You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: Дарынын дарты өттү
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда коронавирусту дарылоого дары-дармектер жетишсиз болууда. Мамлекет бейтапканаларда бир нече айга запас камдамай болгон менен азырынча ишке аша элек.
Дары маселесине келгенде да жарандар бири-бирине жардам берип, ар ким ар кандай жол менен таап жатат.
"Анарбек Кыргызстанга кетип жаткан кишилерге ташып жүрөт. Айпери болсо ошол кишилерди таап, уюштуруп берип жатат. Келчү кишилерди тапканга убакыт кетип атат", - деген Арген Москвадан ыктыярчылар аркылуу дары алдырып жатканын айтып берүүдө. Өзү режиссер. Акыркы күндөрү Бишкек менен Чуй жабыла издеген "Фраксипарин", "Клексан" деген дарыларды зарыккандарга издешип таап берген ыктыярчы.
Коомдук тармакта ачкан баракчасына дары издегендер кайрылат. Аларды Москвадагы ыктыярчылар менен байланыштырат.
"Дос баламдын апасы катуу ооруп калды. "Фраксипаринди" издеп баштаганбыз, көрсө аны элдин баары издеп жатыптыр. Бишкекте дары жок. Бир жолку каттамда эки студент бала учак учаардан 4-5 саат мурда табылып, ала кетебиз, бирок акчабыз жок дешти. Бишкекте түнкү саат бир, Москвада тогуз, саат ондо бардык дарыканалар жабылат. Бизге дары сурап кайрылган адамдарды Москвадан тааныштарыңарды тапкыла, ойготкула акча берип турсун деп бир сааттын ичинде акча таап, даарыканаларды кыдырып чыгышты. Эки адам үчтөн гана алып келе алат. Бизден он сегиз адам дары күтүп жаткан. Баары оор абалда болгон үчүн 4-5 ампуладан бөлүп алышты", - деп айтып берди Арген.
Ыктыярчылар аптасына бир жолу Москва-Бишкек келип жаткан чартердик каттамда дары ала кетчү кыргызстандыктарды издешет. Аргендин айтымында, дарыны издеп кайрылгандар төрт миңге чейин жетип кетет. Ал эми дарыны алып кете алам дегендер өтө эле аз чыгат дейт.
Бул дарылар Орусияда орточо 3000 миң рубль турса, Бишкекте үч эсе кымбат болуп жатат.
"Негизи биздеги баа деле ошондой болчу. Бирок алып сатарлар кымбат кылып жиберишти. Дарыканалар кутусу менен эмес, бир ампуладан бөлүп сата башташты, - дейт Арген, - Бир ампуланын базар баасы орточо 500 сом болсо, 1700гө чейин чыкты. Анда он ампула 17 миң сом! Бирок азыр бул баа жок, кайра түштү. Бирок алып сатарларда бир ампула 1000 сом болуп жатат".
Оор абалдагыларга жардам бергиси келген ыктыярчы дарыны алып саткандарга да туш болбой койгон жок. Мисалы, коомго таанымал бирөө Орусиядан 5000 долларга "Фраксипарин" жана "Клексан" алып келген. Андан да бирин-экин өтө муктаждарга арзаныраак алып бергенге аракет кылган.
Ошентип Арген билдиргендей, санаалаштары менен күнү-түнү Москвадан учуп келчү киши издеп, күйүгүп көрсөтүп жаткан жардамы зарыккандардын миңден бирине гана жетет.
Өкмөттүн дарылары эми келет
Коронавирус бейтаптары ооруканада дарылардын баарын акысыз алууда. Дары издеп, чуркагандар үйдө ооруп жаткандар. Саламаттык сактоо министрлигине караган Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин башкармалык башчысы Жылдыз Жумагулова жетишсиз болуп жатканынын биринчи себеби дарылардын үч пайызы гана Кыргызстанда өндүрүлгөндүгүндө деди. Ал эми экспорттогон кайсы гана өлкө болбосун биринчи өзүн камсыздаганга аракет кылат.
"Бизге келип жатат, бирок ошол да аз болуп калууда. Мисалы, кечээ жакында "Неман" фирмасы 15 миң "Гепарин" алып келди эле бир-эки күндө эле түгөнүп калды, - деди Би-Би-Сиге Жумугалова, - Аймактарга да алып кетти, бирок Бишкекте дароо эле жок болуп калды. Чынын айтканда элдин дүрбөлөң түшкөнү да себеп болуп жатат, керек болбосо деле сатып алып жаткандар бар. Бишкекке тарагандан кийин кечинде коомдук тармактарда "Гепарин" сатам деген жарыялар пайда болду".
Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат дары базарында кызыл кулактык кылгандарга чара көрүп жатканын айтууда.
Жылдыз Жумагулова бул дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү менен гана сайыш керектигин эскертти.
Ал эми ооруканалар аталган дарыларды эми гана сатып алып жатат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бөлүп берген акчага ар бир бейтапкана өзү тендер өткөрүп, сатып алат. Кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги сатып алууну үч апта мурда баштаган. Бир-эки күндө тендер жыйынтыкталат. Бирок фирмалар керектүү жерге жеткирүү үчүн 20-40 күн кетиши мүмкүн экенин Жумагулова билдирди.
Клиникалык протоколго ылайык, дарынын сегиз түрү керек. Анын экөөнү Өзбекстандан алып келгени жатышат. Айрымдарын Иран менен сүйлөшүп жатышат.
Саламаттык сактоо министрлиги дарыканалардагы коронавируска тиешелүү дарылардын баасын жөнгө салуу боюнча өкмөткө сунуштарды берип жатканын кабарлады.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дары сатып алууга бейтапканаларга өткөн жума күнү 130 млн сом бергенин анын төрага орун басары Клара Өскөнбаев маалымдады.
"Ооруканалар азыр өздөрү издеп, фармацевтикалык фирмалар менен келишимдерди түзүп жатышат. Чынын айтканда, канды суюлтуучу негизги дарылар жок болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги да республикалык бюджеттен сатып алып жатат, бирок биз аны күтпөй өз алдынча да ала бергиле дедик. Жеке коргонуучу каражаттардын он күнгө жетчү запастары бар. Бирок улам абал өзгөрүп жатат, улам ар жерде жаңы орундуктар түзүлүп жатат", - деди Өскөнбаева.
Жогорудагы расмийлердин сөзүнөн түшүнүктүү болгондой, бейтапканаларда дары-дармектин запасы жок.
Азыр таңкыс болуп, баасы асмандын башын чапчып жаткан дарылар кан суюлтуучу дарылар. Алар Биринчи жана экинчи дарылоо протоколунда болгон эмес. Июлдун башында кабыл алынган үчүнчү клиникалык протоколго кирди.