Пандемия маалында абактан бошогондор жана кылмыштуулук

Сүрөттүн булагы, AFP
Пандемия ири шаарлардагы кылмыштуулукту кескин кыскартканы байкалды. Анткени көчөлөр бош, кылмышкерден жабыркагандар дээрлик жок.
Бирок АКШнын Нью-Йорк аймагынын полиция жетекчилиги карантинди алгандан кийин кылмыштуулук өсүп кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө. Полиция жетекчиси Дермот Шей жергиликтүү Wall Street Journal басылмасына берген интервьюсунда Американын абактарынан миңдеген кылмышкер чыгарылып жаткандыктан ушундай коркунуч бар экенин айткан. Вирустун тарашына жол бербөө максаты менен абактагыларды чыгарууга туура келген.
Пандемиядан улам Нью-Йоркто 1600 чамалуу киши түрмөдөн бошотулду. Алардын кайсыл бир бөлүгү мурдагы жолойуна кайра түшүп, 50 киши кайра абакка камалды.
Убактылуу боштондукка чыккандар арасында порноактриса Сторми Дэниэлстин мурдакы адвокаты Майкл Авенатти дагы бар. Сторми буга чейин Дональд Трамп менен мамилеси болгонун, 2016-жылдагы шайлоо алдында бул тууралуу унчукпоо үчүн 130 миң доллар төлөгөнүн айтып чыккан. Эки жыл мурун Авенатти теле экрандан түшпөй, Трампка атаандаш болуп чыгууга олуттуу киришип калган. Бир нече ай мурун Nike компаниясынан 20 млн доллар пара алууга аракет кылган деп айыпталган. Пандемия убагында убактылуу үй камагына чыгарылды.
Үйүнө убактылуу жөнөтүлгөндөрдүн бири Трамптын шайлоо штабынын мурдакы жетекчиси Пол Манафорт. 71 жаштагы Манафорт бир нече кылмыш боюнча айыпталган. Анын ичинде Виктор Янукович менен кызматташкан жашыруун иштери бар. Ал салыкты жашырган, банк мыйзамдарын бузган деп айыпталган.
Коомдук сайттарда Лос-Анжелестеги түрмөдө камактагылар бир кружкадан ысык сууну кезектешип ичип жатканы тартылган кадрлар жайнап жүрөт. Абактагылар эптеп дене табы көтөрүлсө, кыскасы вирустун белгилери байкалса, ошону менен убактылуу бошоп кетүүгө аракет кылып жатканы айтылды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Вирустан улам Нью-Йорк мафиясынын кримтөбөлдөрү дагы бошоп кеткен учурлар бар. Апрелдин орто ченинде "Боннано" кланынын анабашы 85 Винни Асаро мөөнөтүнөн мурун бошоду. Кримтөбөл убагында Кеннеди атындагы аэропорттогу авиакомпанияны тоноп, уламышка айланган. Анысын кийин тасма кылып дагы тартышкан.
Бул окуя 1978-жылы болгон. Бирок Асарону ошондогу кылмышы үчүн 2015-жылы гана соттошуп, аягында аны акташкан. Асаро бирөөнүн мүлкүнө атайлап зыян келитрген деген айып менен 8 жылдан бери абак жазасында эле.
Апрелде коронавирустан улам "Люккез" кланынын "жоокери" 59 жаштагы Юджин Кастелли бошотулду.
Марттын соңунда New York Post басылмасы коронавирус мафияга катуу сокку урганын жазып чыккан. Андагы айтылган пикирлерде, мафия негизинен опузалап акча талап кылуу жана спорттук тотализатордон жан багат деп айтылат. Пандемияга байланыштуу миңдеген ресторандар жана курулуш компаниялар жабылып, эч кимди карактоого, опузалап акча алууга мүмкүн болбой калды. Спорттук чоң иш-чаралар, таймаштар кан буугандай токтоду. Эми мафия баңгизат соодасын күчөтөт деп болжошкон. Анын дагы булактары бөгөлүп калды. Негизи мафия таштандыларды чыгаруу аркылуу дагы каражат таап келгени айтылып жүрөт. Азыр мындай компаниялар дагы иштебей жатат.
Марттын орто ченинде Нью-Йоркто өзгөчө абал киргизилгенде шаардагы олуттуу кылмыштар саны кескин кыскарды. Камакка алуулар мурдагынын жарымын эле түзүп калган.
Бүтүндөй өлкө боюнча үй-бүлөдөгү зомбулук күчөгөнү тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Экономикалык оорчулуктар бул маселени андан бетер күчөтөт деген чочулоо бар.
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги эпидемия маалында алдамчылар күчөгөнүн эскертти. Алар элге берилген өкмөттүк жардамды азгырып алуунун амалын кылып жатканы айтылды. Жасалма дары-дармектерди саткандар бар.
Өткөн аптада нигериялык кылмыштуу топ америкалыктардын купуя маалыматтарын алып, жумушсуздук үчүн жөлөк пулга тапшырып, жүз миллиондогон долларды жулуп кеткени айтылды. Ишембиде автотранспорт компаниясынын жетекчиси камакка алынды. Ал дагы мамлекеттен алган 107 кызматкеринин айлык акысын толук жеткирбей, кымтып алганы үчүн айыпталды.
Вашингтон учурда жарандарына колдоо көрсөтүү жана экономиканы куткарып калуу максатында триллион доллар жардам пакетин сунуштаган. Кылмыш дүйнөсүндөгүлөр дагы мындан пайдаланып калууга аракет кылып жаткандай.
































