You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 2,5 миллион, Трамп грин-картага тыюу салат
Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 2,5 млн жетип, көз жумгандар 175 миң болду. Вирус өтө көп жайылган өлкө - АКШ. Бул өлкөдө 820 миңдей киши вируска кабылган жана өлүм житим көп болууда.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына боюнча эң аз катталган өлкө Йеменде болуп, бир эле жарандан табылган. Ошол эле маалда вирус такыр катталбаганын айткан дагы өлкөлөр бар.
Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус аныкталган дагы 22 учур белгилүү болду. Өлкө боюнча вирус жуккандардын жалпы саны 612 кишиге жетти. Анын ичинен жетөө көз жумду, 254 бейтап айыгып чыкканы айтылды.
Трамп грин-картага тыюу салат
Ал ортодо АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска байланыштуу иммиграцияны эки айга токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алды. 60 күндөн кийин убактылуу чектөө алынабы же узартылабы, аны карап көрөбүз, деди Трамп басма сөз жыйынында.
Анын айтымында, чектөөлөр АКШдан туруктуу жашоого уруксат алууга берилген грин-карта ээлерине тиешелүү. Бул чектөөлөр америкалыктар үчүн жумушчу орундарын сактоо чарасы катары киргизилүүдө, деп кошумчалады Трамп. New York Times басылмасы бул чектөө жүз миңдеген кишилерге таасирин тийгизерин жазды. (AbA)