You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусияда референдум колдоо тапты: Путин 2036-жылга чейин бийлик жүргүзө алат
Орусиянын БШКсы Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөрүлгөн добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жарыялады. Маалыматта айтылгандай, өзгөрүүлөргө "макул" деп добуш бергендер 77,92%.
Добуш берүү алдында президент Владимир Путин активдүү катышууга чакырган эле.
Пандемиядан улам Орусия бийлиги элдин шайлоо участкаларында топтолушун алдын алып, добуш берүү бир аптага уланды. Референдум легитимдүү болушу үчүн көп сандагы шайлоочулар катышып берүүсү керек.
Конституциялык өзгөрүүлөр референдумда колдоо тапса, 67 жаштагы Владимир Путин кайрадан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтө алмак. Баш мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүлөрдөгү көпчүлүктүн көңүлүн бурган дал ушул маселе болду. Бул жободо Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыкмакчы.
Владимир Путин 1999-жылы бийликке келип, 2008-2012-жылдары премьер-министр катары иштеди. 2012-жылы шайлоодо жеңип, президент катары ант кармады. 2018-жылы өткөн шайлоодо Путин добуш берүүчүлөрдүн 76 пайызынын колдоосун алган.