, башка учактар менен кармаштагы маневрларын сыноодон өткөргөнгө жардам берет. Анын азыркы убакта этият колдонулуп жатканы сыноолордон кийин эле кеңири колдонула баштайт дегенди да билдирбейт.
Андан сырткары, жаңы учакты реалдуу согушка салуу менен Россия анын рыноктогу статусун көтөрөт - согуштук сыноодон өткөн курал полигондогу сыноодогу куралга караганда жогору бааланат.
Россия бешинчи муундагы кыргыч учактар программасын сериялык өндүрүшкө жеткирген саналуу өлкөнүн бири. Бирок Россияда мындай учактардын болгону он беши гана чыккан деген маалымат бар. (Салыштырмалуу алганда, АКШда эки кыймылдаткычта иштеген бешинчи муундагы F-22 кыргыч учактарынан 195 заводдон чыккан). (КС)


































