Дүйнөдөгү эң чоң алмаздын бири Ботсванада көргөзмөдө

Баш калаа Габоронде болгон салтанатта президент Мокгвеци Масисиге жаңы табылган асыл ташты көрсөтүштү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баш калаа Габоронде болгон салтанатта президент Мокгвеци Масисиге жаңы табылган асыл ташты көрсөтүштү
Published

Ботсванадагы табылган дүйнөдөгү үчүнчү ири асыл таш болуп эсептелген алмаз көргөзмөгө коюлду. Салмагы 1,098 карат болгон асыл ташты Дебсвана алмаз фирмасы казып алгандан эки жумадан кийин президент Мокгвеци Масисиге көрсөттү.

Бул асыл таш 2015-жылы Ботсванада табылган дүйнөдөгү экинчи ири алмаздан салмагы бир аз эле жеңил.

Ботсвана- Африкадагы алмаздын ири өндүрүүчүсү.

"Дебсвана Даймонд" компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Линетт Армстронгдун айтымында, "бул Дебсвананын 50 жылдык тарыхындагы эң ири алмаз болуп эсептелет."

"Биздин алдын ала анализ боюнча, ал ювелирдик сапаты боюнча дүйнөдөгү үчүнчү ири асыл таш болуп саналат."

"Дебсвана" - бул өкмөт менен дүйнөлүк алмаз гиганты "Де Бирс" менен биргелешкен ишкана. Сатуудан түшкөн кирешенин 80% дивиденддер, роялти жана салык катары мамлекеттик казынага түшөт.

Ботсвананын пайдалуу кен байлыктар министри Лефоко Моагинин айтымында, пандемиядан улам былтыр алмаздын сатылышы солгундап кеткенден кийин, акыркы табылгалар Ботсвана үчүн ылайыксыз мезгилге туура келди.

Дебсвананын айтымында, алмаздын узундугу 72 мм, туурасы 52 мм, калыңдыгы 27 мм.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дебсвананын айтымында, алмаздын узундугу 72 мм, туурасы 52 мм, калыңдыгы 27 мм.

Дүйнөдөгү эң чоң алмаз "Куллинан" 1905-жылы Түштүк Африкада табылган, анын салмагы 3,106 карат. Ал эми экинчи орунда 2015-жылы Ботсванада табылган алмаз "Леседи Ла Рона", анын салмагы 1,109 карат.

Джваненг шахтасында табылган алмазка азырынча ат бериле элек.

Армстронг айымдын айтымында, "сейрек кездешүүчү жана укмуштуу ташты" "Де Бирс" же мамлекеттик Okavango Diamond Company аркылуу сатуу жөнүндө чечим кабыл алына элек.

Жаңы табылган алмаздын баасы да бычыла элек. Бирок 2017-жылы табылган, салмагы боюнча дүйнөдөгү экинчи алмаз Леседи Ла Рона 53 миллион долларга сатылган эле.