Коронавирус: Францияда үчүнчү жолу локдаун жарыяланды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Франциянын президенти Эмманюэль Макрон коронавируска байланыштуу абалдан улам мектептерди үч жумага жапты. Буга чейин өлкөнүн 19 аймагына катаал карантин чектөөлөрү киргизилген. Эми бүтүндөй өлкөдө локдаун жарыяланды.

Ишемби күндөн тарта азык-түлүктөн башка дүкөндөр, соода борборлору жана коомдук жайлар төрт аптага жабылат. Жарандар үйүнөн 10 чакырымдан алыс жерлерге бара албайт.

Учурда Франциянын саламаттыкты сактоо системасы кыйынчылыкка туш болду.

Күнүнө беш миңден ашуун бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп жатат.

Шаршемби күнү 59 миң киши вирусту жуктурганы маалымдалган. Пандемия башталгандан бери Францияда 4,6 киши вируска кабылып, 95 миңден ашуун адам көз жумду.

"Эмдөө, эмдөө жана эмдөө"

Эмманюэль Макрон түз ободогу теле-кайрылуусунда өлкөдөгү курч абалды түшүндүрүп берип, апрель айы бурулуш учур экенин белгиледи.

"Азыр чара көрбөсөк, абал көзөмөлдөн чыгып кетет",-деп белгиледи Франциянын лидери.

Макрон бир жагынан жапырт эмдөө жараяны жүрүп жатса, экинчи тарабынан вирусту жайылтпоо аракети жүрүп жатканын айтты.

"Эмдөө, эмдөө жана эмдөө",-деп жазды президент "Твиттер" баракчасына.

Президент жарандарды себепсиз жолукпоого, социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоого, ошондой эле сабырдуу болууга чакырды. Макрон өлкөдөгү пасха майрамы учурунда этият болууга үндөдү. Пасха майрамы учурунда вирус кеңири жайылып кетет деген кооптонуулар айтылып келет.

Эми президент Макрондун чечимин өлкөнүн парламенти бекитип бериши керек.