Назира Артыкова: Коронавирустун жайылуу коркунучу дагы эле чоң

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
  • Published

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дүйнөнү каптаган пандемиянын алдын алуудагы аракети кандай болгону кызуу талкууланып жаткан чакта, Би-Би-Си аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыковага кайрылып, коронавирустун жалпы эле дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жайылуу деңгээли, анын алдын алуу, көзөмөлдөө, дарылоо тажрыйбасы жөнүндө сурады.

Би-Би-Си: Пандемиянын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз өкмөтү менен Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн иштин сапатына ДССУнун берген баасы кандай?

Н. Артыкова: Бул эң башкы суроо болуш керек. Көп адамдар Кыргыз Республикасында Covid-19 кандай башталганын көп этибар албай жаткандай. Бул оору бизге келе электе эле Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөт бизден кеңеш сурап кайрылган. Биз бардык донорлор жана өнөктөштөр, саламаттык сактоонун бардык кызматтары менен биргелешкен кеңешмелерди өткөрдүк. Эң башкысы республикалык штаб түзүлүп, бардык проблемалар ачык талкууланып жатты. Бул биздин иштин эң маанилүү жагы. Ооругандар, айыккандар жана каза болгондор жөнүндө маалымат күнүгө элге жеткирилип жатат. Бул дагы абдан маанилүү. Анткени, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өз кезегинде коронавирустун жайылышы боюнча бардык 199 өлкөдө болуп жаткан кырдаал жөнүндө отчетту өкмөткө берип турабыз. Ошондуктан медициналык кызматкерлерде иште болуп жаткан прогресс менен проблемаларды салыштырып карап чыкканга мүмкүнчүлүк бар.

Кабыл алынган чаралар иштиктүү болуп жатат. Чек аралар жабылды, карантин жарыяланды. Чет өлкөдөн келгендер эгерде алар келген өлкө карантин категориясына туура келсе, анда алар он төрт күн карантинде болушу керек. Андан сырткары ооруган адамдын ким менен байланышта болгону бүт такталып аныкталууда. Бул дагы маанилүү маселе.

Мен медициналык кызматкерлерге ырахмат айтып, ыраазылык билдирип кетейин. Медициналык кызматкерлер коронавирус менен ооругандарды биринчи тосуп алып, алдыңкы чекте жүргөн баатырлар деп айтмакмын. Алар өзүнүн ишине кесипкөйлүк менен мамиле кылып жатышат. Ошондуктан бизде өлүм-житим деңгээли Борбордук Азия регионунда эң төмөн -1,1%.

Ал эми саламаттык сактоо системасы өнүккөн башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч жети-он пайызга чыгып кетти. Ошондуктан, жеке коргонуу каражаттарынын глобалдык тартыштыгына, профилактика чараларынын жана дары-дармектин жетишпегенине карабай, Кыргызстанда бүгүнкү көрүлүп жаткан чаралар жетиштүү. 2020-жылдын январь айында башталган иштер ошентип өзүнүн ушундай жыйынтыгын берип жатат.

Би-Би-Си: Мына беткап кийүү талаптары жөнүндө түшүнбөстүктөр көп болууда. ДССУнун эксперттери көчөдө өзүнчө жүргөндө беткап кийиштин кереги жок деп жатканда, өкмөт аны элден талап кылып, айып пул салам деп коркутуп жатат. Бул жерде эл аралык уюмдун талабын ким бузуп же ким аткарып жатат?

Н. Артыкова: Бул практикалык түрдө карай турган маселе. Анткени инфекция жуккан адам менен байланышта болгонубузда беткаптар бизди ооруп калуу коркунучунан сактабайт. Беткапты белгилүү бир убакытта гана кийиш керек. Эмне үчүн көчөдө кийгиле деп жатат. Көчөдө бейтааныш адамга эки метрден жакын аралыкта болгондо беткап кийиш керек. Эгер сиз Эркиндик гүлбагында сейилдеп жүрсөңүз же эл көп чогулган базарга, соода борборуна барып калсаңыз, ал жакта милдеттүү түрдө беткап кийиш керек. Эгер сизге бейтааныш адам жакындап келатканын көрсөңүз, бетка кийип алганыңыз туура. Беткап бул үч компоненттин бирөө -бул биринчи кезекте колдун тазалыгы, экинчи - бетке кол менен тийбеш керек жана вирус жугузуп албаш үчүн беткап кийиш керек. Бул Кыргызстандын катардагы жарандарына тийиштүү эреже.

