"Бир суткада 15 миң": коронавирустун Орусиядагы рекорддук көрсөткүчү

базардагы аял

Сүрөттүн булагы, Donat Sorokin/TASS

Published

Пандемия башталгандан бери Орусияда биринчи жолу коронавирус жуктургандар көрсөткүчү бир суткада 15 миңге жетти. Илдетке кабылгандар саны өсүп жатат, деп эскертти дарыгерлер.

Коронавирус бир суткада 15 150 кишиден аныкталып, 232 бейтап каза тапты. Мындан эки күн мурун 14 231 учур катталып, кечээ 13 754 кишиден вирус аныкталган эле.

Адистер коронавирустун жаңы учурлары көп катталган оор мезгил ноябрдын биринчи аптасына чейин уланышы мүмкүн деп кооптонууда. Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча сандар өсүп жатат. Маселен, Францияда пандемия башталгандан бери биринчи жолу коронавирустун бир күндүк көрсөткүчү 30 миңден ашып өттү.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Бейшембиде Москванын мэри Сергей Собянин миллион чамалуу киши жумушун үйдөн улантып жатканын билдирди. Өзүнүн карамагындагы жумушчулардын 30 пайызын үйүндө иштөөгө жөнөткөнү тууралуу буйрук кылганын айтты. Азырынча чектөө чаралары киргизүү маселеси күн тартибинде жок экенин кошумчалады. Бирок алдын алуу чаралары күчөтүлдү.

Кыргызстандыктардын дээрлик 13% чет өлкөдө жашап, эмгектенет. Мигранттардын чоң бөлүгү Орусияда. Пандемиядан кийин мигранттардын бир тобу өлкөгө кайтып келди. Мигранттар кыргыз экономикасын кармап турган негизги күч катары эсептелет. Ички дүң өндүрүмдүн үчтөн бирин мигранттар тапкан каржаттар түзөт. Ошондуктан Орусиядагы кырдаал Кыргызстанга да түз таасирин тийгизет. (AbA)