Жашоодогу максат диета менен спорттон дагы маанилүү

Пожилая женщина с ребенком в теплице

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Ар бир адам бактылуу болуп, узак өмүр сүргүсү келет. Бул максатына жетүү үчүн алар диета кармап, спорт менен алектенип, ар түрдүү витаминдерди ичет эмеспи.

Албетте, диета менен спорт ден-соолук үчүн абдан маанилүү. Ага карабастан, илимий изилдөөлөр көп учурда унутулуп калган дагы бир ингредиент спорт менен туура тамактануудан дагы маанилүү экенин көрсөттү - жашоодогу максат.

Washington Post басылмасы соңку илимий изилдөөлөр жашоосу маңыздуу кишилерде стресстин гормону саналган картизол кыйла аз экенин жазды. Стресске аз кабылгандардын оор илдетке кабылуу ыктымалдуулугу дагы төмөн. Айталы, 90 жаштагы так максаты бар, жашоосу маңыздуу болгон кишиде альцгеймер илдети башталса, ал ооруга карабастан мурдагыдай эле жашай берет.

five elderly people hug and smile

Сүрөттүн булагы, Getty Images

136 миң кишиге жүргүзүлгөн дагы бир изилдөө, жашоосу маңыздуу, максаты бар кишилерде эрте өлүп калуу ыктымалдуулугу 17 пайызга төмөн экенин тапты. Туура тамактануу, диета кармоо сыяктуу аракеттер дагы эрте өлүп калуу ыктымалдуулугун 17 пайызга төмөндөткөнү маалым.

Окумуштуулар жашоодогу максат стресске болгон мамилени өзгөрткөнү үчүн ушундай жагдай түзүлөрүн айтууда. Лабораториялык изилдөөдө ыктыярчылар атайын стресске түрткөн эксперименттерге туш болгон. Мисалы, эл алдына чыгып кайрылуу жасоо. Мындай учурда жашоодо максаты бар деп саналган кишилердин кортизол деңгээли башка ыктыярчылардай эле көтөрүлгөнү менен, көп өтпөй алар өзүн колго алып, стресс деңгээли тезирек төмөндөгөн.

Батышта жашоодогу максат маанилүү экенин эми түшүнүп жатса, чыгышта, Жапония сыяктуу мамлекеттерде диета менен спорттон дагы "икигай" аттуу феноменге көбүрөөк көңүл буруп келген экен.

Буквы ИКИГАЙ, вырезанные на дереве

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Икигай" түшүнүгү Окинавада пайда болгон

"Икигай" түшүнүгүн "жашоодогу максат" же "жашоонун маңызы" деп которсо болот. "Икигай" узак жашоого түздөн-түз таасир эткендиктен, Жапониянын саламаттыкты сактоо министрлиги бул түшүнүктү расмий стратегиясына дагы кошкон. Жапониялык карыялар "икигай" түшүнүгүн кантип ишке ашырса болот деген суроого "неберелер менен убакыт өткөрүү", "ыктыярчы болуу" же "көчөмдү таза кармоо" деп жооп беришкен.

Бирок жашоодо так максат табуу витаминди ичип койгондой оңой эмес. Жада калса белгилүү философ Аристотель дагы "жан дүйнөдө изги иш аракеттерге умтулуу" тууралуу сөз кылган. Ошондуктан окумуштуулар, жашоодо максат таба албай жаткан кишилерге ыктыярчы болууга же окшош баалулуктары бар топко кошулууга үндөйт. Мындай жол менен максат табууга жол ачылышы ыктымал.

Өзгөчө пандемия учурунда ыктыярчы болуп, жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүү жашоого маани бериши ыктымал.