Медициналык кызматкерлер атайын беткаптарды кийиш керек. ДССУ бекиткен өзүнчө түрү бар, бул МН-95 же ФФ2-ФФ3. Бул реанимация бөлүмүндө иштегендер же оорулуу экендиги анык болгон адамдарды карагандар үчүн. Анткени медициналык кызматкерлер оорулуу адамдарды караган учурда алардан жөтөлүү же инкубация убагында бөлүнгөн нерселер менен байланышта болот. Бул жерде эки тараптыкы тең туура, бирок бир күн кечке беткап кийиштин, албетте, кереги жок.

Би-Би-Си: Кыргызстанда өзгөчө абал жоюлуп, карантин чаралары жеңилдегенден кийин Бишкекте эл көчөгө чыгып алды. Нарын областында санитардык аралыкты сактабай жүргөндөр көп болуп жатат. Мунун кандай кесепетин көрүп турасыз?

Н. Артыкова: Чынында эле өзгөчө кырдаал жумшара баштагандан кийин көрдүк, өзгөчө 1-майдан кийин көчөгө эл көп чыга баштады. Коменданттык саат убагында да карантин эрежелерин сактабай бузуп жатышты, натыйжада Бишкекте күнүнө эки-үчтөн эле учур катталып, оорунун жайылышы басаңдай баштаганда, бат эле 23 төн 48ге чыгып кетти. Ошондой эле бизге көп убакыт бою Россия федерациясынын аймагында иштеген кыргыз жарандарын чоң тобун алып келе башташты, алардын ичинде эки категориядагы адамдар болду. Бир каттам менен келгендердин ичинен 78 ооруп келгендер экен, аларга дароо медициналык жардам көргөзүлдү. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар карантинде болушу керек эле. Бирок алар мекенине кайтып келер күндү көптөн бери зарыгып күтүп жаткандыктан карантинди буза башташты. Бул алардын жакындарына жугузуп алуу коркунучу экенин алар түшүнбөй жатат, алар өздөрүнүн жакындарынын, туугандарынын жана курчаган адамдардын өмүрүн коркунучка салып жатат. Ошондуктан Бишкек жана Ош сыяктуу чоң шаарларда вирустун жайылуу коркунучу дагы эле чоң.

Би-Би-Си: ДССУ жеке обочолонуу, карантин чараларын сунуш кылып жаткан чакта элдик дарыгерлер коронавирустун дарылануунун толтура ыкмаларын сунуш кылып жатат. Мисалы, соода кошулуп кайнатылган ысык сууга ооз-мурунду кактоо сыяктуу. ДССУ ушундай чараларды эмне үчүн туура же туура эмес деп өзүнүн бүтүмүн билдирбейт?

Н. Артыкова: ДССУ негизинен далилдүү медицинага гана таянып иштейт. Ошондуктан эгер биз эффективдүү эмес чараларды сунуш кыла турган болсок, биз анда адамдардын өмүрүн, керек болсо бүтүндөй коомду коркунучка кептеп коебуз. Ушуга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көп санда лаборатордук кызматкерлерди, окумуштууларды ишке алып, көп изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Биз далилдүү медицинанын жыйынтыгына гана таянып иштейбиз. Өлкөлөр дагы өз кезегинде өзүнүн кызматын сунуш кылып жатат. Кээ бирөөлөр дарылоонун бир ыкмасын сунуш кылууда, башкалары элдик каражаттарды айтып атат. Ошондуктан азыр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "Solidarity" (Тилектештик) деп аталган чоң иштин башында турат. Кеп клиникалык изилдөөлөрдүн тилектештиги, биримдиги жөнүндө болуп жатат. Негизи адамдарга жүргүзүлгө клиникалык изилдөөлөр биоэтика комитетинин көзөмөлүндө турат. Бирок азыркы глобалдык кырдаалдан улам өлкөлөр ушундай изилдөөгө катышууну өздөрү сунуш кылууда.

"Solidarity" процесси эмнени билдирет. Ар бир өлкөнүн өкмөтү биоэтика боюнча комитет менен кеңешкенден кийин эл аралык уюмдар менен келишим түзөт, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен. Клиникалык изилдөөнүн бардык талаптарын аткарууга милдеттенет, анын ичинде этикалык талаптарын дагы. Өкмөт аны бекиткенден кийин өлкөгө дары берилет. Ошондуктан биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө бул процесске катышууну сунуш кылдык, тийиштүү документтерге кол коююштук, биздин регионалдык офиске жибердик. Жакынкы күндөрдө дарыларды алып калабыз.

