Коронавирустун жаңы түрү дүйнөгө жайылууда. ЕБ жапырт эмдөө баштады

Европа Биримдиги жекшембиде расмий турдө жапырт эмдөө өнөктүгүн баштаганын жар салды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европа Биримдиги жекшембиде расмий турдө жапырт эмдөө өнөктүгүн баштаганын жар салды
Published

Планетадагы ушул маалда коронавирус менен ооруп жаткан кишилердин саны 35 млн чамалады. Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 80,4 млн кишиге жетти. Бул дарт 1,75 млн өмүрдү алды.

Европа Биримдиги жекшембиде расмий турдө жапырт эмдөө өнөктүгүн баштаганын жар салды. ЕБ өлкөлөрү Pfizer-BioNTech вакцинасына уруксат берилишин күтүп жаткан. Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги вакцинага уруксат бергенден кийин дароо эле ЕБдагы бир катар өлкөлөр эмдөөнү баштады. Азырынча Европа комиссиясы өндүрүшчүлөр менен 200 млн доза вакцинага келишим түздү. Акырындап 446 млн жаранды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.

Германияда биринчи болуп 101 жаштагы Гертруд Хассе эмделди.

"Вирус абдан кооптуу экенин көп угабыз, жаңылыктардан окуп келебиз. Күн сайын миңдегендер өлүп жатат. Үрөй учурган окуя болду. Ошондуктан вакцина келгени бизди кубандырды. Карыялар үйүндө жашагандар үчүн бул абдан жакшы жаңылык",-деди ал.

Европа комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасап, Pfizer-BioNTech вакцинасы Биримдикке кирген 27 өлкөгө жеткенин айтты.

эмдөө

Сүрөттүн булагы, Reuters

"2020-21-жылдарга Европага керек болгудай көлөмдө вакцина алдык. Биз бул кадамга атайын бардык, себеби коңшу мамлекеттерди дагы коргошубуз керек. Жергиликтүү калк вакцина алууга даяр турушу керек. Бул вакциналар коопсуз жана вирус менен натыйжалуу күрөшөт. Эмдөөдөн өткөндөр өздөрүн гана эмес, жалпы коомчулукту коргоп жатат",-дейт Европа комиссиясынын жетекчиси.

Ал эми 2021-жылга карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис оптимисттик көз карашын билдирди:

"Вирус тууралуу кеңири маалымат чогулттук. Эми колубузда кубаттуу курал бар - вакцина даяр болду. Ошол эле учурда вирустун оор түрүнө кабылгандарга жардам берүү жолдору дагы аныкталды. Медициналык кызматкерлер вируска даяр болуп калды. Ошондуктан келе жаткан жылдын аягында илим андан ары дагы өнүгөт деген пикирдемин. Иш улана берет жана суроолорго жооп табылат"

Ал ортодо өткөн аптада Британияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү Европанын бир нече өлкөсүндө аныкталды. Ошондой эле коронавирустун бул жаңы штаммы Жапония менен Канададан табылды.

Испания, Швейцария, Швеция жана Франциянын расмийлери жаңы штамм Британиядан келген кишилер менен байланышы бар экенин айтышса, Канада бийлиги Онтариодо вирустун жаңы түрү аныкталган жубайлардын британдыктар менен эч кандай байланышы болбогонун билдирди.

Жапонияда 30 жаштагы жарандык авиациянын учкучу жана Лондондон келген жашы 20-30 чамасындагы кыздан вирустун жаңы түрү табылды. Жапон өкмөтү чек араларын толук бир айга жаба турганын айтты. Британияда вирустун жаңы түрү белгилүү болгондон кийин Европа өлкөлөрү аба каттамдардын токтотту. Ошондой эле Канада, Аргентина, Иран, Орусия дагы аба каттамдарын убактылуу чектеди.

Өткөн апталарда британиялык окумуштуулар SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы мутациясы табылганын жарыялаган. Вирустун бул түрү 70 пайыз жугуштуу экени айтылууда.