You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор сыноо
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш коронавируска байланышкан абалды Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле оор сыноо катары атады.
Гутерриш бул сөзүн БУУнун Covid-19 вирусунун социалдык-экономикалык кесепети боюнча жыйында айтты. Учурда дүйнөдө дээрлик 860 миң киши вируска жуктурду, 42 миңден ашуун адам көз жумду, 178 миңден ашуун киши вирустан сакайды.
"Жаңы коронавирус коомдун негизги принциптерине сокку урду. Вирус адамдын өмүрүн алып, күнүмдүк тиричилигине коркунуч жаратууда. Covid-19 вирусу Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндөн берки эң оор сыноо болуп калды",-деди Гутерриш.
АКШда 3800дөн ашуун адам көз жумуп, өлкө бул жагынан Кытайдан өтүп кетти. Johns Hopkins университети кошмо штаттарында 188 миңден ашуун киши вируска кабылганын билдирди. Вирусту жуктургандар саны боюнча Италия экинчи орунда (105 миңден ашуун), үчүнчү орунда Испания турат (95 миңден ашуун). Коронавирус жайыла баштаган Кытайда вируска чалдыккан бейтаптардын саны кыскарып жатат, өлкөдө 82 миңден ашуун кишиге диагноз коюлган.
АКШ президенти Трамп алдыдагы эки апта Америка үчүн абдан оор болоорун эскертти. Трамп администрациясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча координатору Дебора Брикс өлкөдө 100 миңден 240 миңге чейин адам вирустан улам көз жумушу мүмкүн экенин белгиледи.
Орусияда болсо 73 региондо 2337 учур катталган, 22 адам көз жумду. Коронавирус түзгөн коркунучтан улам Орусиянын бийлиги дагы катаал чараларды ишке ашырууда. Өлкөдө изоляция эрежелерин бузгандарга айып пул салуу боюнча мыйзам каралууда. Москва мэриясы болсо атайын смартфон тиркемесин иштеп чыкты. Ал аркылуу шаар бийлиги изоляция эрежелерин бузгандарды тез аныктамакчы.
Учак ташуучу кемедеги вирустун жайылышы
Ал аңгыча, Американын учак ташуучу "Теодор Рузвельт" аскердик кемесинин капитаны жардам сурап АКШ бийлигине кайрылды. Кемедеги аскерлердин көбү коронавирусту жуктурганы аныкталган.
"Согуш болуп жаткан жок. Аскерлер өлбөшү керек",-деп жазган капитан Бретт Крозье 30-мартта Пентагонго жөнөткөн катында. Аскердик кемеде изоляция эрежелерин сактоо мүмкүн болбогондуктан, кемедегилердин баары карантинге алыныш керек, дейт капитан.
Учак ташуучу "Теодор Рузвельт" кемесинде төрт миңден ашуун моряк бар. Учурда кеме Тынч океандагы Гуам аралдарына жакын аймакта турат. Бул аймакта АКШнын аскердик базасы дагы бар. (AT)