26 карыяны өлтүргөн "Волга маньягы"

Сүрөттүн булагы, Russia's Investigative Committee (SK)
Орусиянын тергөөчүлөрү 2011-2012 жылдары 26 улгайган аялды тоноп өлтүргөн кылмышкерди камакка алганын маалымдады.
Коопсуздук кызматкерлери шектүүнү 38 жаштагы Радик Тагиров деп аташты. Ал эшик кулпуларын оңдоп иштеген жана мурда түрмөдө отуруп чыккан.
"Волга маньягы" атка конгон шектүү Орусиянын борбордук бөлүгүндө, Волга дарыясынын боюнда жашаган карыяларды тоноп өлтүргөнү менен белгилүү.
Тагиров же анын адвокаты азырынча эч билдирүү тарата элек.
Жуманын башында тергөөчүлөр кылмышкер полиция менен кызматташып, кылмышка байланыштуу маалымат менен бөлүшүп жатканын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Russian Ministry of Internal Affairs
Орусиянын Тергөө комитети Тагировду камакка алуунун алдында соттук-медициналык экспертиза жана биологиялык анализдерди карап, дыкат териштирүү жүргүзгөн.
Экспертиза 26 кылмышты бир адам жасаганын далилдеген. Андан тышкары шектүүнүн кыймыл-аракети, психологиялык анализи кылмышты жасаган киши менен дал келгени дагы айтылууда. Ошондуктан Тергөө комитети "дыкат жана системалуу териштирүүдөн" кийин аны камакка алууну чечкен.
Тергөөчүлөр Тагиров Орусиянын Казан шаарында жашаганын айтууда. Ал Волга дарыясынын боюнда жашаган карыйлардын үйүнө коммуналдык кызматкер катары алдап кирип, аларды зым менен муунтуп өлтүрүп, үйдөгү баалуу буюмдарды алып кеткен.
Өткөн жылы полиция "Волга маньягы" тууралуу маалымат берген кишиге үч миллион рубль сыйлык жарыялаган. Коопсуздук кызматкерлер кылмышкерди бир нече жылдан бери кармай албай келген.



































