ДССУ: Европада жапырт эмдөө жараяны "өтө эле жай" жүрүүдө

Published

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа регионунда жапырт эмдөө абдан жай жүрүп жатканын сындады. Уюм Гренландиядан тарта Орусияга чейин жапырт эмдөө жараяны чабал болуп жатканын эскертти.

Европа Биримдиги жапырт эмдөө жараянында кыйынчылыкка туш болгону жаңылыктардын баш сабына байма-бай чыгып келет.

ДССУ вакцина адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн экенин айтып, ар бир мамлекетти жапырт эмдөө жараянын туура уюштурууга чакырды.

"Вакцина пандемияны жеңүүгө жол ачты. Ага карабастан жапырт эмдөө жараяны өтө жай болуп жатат. Бул Европа регионунда чектөөлөрдүн уланышына алып барууда",-деп айтты ДССУнун Европа боюнча башчысы Ханс Клюге.

Региондогу элүүдөн ашуун мамлекеттин 27си локдаун жарыялаган. Эгерде вакцина тез арада тургундарга жеткирилбесе, чектөөлөр мындан ары дагы күчөшү мүмкүн экенин айтылып келет.

Учурда Европадагы эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. ДССУнун маалыматына ылайык, өткөн аптада Европада 1,6 миллион киши вирусту жуктуруп, 24 миң киши каза тапты. Региондун дээрлик 900 миллион калкынын 10 пайызы гана вакцина алды. Өзгөчө карыялар коркунучка кабылууда. Уюм региондо сексен жаштан ашкандар вируска көп санда кабылып жатканын эскертти.

Алдыда христиандардын пасха майрамы, андан кийин мусулмандар ыйык санаган орозо айы башталып жаткандыктан, вирус кеңири жайылышы мүмкүн экени айтылууда.

Эмнеге Европада жапырт эмдөө жай жүрүп жатат?

Европа Биримдигинин вакцина чыгарган AstraZeneca менен сүйлөшүүлөрү узакка созулду. Мындан улам Британия менен саясий тирешүү дагы болду. AstraZeneca вакциналарынын көбүн Британияга жеткирүүдө, бул өлкөдө калктын 52 пайызы эмдөөдөн өттү.

Андан тышкары Pfizer-BioNTech жана Moderna дагы вакциналарын тез арада Европага жеткире алган жок. Буга Европа Биримдигинин вакциналарды каттоосу жай болгону себеп.

AstraZeneca вакцинасы тромб пайда кылат деген жаңылыктардан улам көп өлкөлөр бул вакцинаны убактылуу колдонбой калган. Европанын дары-дармекти тескеген мекеме вакцинаны колдонуу коопсуз экенин тастыктагандан кийин гана AstraZeneca кайра колдонула баштады.

Европа Биримдигине кирбеген мамлекеттерде дагы жапырт эмдөө жай жүрүп жатат. Орусияда өздөрү өндүргөн "Спутник 5" вакцинасы жарандарга сунушталганы менен ага шек санагандар абдан көп болуп жатат. Бул вакцинанын лабораториялык сыноолору боюнча маалымат ачык жарыяланган жана алдыңкы мекемелер аны коопсуз деп тапкан.

Украина болсо февралдын аягында 500 миң AstraZeneca вакцина дозасын алып, жапырт эмдөө жараянын баштаган. Бирок жергиликтүү тургундар вакцина кооптуу деген пикирде. Киевде жайгашкан Эл аралы социология институту сурамжылоо өткөрүп, украиналыктардын 60 пайызы вакцина алгысы келбегенин аныктаган.