Пандемиядан кийинки футбол кандай болот? Бундеслиганын алгачкы оюндары

16-майдан Германиянын футбол чемпионаты башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 16-майдан Германиянын футбол чемпионаты башталды
Published

Болжолу Англия премьер-лигасынын оюндары 8-июнда башаталат деп күтүлүүдө. Бирок так датаны эч ким айта элек. Ошондой эле Испания жана Италия чемпионаттары уланмакчы.

Орусиялыктар чемпионатын 21-июнда кайра жандантууну чечти. Негизги чемпионаттардан Франция гана аягына чыкпай, мөөнөтүнөн мурун жыйынтыктады.

Нидерланддар менен Бельгия дагы чемпионатын токтотушкан. Ал эми улантыла турган беттештер күйөрманы жок өтөт. Ошондой болсо дагы телетрансляцияга үмүт артып жатышат. Анткени андан түшкөн каражаттар европалык клубдар үчүн маанилүү болуп турат.

Бундеслиганын оюндары башталды

16-майдан Германиянын футбол чемпионаты башталды. Беттештер күйөрманы жок, бош стадиондордо өтүп жатат. Европа мурдакы жашоосуна кайтты дегенибиз менен көптө барып анан толук нугуна түшчүдөй.

Алгачкы болуп беттешкен Дортмунд командалары "Боруссия" менен "Шальке" беттешинде футболчулар мурдакыдай саламдашкан жок. Мурда трибунадагы күйөрмандардын ызы-чуусунан угулбаган үндөрдү угууга мүмкүн болду. Айталы, калыстын үнү, футболчулардын кыйкырыгы сяктуу.

Так выглядела скамейка запасных дортмундской "Боруссии", и к такой телекартинке в 2020-м придется привыкнуть всей Европе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Боруссиянын" алмашуудагы оюнчулары олтурган жай

Беттешин 29-минутасында "Боруссия" чабуулчусу Эрлинг Холланд биринчи голду киргизди. Бирок мурдакыдай майрамдабай, оюнчулар социалдык аралыкты кантип сакташ керек экенин көрсөттү.

Германия коронавирустун жайылышын оздуктай алган үчүн гана футбол беттеши уланып жатат. Өлкөнүн футбол ассоциациясы дагы так планын түзүп, өкмөттүн кароосуна жиберген. Планды өкмөт жактыргандан кийин гана беттештерге уруксат берилди.

Телевидение кызматкерлери бош турган стадиондо иштесе дагы беткап тагууга милдеттендирилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Телевидение кызматкерлери бош турган стадиондо иштесе дагы беткап тагууга милдеттендирилди

Ага ылайык, оюнчулар, машыктыруучулар тынымсыз тесттен өтүп, санитардык эрежелерди катуу карманышат. Командалар оюн талаасына чогуу чыкпай, кезектешип чыкты. Алмашуудагы оюнчулар бет кап менен социалдык аралыкты кармап олтурушту. Эми бир топко чейин ушундай футболду көрүүгө туура келет. (AbA)