АКШнын президенти Трамп Covid-19 вирусуна кабылды

трампы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд и Меланья Трамп
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Covid-19 вирусуна кабылганын билдирди. Буга чейин президенттин жардамчысы Хоуп Хикс вирусту жуктурганы айтылган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

"Бүгүн биринчи леди экөөбүз Covid-19 вирусун аныктаган тесттин жыйынтыгын алдык. Биз өзүбүздүн изоляцияда кармайбыз жана дарыланууну баштайбыз. Бул жолду чогуу басып өтөбүз",-деп жазды Трамп.

Трамптын жеке дарыгери президент милдеттерин аткара алат деп маалымдады.

"Президент Трамп менен биринчи леди Меланья Трамп SARS-CoV-2 вирусуна кабылганы аныкталды. Президент жана биринчи леди өздөрүн жакшы сезип жатат. Алар Ак үйдө изоляцияда болушат. Эч кам санабаңыздар, президент өз милдетин аткара алат",-деп айтты дарыгер Конли.

АКШ коронавирустун жайылышынын очогуна айланып, жылдын башынан бери жаңылыктардын башкы сабынан түшпөй келет. Президент Трамп алгач коронавирустун коркунучун мойнуна албай, даярдыктар чабал болгонуна көптөр нааразы болду. Бирок анын рейтинги түшө баштагандан кийин Трамп коронавируска карата көз карашын кескин өзгөртүп, эл алдына беткап кийип чыгып, абал курч экенин айтып жатты. АКШдагы президенттик шайлоого 32 гана күн калды.

Видеонун түшүндүрмөсү, АКШдагы шайлоо: Трамп-Байдендин “башаламан” дебатынан кийин анын форматы өзгөрөт

Экинчи президенттик дебат 14 күндөн кийин болмок. Эми дебат жылдырылышы ыктымал, үгүт иштери токтотулду.

Эки күн мурун болгон дебатта эле Трамп Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байденди беткап кийгени үчүн шылдыңдап, анын үгүт иштерине аз сандагы кишилер келгенин айткан.

Эми президенттин администрациясы эмнеге эрежелер сакталбаганына жооп бериши керек.