Коронавирусту дарылаш үчүн ДССУ кандай препараттарды карап, клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат? Бул биринчи кезекте хлорохин жана гидросикхлорохин, лопинавир жана ритонавир, анын аралаш түрү да бар, иммунноглобулин альфа, ошондой эле эболаны дарылоо үчүн бир убакта колдонулган ремдесивир. Бул препараттардын баары окумуштуулардын көзөмөлү алдында, анын ичинде кыргыз окумуштууларынын дагы. Ар бир оорулуу бул дарыларды колдонууга макулдук берет, эки тараптын тең милдеттери так көрсөтүлөт.Оорулуу дарылоонун бардык талаптарын аткарууга милдеттенет. Дарыгер да, окумуштуу да ошондой милдет алат. Кийин жыйынтыгын чыгарып, кайсы препарат биздин шартта эффективдүү болгонун көрөбүз.

Өзүңүздөр байкагандай, оорунун сценарийи ар бир өлкөдө ар башка болуп жатат. Оору Кытайда кычыраган кышта башталды. Ошондуктан күн ысык же суук өлкөлөрдө температуранын таасири ар кандай болот деп айта албайбыз. Температуранын бул жерде эч кандай мааниси жок. Анткени оору суук өлкөлөр менен катар Араб эмираттары, Египет, же Африка өлкөлөрү сыяктуу күн ысык жерлерде да жайылып баштады. Бул инфекция чек араны билбейт. Бардык өлкөлөрдө оору бирдей эле өтүп жатат, бирок анын жайылыш деңгээли жана көзөмөл деңгээли ар башка болуп жатат. Анткени элдин жүрүш-турушу башка, ар кимдин өзүнүн маданий-этникалык, диний өзөчөлүктөрү бар. Бирок инфекциянын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жалпысынан бирдей эле.

Би-Би-Си: Өзүн өзү обочого алуу, өзүнчө карантин жана социалдык аралык деп атап кеттиңиз. Бул терминдердин маанисин деле баары бирдей түшүнө бербейт экен, ошондуктан чечмелей кетесизби.

Н. Артыкова: Коронавирус диагнозу анык болгон адамдар менен байланышта болгондор баары карантинге алыныш керек. Анын мөөнөтү он төрт күндөн кем болбойт. Ал эми өзүнчө обочолонуу ар бир өлкөдө ар башка болуп жатат. Мисалы, Кыргызстанда Өкмөт бекиткен чечимге ылайык, коронавирус менен ооругандардын баары стационарда, башкача айтканда ооруканада дарыланышы керек. АКШ, Англия сыяктуу өлкөлөрдө оорулуулар үч категорияга бөлүнүп жатат. Жеңил ооругандар үйүнөн дарыланууда. Оорусу жеңил өтүп жаткан адам үйүнөн дарыланып жатканда аны өзүнчо обочолонуу деп айтабыз. Ал оорулуу дарыгерлердин көзөмөлү алдында болот, бирок өзүнүн ден соолугун өзү карайт.

Социалдык аралык кеңири маанидеги түшүнүк. Кыргызстан сыяктуу шарттагы өлкөлөрдө коменданттык саат убагында бардык жерде социалдык аралыкты сактоо керек. Мекеме-уюмдардын кеңсесинде болгон жыйындардын убагында адамдар чүчкүрүп же жөтөлгөндө бири-бирине инфекция жугузбаш үчүн аларды бири-биринен эки метр аралыкта отургузуу керек. Ошондой эле эл көп чогулган базар, соода борборлору, дарыкана, оорукана, дүкөндөргө барганда да ошондой болууга тийиш. Алардын ортосундагы аралык бир жарым-эки метрден кем болбошу керек. Анан, албетте, колду бат-бат таза жууганды, дезинфекциялык каражаттарды колдонгонду унутпаш керек.

Би-Би-Си: Covid-19 инфекциясын дарылоодо антибиотиктер канчалык жардам берет?

Н. Артыкова: Антибиотиктер эч качан профилактика каражаты болгон эмес, аларды максаттуу түрдө ар бир индивидиумдан аныкталган инфекцияга колдонуу керек.

Covid-19 болгон учурда антибиотиктерди колдонуу сөзсүз керек. Алар ар бир интенсивдик терапия палатасында дарыгердин кол астында болууга тийиш. Оорулунун абалы начарлап, оорусу оорлошуп кеткенде мен жогоруда айткан дары-дармектерге кошумча антибиотиктер колдонулат. Эгерде туура колдонула турган болсо, дарылоо чарасы катары алар абдан эффективдүү.

