Боронов: Кыргызстанда 4,2 млн кишинин коронавирус жуктуруу ыктымалдыгы бар

Кубатбек Боронов

Сүрөттүн булагы, official

Published

Кыргызстанда коронавирус менен канча адам ооруп айыкканы тууралуу эсептөө жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында кабарлады. Алдыда канча киши ооруга чалдыгышы мүмкүн деген божомолдор айтылды.

"Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, бизде тогуз жашка чейинки балдардын оорушу дээрлик аз болгондуктан, аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгуусу мүмкүн деп эсептөөгө болжол менен 4,2 млн адамды киргизишип, прогноздор жүргүзүлдү", - деди премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, "ачык булактардын маалыматтарына ылайык, элдин үчтөн экиси ооруга чалдыккан жок, же симптомсуз өтүп жатат. Ал эми 1,4 млн адамдын ичинен үчтөн бир бөлүгү бөлүгү же 466 миң адам жеңил формада, дарыгерлердин жардамысыз өтүп жатат".

"Саламаттык сактоо тармагынын имараттарын куруу жана ремонттоо, керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди алуу, газификаторлорду орнотуу иштерин тездетүү зарыл. Калктын аярлуу катмарын эмдөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу шарт. Ал эми башка категориядагы жарандардын эмдөөнүн акысын төлөөсү же жеке менчик клиникалар менен өз ара аракеттешүү механизминин Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыгууга тийиш", - деген К.Боронов.

Расмийлер көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканын эскертүүдө. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Өлкө боюнча расмий маалыматтарда Covid-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны 40 455 деп берилүүдө. Илдеттен каза тапкандар көрсөткүчү 1 478 кишиге жети. Ал эми дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 20 миллионго жетти. Жон Хопкинс университети алардын чейрек бөлүгү АКШда экенин билдирип жатат. Бразилия менен Индияда дагы оору аябай жайылды. Дүйнөдө бүт өлкөлөрдүн өкмөттөрү бир жагынан чектөөлөрдү азайткан менен өлүм-житим көбөйүп кетпейби деп кооптонуп жаткан чагы.

бет капчан жаштар

Сүрөттүн булагы, EPA

Глобалдык пандемия башталгандан беш айдан кийин көптөгөн өлкөлөр дагы эле вирустун жайылышын ооздуктоо аракетин көрүүдө. АКШ, Бразилия, Индия, Орусия жана Түштүк Африка азыркы учурда көп жабыркаган өлкөлөр.

Вирус биринчи жолу өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында катталган. Андан бери COVID-19дан 700 миңден ашык адам каза тапты.

Бирок изилдөөчүлөрдүн пикиринде, дүйнөнүн көп бөлүгүндө, мисалы Бразилияда инфекциядан болгон өлүм-житимдин саны азайтылып көрсөтүлүп жатышы мүмкүн.

Ошол эле убакта глобалдык чектөө чаралары дүйнөлүк экономикага да эбегейсиз таасир көрсөттү. Эл аралык валюта фонду азыркы экономикалык өчөйгөн абалды 1930-жылдагы Улуу Депрессиядан кийинки эле эң жаман рецессия болот деп билдирүүдө.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус Женевада сүйлөгөн соңку сөзүндө бүт дүйнөнүн өкмөттөрүн вирусту басаңдатуу үчүн бардык аракетти көрүүгө чакырды.

Азырынча бул ооруга даба болчу вакцина иштелип чыга элек, ошондуктан ага каршы күрөштүн негизги жолдору аралыкты сактоо, беткап кийүү, оору жуккандарды так текшерүү, анын чыккан булагына бөгөт коюу, обочолонуу сыяктуу санитардык-карантиндик чаралар болуп жатат. Бул чаралар унутула баштаганда вирус кайра күчөп чыгарын Европадагы кырдаал көрсөттү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыр түбү эффективдүү вакцина чыгарына ишенип жатат, бирок аны ойлонткон маселе -вакцина керектүү масштабда чыгып, акыйкат бөлүштүрүлүп, элге жеткиликтүү болобу?

Бул татаал маселе: ДССУнун глобалдык программаларында дарылоо жана вакцина он пайызга гана каржыланат. Ошол эле убакта бай өлкөлөр өздөрүнүн вакцинасын сыноодон өткөрүп, аны көп камдап алуунун аракетин көрүүдө. ДССУ өз кезегинде муну «вакцина улутчулдугу» катары сынга алып жатканы белгилүү.