You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Владимир Путинге 36 жыл бийликте отурууга жол ачкан референдум
- Author, Эва Онтиверос
- Role, BBC World Service DigiHub
- Published
"Путин болбосо, Орусия жок болмок!". Мындай көз карашты Кремлдеги расмийлерден тарта, миллиондогон орусиялыктар колдойт. Дал ушул себептен Путин ондогон жылдары бою президент жана премьер-министр кызматын аркалады.
Эми добуш берүүчүлөр Конституциялык өзгөрүүлөрдү референдумда колдосо, 67 жаштагы Владимир Путин кайрадан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтө алат.
Пандемия шартынан улам 1-июлда өтө турган добуш берүү жараяны эмитен эле башталды. Орусия бийлиги элдин шайлоо участкаларында топтолушун алдын алууда. Бирок референдум легитимдүү болушу үчүн көп сандагы шайлоочулар катышып берүүсү керек.
Президент Путин эмнени көздөп турат?
21-кылымда Орусияда бир гана лидер болду. Владимир Путин 1999-жылы бийликке келип, 2008-2012-жылдары премьер-министр катары иштеди. 2012-жылы шайлоодо жеңип, президент катары ант кармады.
Путин шайлоого барам деп ачык жарыялаган жок. Ошол эле учурда шайлоого барбайм деп дагы айткан жок. Бирок Путин бийликти алмаштыруу үчүн Орусия жетиштүү өнүгө элек деген пикирин билдирген.
2018-жылы өткөн шайлоодо Путин добуш берүүчүлөрдүн 76 пайызынын колдоосун алган. Ага карабастан соңку жылдары Путиндин рейтинги түшүп жатканы байкалууда. Пандемия түзгөн экономикалык кыйынчылыктардан кийин Орусия лидеринин рейтинги дагы төмөндөйт. Эксперттер дал ушул себептен Москва коронавирус коркунучуна карабастан референдум шашылыш өткөрүүдө дешүүдө.
"Калктын басымдуу бөлүгү Путиндин шайлоого кайра катышканына каршы болушпайт. Аны жактырбагандар бар, бирок көптөр Путинди Батышка туруштук берген, күчтүү лидер катары санайт. Ошол эле учурда шайлоодо алтернатива жок болгону дагы белгилүү",-дейт Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Сара Рэйнсфорд.
Бийликке алып келген жол
СССР ыдырап, КГБда иштеген Владимир Путин Санкт-Петербург шаарына кайтып келген. Ал шаардын мэри Анатолий Собчактын оң колу болуп иштеген.
Собчак - Горбачев жана Ельциндей эле Советтер Союзунун урап түшкөнүнө салым кошкон. Реформатор деп саналган Собчак катардагы КГБ офицерине саясий кызмат берген адам катары таанымал. Собчак бул кадамга эмнеге барганы белгисиз бойдон калды.
Собчак бийликтен кулаганда Путиндин карьерасы токтоп калган жок. Тескерисинче, ал жаңы элита менен тил табышып, жогорку кызматтарга дайындалды.
Орусия Федерациясын Борис Ельцин башкарып турганда, бийлик олигархтар менен тыгыз кызматташты. Борис Березовский сыяктуу бизнесмендер Ельцинди колдоп, шайлоо учурунда көп каражат жумшаган.
1999-жылы президент Ельцин Владимир Путинди премьер-министр кызматына дайындаган.
Күтүүсүз жерден президенттик кызматка келген Путин
Ельцин 1999-жылы 31-декабарда кызматтан кетип жатканын жар салган. Путинди Березовский сыяктуу олигархтар колдоп, 2000-жылы март айындагы шайлоодо жеңишке жеткен эле.
Ельциндин айланасындагы саясий күчтөрү Путиндин дайындалышына, кийин анын шайлоодо жеңишке жеткенине кубанышкан эле. Бирок Путин бийликке келген соң, үч айдын ичинде массалык маалыматтар каражаттарын көзөмөлгө алды. Бул кадам олигарх жана Кремлдеги саясий топторго күтүүсүз болду.
Көз карандысыз НТВ телеканалы жабылып, башка медиа агенттиктер тинтүүгө алынган. Бул кадам Путин катаал башкаруучу болорун көрсөттү.
Медиа айдыңын көзөмөлгө алуу аркылуу Путин сынчылардын оозун жаап, Чеченстандагы согуш же Москвадагы террордук чабуулдарды Кремлдин көз карашы менен элге жеткирип турду.
Мындан ары Орусиялыктар Путин каалаганды гана көрө башташты. Учурда Орусиядагы үч миң телеканалдарды көбү жаңылыктарды көрсөтпөйт. Эгерде саясий темада сөз болсо, аны өкмөт өкүлдөрү алдын ала текшерет.
Орусияны толугу менен көзөмөлгө алуу
Президент Путин региондорго өзүнө жакын кишилерди дайындап, бара-бара Орусиянын 83 аймагын көзөмөлгө алды. 2004-жылы регионалдык шайлоо жокко чыгарылган.
Анын ордуна Путин үч талапкерди сунуштайт, регионалдык кеңеш болсо алардын арасынан лидерди тандайт.
Сынчылар Путин "демократия өлтүрдү" деп айтканы менен, бул стратегия мыкты иштеди. Өзгөчө Чеченстан сыяктуу аймактарда.
Мурдагы Совет өлкөлөрүнө көзөмөлдү күчөтүү
Украинада ыңкылаптан кийинки башаламандык учурунда Путин Крым аймагын басып алууга жетишти. 2014-жылдагы Путиндин тактикасы ири жеңиш катары саналат.
Дүйнөлүк коомчулуктун нааразылыгына карабастан Орусия аскердик кубатын көрсөтүп, коңшу мамлекеттин аймагын басып алды.
Крым аймагынан тышкары Орусия ондогон жылдар бою КМШ өлкөлөрүнө көзөмөлүн күчөттү. 2008-жылы Грузия менен болгон тиреште дагы Орусия жеңишке жеткен. Айрым эксперттердин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк аренада Орусиянын уруксаты менен гана чечим кабыл алат.
Владимир Путин бийликке келгенден бери Орусияны мурдагыдай кубаттуу мамлекетке айлантты деген пикир бар. Ошол эле учурда Путин жаңы доордогу императордун имиджин түзө алды.
Дал ушул себептен СССРдин курамына кирген өлкөлөргө көзөмөлдү күчөтүү керек эле. Калктын басымдуу бөлүгү Путин Орусиянын мурдагы жерлерин кайтарып берди дешүүдө.
Учурда Путин Орусиядагы эң популярдуу саясатчы. Бирок 2024-жылы лидердин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болорун азырынча айтуу кыйын. (AT)