Би-Би-Си: Швеция, Бразиия, Беларус сыяктуу айрым өлкөлөр ДСУнун талабына көнбөй, карантин киргизүүгө барышкан жок. Алардын кээ бири жамааттык иммунитетти тандап алышууда. Ушундай жолдун тобокелдиги канчалык?

Н. Артыкова: Батыш өлкөлөрү ДССУнун сунуш кылган карантин, коменданттык саат киргизүү сыяктуу чараларды кабыл албай койгондо бети-колду бат-бат таза жууп, жеке гигиенаны сактайт деп элдин жогорку аң-сезимине таянды. Бирок, ошого карабастан, аларда дагы оору күчөдү. Санитардык жана гигиеналык деңгээл жогору, бирок оору аларды айланып өтпөдү, ооругандар саны көбөйүп жатат. Беларуста эмне болду. Менин оюмча аларда оору массалык иш чаралардан кийин жайылып кетти. Пасха убагында жапырт майрамдоо болду, андан кийин парад өттү. Азыркы убакта Беларуста кырдаал абдан олуттуу, ДССУ бул жакка өзүнүн миссиясын жиберди, биргелешкен иш чаралар планы иштелип чыкты. Эми анын аткарылышы бир эле өкмөттөн эмес, өлкөнүн ар бир жаранынан көз каранды.

Би-Би-Си: Кыргызстандын жакын коңшусу Тажикстан коронавирустан каза тапкандар саны боюнча региондо алдыга чыкты. Бул өлкөнүн Covid-19ка каршы көргөн коргонуу аракети канчалык өз убагында жана жеткиликтүү болду деп ойлойсуз?

Н. Артыкова: Биз Кыргызстан менен Тажикстанда ишти чогуу бир убакта баштаганбыз. Биздин аракеттер өз убагында башталды, бирок мамиле ар башка болду. Башка өлкөдөн вирус жугузуп келген адамдарды өз убагында диагностика кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберишти окшойт. Ушуга окшогон көрүнүш Өзбекстанда да болду. Оору медициналык кызматкерлердин арасынан чыга баштады. Жайылуунун биринчи учурлары колдон чыгып кеткен үчүн азыр оорунун тарашы жогорку деңгээлде болуп жатат. А каза тапкандар эмнеге көп болуп кетти? Анткени, ооругандарды өз убагында ооруканага жаткырып, дарылаганга жетишпей жатышат. Коронавирусту ого бетер күчөтүп жаткан пневмания, бактериалдык инфекция кошулганда андан айыктыру уоңой болбойт. Бирок азыркы учурда ДССУ ал жакка өзүнүн миссиясын жиберди, ал Өкмөт менен тыгыз иштеп жатат. Аткарыла турган чаралар аныкталып, эл менен өзүнчө иш жүргүзүлө баштады. Жакында Тажикстан менен Өзбекстанда да биз бул кырдаалдан чыгабыз.

Би-Би-Си: Кээ бир өлкөлөр убагында жетиштүү чара көргөн жок деп ДССУну айыптап жатканы белгилүү. Мындай дооматтар Женевада болгон жыйында да көтөрүлүп, ДССУнун коронавирустун жайылышынын алдын алуудагы иш-аракетин иликтөө жөнүндө сунуш колдоого алынбадыбы. АКШ президенти Трамп бир айдын ичинде кырдаал оңолбосо, ДССУну каржылоону таптакыр токтотом деп шарт койду.

Н. Артыкова: Америка дайыма ДССУ үчүн эң жакшы досубуз жана чоң донорубуз болуп келген. Азырынча алардын каржылоосу токтоп турат, эгер ал биротоло токтосо анын зыяны Covid-19 дарылоо ишине тийбейт, андан иммунизация, полиомелит, инфекциялык эмес оорулар боюнча башка программалардын аткарылышы кыйындашы мүмкүн. Бирок биз эмоциялык талаш-тартыштар артта калды деп ойлойбуз, жакын арада каржылоо кайрадан жанданат деп ойлойбуз.

Мен айтып коюшум керек, АКШ көптөн бери эле Covid-19 программасын каржылап келатат, анын ичинде Кыргызстан дагы америкалык каражаттарды алып, аны ийгиликтүү пайдаланып жатат. Аны токтотуу боюнча бизге эч ким эчтеке деп сөз айткан жок, ошондуктан азыркы кырдаалда өзгөчө деле эч нерсе жок, баары жакшы.