You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Covid-19 жөнүндө Кытайдын бузуку маалыматын тараткан": Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтотту
АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бюджетине АКШнын төлөмдөрүн токтото туруу жөнүндө буйрук бергенин жарыя кылды. Анын айтымында, дүйнөлүк уюм коронавирустун пандемиясын токтото алган жок.
"Иштин чындыгы ушул, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалыматты жетиштүү деңгээлде алган эмес, текшерген эмес жана аны өз убагында ачык-айкын таркаткан эмес",-деп билдирди Трамп Ак үйдөгү өзүнүн соңку басма сөз жыйынында. - ДСУ өлкөлөр менен иштегенде саламаттыкка эл аралык коркунучтар жөнүндө так маалымат өз убагында берилет деп бүт дүйнө карап турат, эгер андай болбосо, анда эмне болуп жатканы жөнүндө чындыкты дүйнөгө өз алдынча жеткирет. ДСУ өзүнүн милдетин аткарган жок жана жоопко тартылышы керек. Ондогон жылдардан кийин буга убакыт келди".
Президенттин айтымында, БУУнун агенттиги кытайдын бурмаланган маалыматын таратып, натыйжада ал эпидемиянын ири масштабына алып келди.
Трамп вирустун Кытайдан сырткары дүйнөгө жайылышына алып келген окуяларда ДСУнун ролу аныкталмайынча аны каржылоону токтото турууга буйрук берди.
АКШ - ДСУнун каржылоосунда ири булак болуп саналат. Өткөн жылы эле анын взносу 400 млн доллар же уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш өз кезегинде азыр - "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун же вирус менен күрөшүп жаткан башка гуманитардык уюмдун каржылоосун токтото турган учур эмес" деп билдирди. "Азыр - биригүүнүн убагы, бул вирусту ооздукташ үчүн жана анын кырсыктуу кесепеттерин жоюш үчүн эл аралык коомчулуктун бирдиктүү иштей турган убагы",-деп сүйлөгөнүн "Рейтер" агенттиги таратты.