Путин Украинанын аннексияланган аймактарында аскердик абал жарыялады

Published

Россиянын президенти Владимир Путин орустар Украинанын оккупациялап алган, октябрда Москва аннексиялап алган төрт регионунда аскердик абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Аскердик абал Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Запорожье жана Херсон областтарында киргизилет.

Путиндин сөзүн мамлекеттик телекөрсөтүүдөн алып беришти, ал аталган региондордо аскердик абал канча мөөнөткө киргизилгенин айткан жок.

Жарлык Федерация Кеңешине макулдашууга жиберилди.

Андан мурда Россиянын парламентинин жогорку палатасы кечинде пленардык жыйынын уланта турганы белгилүү болгон. Ал жөнүндө "Верстка" гезити кабарлады.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин жыйыны миграция темасына арналып өтүүдө, анда коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев доклад менен чыгып сүйлөп жатат.

Путин аскердик абалды киргизүү Россиянын бүт аймагында (ЖМКлар ушундай болуп кетишин да жокко чыгарышкан эмес) эмес экенин түшүндүрүп жатып, Украина "сүйлөшүүлөр жөнүндө бардык сунуштарды четке кагып жатканын" айта кетти. "Ок атуулар токтобой уланууда, - деди. - Биздин аймакка диверсиялык топторун жиберип жатышат".

Президент Крым көпүрөсүнүн жардырылганына да токтоло кетти, Москва бул жардырууга Украинанын атайын кызматтарын айыптап жатат.

Путин украин тарап энергетикалык жана транспорттук объектилерге, анын ичинде "өзөктүк курал объектилерине чабуул коюуга даярданган" деди. (КС)